III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 5 миллион 500 миң сомго 356 ат ижарага алынат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, бул аттарды чет өлкөдөн келген конок командалар минип оюнга катышат. Жалпы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн мамлекеттик казынадан
307 миллион сом каралган. Буга кошумча демөөрчүлөр тарабынан 200 миллион сомдой жумшалат.
Алгачкы жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мамлекеттик казынадан 102 миллион сом жумшалган. 2016-жылы өткөн экинчи жолку Көчмөндөр оюндарына өлкө 3 миллиард сом короткон. Жумушсуздуктун айынан жумушка жарамдуу жарандарынын миллиондон ашыгы чет жерде мигрант болуп жүргөн, мугалимдердин, врачтардын айлыгын, карылардын пенсиясын, балдардын жөлөк пулун көтөрүүгө акча тартыш болуп, бюджетинде 20 миллиард сом тартыштыгы бар өлкө өтө ири суммаларды чачып той өткөргөнүнө каршылар көп. "Ушул миллиарддарды завод-фабрикаларды курууга, реалдуу түрдө киреше алып келе турган тармактарга жумшап, жумуш орундарын түзсө пайдалуу болот эле" деп парламент депутаттары да айтып жатышат. Оюн-зоок элдин курсагын тойгузуп, кийимин бүтөбөйт эмеспи.
Оюндун демилгечилери бул иш-чаралар Кыргызга туристтердин агымын өстүрөт, демек, пайда алып келет деп жатышат. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталган 2014-жылдан бери туристтер үчүн өлкөнүн тейлөө сервиси, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери жакшырып кетпеди. Өлкө эң жөнөкөй нерсе – дааратканаларын жакшырта албай жатат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларынын тейлөө сервиси алган акчасына төп келбей, андан көрө Түркияга барып эс алып келүү арзан түшөт деген пикирлерден арыла албай жатат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg