Бишкек шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалиция шаар мэри кызматына бир кезде Бакиевдин "Ак жол" партиясынын мүчөсү болгон, Бишкек шаардык кеңешин 2008-жылы жетектеген Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. БШК шаар башчысын шайлоону 8-августка белгилеген. Оппозициялык “Республика – Ата Журт” фракциясы да, өкмөт башчы да талапкер чыгарбай турганы айтылды. Демек, бул жолу да мэр атаандашсыз шайланат.
Азиз Суракматов 1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 2000-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек мэриясында түрдүү кызматтарда иштеген. 2010-жылы “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Бишкек жана Ош шаарына мэр шайлоодо демократиялык принциптер бузулуп, бир талапкерди атаандашсыз шайлоо өнөкөткө айланууда. Албек Ибраимовду да 2016-жылы Бишкек мэрлигине татыктуу талапкер деп бир добуштан шайлап беришкен. 2017-жылы дагы бир жолу шайлашты. Өлкөдө бийлик алмашкан соң кайра өздөрү аны начар деп кызматтан четтетишти. Шаардык кеңештин депутаттары элдин атынан өкүл болуп шайланышкан. Ал эми шаарга жетекчи шайлоодо алар элдин үнүн, талабын угуп жатышабы?
Буга чейин Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбаев да жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, атаандашсыз шайланган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg