Арстан белгисинин алдында туулган жылдыздар, тагыраагы, Мерген Турган, Асема, Айгүл Чалова 25-июлда туулган күндөрүн белгилешти. 50 жаштын кырына келген Мерген Турган туулган күнүн тоодо тосуптур. “Жаш өйдөлөгөн сайын “ушул жашка чыкканга чейин эмне кылдым? Кандай ийгиликтерге жеттим?" деп ойлоно баштайт экенсиң. “Канча адамды таарынттым, канча адамга таарындым?” деген да ойлор келет экен. Таң эрте бир туугандарым, балдарым, жакын досторум куттуктап маанайымды көтөрүштү. Анан тоого чыгып эс алдык. Быйыл 50 жашка чыгып жаткандыктан, буюрса, күзүндө юбилейлик жеке концертимди тартуулайын деп турам”.
Ал эми 32 жашын тосуп алган Асема өздүк майрамын кесиптештери, санаалаштары менен өткөрдү. "Туулган күнүмдү борбордогу эс алуучу жайлардын биринде кесиптештерим, курбуларым менен белгиледим. Мыкты маанайда, баары сонун болду",- дейт ал. Айгүл Чалова болсо жүрөккө жакын адамдарынын курчоосунда майрамдаганын айтат. “Туулган күнүм өтө мыкты маанайда өттү. Досторумдун чогулуп келип, ак дасторкон үстүндө каалоо-тилек айтканы эле мен үчүн чоң белек болду”,- дейт ырчы айым.