Алып баруучу, тамада, жарандык активист Эркин Рыскулбеков БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү ыктыярдуу өкүлү болду. Бул тууралуу ал төмөндөгүлөргө токтолду:
– Мен буга чейин коомдогу маселелерди талкууга алган көрсөтүүлөрдү алып бардым. Андан сырткары жашоодо деле көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып, жардамга муктаждарга жардам көрсөтчүмүн. Ошол аракетимди баалап БУУнун жетекчилиги мени аталган уюмдун Кыргыз өлкөсүндөгү ыктыярдуу өкүлү катары дайындашты. Мисалы, КМШ өлкөсү боюнча аталган уюмдун ыктыярдуу өкүлү Вера Брежнева, Татарстандыкы Алсу. Эми менин мындан аркы аракетим ВИЧке чалдыккан адамдарды моралдык жактан колдоо, аларды коомдун басмырлоосунан сактоо болот. Ыктыярдуу өкүл болгондуктан бул иште маянасыз эмгектенем.