«Кайра келчи, каркырам», «Ак таң», «Табышмактуу сезим», «Өмүр» сыяктуу ырларды аткарып таанылган комузчу, "Ордо сахна" фольклордук тобунун мурунку ырчысы Гүлзаир Сагынова ак жоолук салынып, келин болду. Ырчы кызды ата-энеси кыргыздын салты менен турмуш жолуна узатышты. “Жолдошум Кумар менен бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөм. Ал Жалал-Абаддан болот. Кыз узатуу тою 17-июлда өттү, үлпөт тоюбуз 8-августка белгиленди. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Чынында мен жалкоомун, мага караганда чыгармачылыгым жөнүндө ал көп ойлонот. “Андай кыл, мындай кыл” деп сүрөп турат”.
Ырчы кызга бакыт каалайбыз. Барган жериңен бак айтып, түгөйүң менен тең кары дейли!