МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


ххх

Ошол күнү Азамат кайра башка камерага которулду. Аны сыртынан сынай карап, ыгы келсе да, келбесе да жөөлөй өтүп уруш чыгаргысы келгендер эми жок болуп калды. Көрсө, түрмөнүн ичинде маалымат тездик менен тарайт экен. “Беспределди токтотуптур, кызылдарга сынбай коюптур” деп Азамат тууралуу ар түркүн кептер айтылып, үн катпаган бул жигитти көпчүлүк сыйлап калышты. Ал тууралуу “дудук болбогондо бир жагын чоюп жүрмөк экен” деп сүйлөшүшөт. Бирок Азамат мындай сыйга да, ошол сыйлап жаткандар дудук болбогондо каардуу түрмө жашоосунда өзүнчө бийликтин бир бутагын бере калмакчы болуп жатышкандарына да кайыл эле. Жок, ал кимдир бирөөнүн сыйына татыш үчүн, же болбосо ушул зектердин үстүнөн карап бийлик жүргүзүш үчүн эмес, тек гана кызына аман жетейин, эрте жетейин деп кылган аракети болчу. Бул жөнөкөй эле жакшы күндөр үчүн болгон күрөш эле. Мейли, ал күндөр азыр алыстыр, бирок ал күндөр келет. Кызына жолукчу күн келет. Башкысы, ал атасын унутуп калбаса экен.


ххх


Нуржан эртерээк туруп Тимур экөөнө таңкы тамак даярдап жаткан. Анан капысынан эсине бир нерсе түшкөндөй шаша-буша барып, Тимурдун шымынын чөнтөгүнөн өчүрүлүү турган телефонун алып, аны жандырды. Жигит болсо азыр тынч уйкуда жатат.

Телефонду алып ашканага келди да, алда нени чочуп күткөндөй аны жанына коюп алып тамак жасап жатты. Адегенде телефонго кат келгенин билдирген чыйпылдаган үндөр чыкты. Анан аз өтпөй эле Айсулуудан чалуу келди. Нуржанды майда калтырак басты. Алуу керекпи? Эмнеге коркот, эмнеге калтырайт? Тимур "аялым жок" дебеди беле. Демек, аялы жок да. Кантип Нуржанды алдасын? Алып “ал уктап жатат, бир аздан кийин чалыңыз” деп коюшу керек. Ушинтип ойлонду да, телефонду көтөрдү.

– Алло,- телефондун ары жагындагы адам Нуржандын үнүн угуп саамга өзүн жоготуп койгондой унчукпай калды. Бир топтон кийин гана “бул ким?” деди чочуган үн менен.

– А бул ким?

– Мен ушул телефондун ээсинин аялы болом. Деги ал аман-эсенби, сен кимсиң? Эмнеге анын телефону сенде?..

Нуржан көзү алайып, турган жеринде катып калды. Анан гана көкүрөгү ачышып, ызага муунуп чыкты.

– Алло, алло!- "мен аялымын" деген адамдын үнү чаңкылдап телефондон жаңыра берди. Ачуусу менен кирип барып көмкөрөсүнөн жаткан Тимурду телефону менен жон талаштыра уруп жиберип кыйкырды “Ал телефонду, аялың чалып жатат”.

Тимур чочуп кетти. Телефонун ала калды, Айсулуунун “алло” деген үнү угулду. Кызыл баскычты басып салды.

– Нуржан, жаным,- андан ары эмне дээрин деле билген жок. Кыз жуунуучу бөлмөнү ичинен бекитип алыптыр.

– Мени кечирчи.

– Жогол, кантип үй-бүлөңдүн башын аттап мага келдиң? Кантип?

– Эмне кыл дейсиң? Мен сени жакшы көрүп калбадымбы?

– Жогол, кет! Үй-бүлөм жок дебедиң беле? Кантип айттың ошону? Акмак!- кыйкырып жатты. Балким, акмак деп Айсулуу айтса, Тимур аны кокосунан өйдө көтөрүп сазайын колуна бермектир. Бирок Нуржандын оозунан чыккан башка жаман сөздөр деле аны таарынткан жок. Тескерисинче, жигит алапайын таппай, Нуржанды эми жоготуп аламбы деген ойдон коркуп турду.

– Нуржан, алтыным, түшүнсөң. Мен... Мен эмне деп актанышты да билбейм. Ооба, менин үй-бүлөм бар. Эки балам бар. Бирок... Бирок мен сени сүйүп калбадымбы. Эмне кылам, айтсаң? Сени таптакыр алдагым келген эмес. Бирок чындыкты айтсам эле менден кача турган болуп жаткансың. Мен корктум. Сени жоготуп алам го деп корктум.

– Жогол!- кыз чаңырып ый аралаш кыйкырды.

– Сага жолугуп каларымды билген эмесмин. Менин күнөөм жок бул жерде. Сени сүйүп каларымды билген эмесмин,- Тимур да жуунуучу бөлмөнүн каалгасын карап алып кыйкырды.

– Жого-ол!- кыз дагы кыйкырып, өпкө-өпкөсүнө батпай солуктай берди.

– Мейли, жоголом. Бирок мен сени сүйөм, Нуржан. Мен акылым менен туура эмес нерсе кылып жатканымды билдим. Бирок өзүмдү башкара албай койдум. Сени көргүм келип, сенин жаныңда жүргүм келип туруп алды.

– Кетчи, Тимур, кет.

Жигит шылкыя басып барып кийинди да, сыртка чыгып баратып ашканага кайрылды. Нуржан жасап жаткан тамак карарып күйүп баштаган экен. Күйүп жаткан газды өчүрүп, жуунуучу бөлмөнүн жанына келип “мен кеттим” деди көңүлсүз. Жооп болгон жок.


ххх


Башка барар жери жок болчу. Үйүн көздөй жөнөдү. Оо, аны жашоосунда болуп көрбөгөндөй ызы-чуу, чыр күтүп жатат. Бирок Тимурга баары бир болуп калды. Бир билгени – эми ал Нуржансыз жашай албайт. Айсулуу, ага чоочун болгон улуу кызы, анан эми эле жылмайганды үйрөнүп келе жаткан уулу да ага Нуржан берген сезимди бере алышпайт. Өзүн-өзү алдап эмне кылат? Сүйүүсүз эле куралган үй-бүлө, сүйүүсүз жаралган балдар... Кантип алар менен жашоого болот? Эмне, адам ушинтип бактысыз болуу үчүн жаралды беле? Бир келген жашоодо ал бактысы үчүн күрөшүүсү керек го. Же сезимдерди жыйыштырып, өзү каалагандай эмес, башкалар каалагандай жашашы керекпи? Тимурдун башы чыңалып ооруп чыкты. Ар кайсыны ойлонуп келе жатып, үйүнө жеткенин да билбей калды. Коңгуроону басты. Ыйдан көздөрү кызарып, шишиген Айсулуу ыза боло эшикти ачты.

– Бети жок!- деди Айсулуу башын чайкап. Көздөрү жашка толо түштү.

– Мейли, мен... Балдарыңды ойлосоң боло?- Айсулуунун бул суроосун жигит жоопсуз калтырды. Үнсүз гана үйгө кирип, бут кийимин чечип жуунуучу бөлмөгө кирип кетти. Бети-колун муздак сууга жууп, күзгүдөн өзүн карады. Күзгүдөн аны жашоосунда толтура катачылык кетирип салган сылаң короз жигит карап турган. “Мээң деле иштебейт” деди ал күзгүдөгү элесине. Көпкө күзгү менен тиктешип турду да, “жок, мен бактылуу болушум керек, эч нерсеге карабай бактылуу болушум керек” деди чечкиндүү.

Каалганы ачып чыга бергенде өзүн араң кармап турган Айсулуу ага атырылып бетин тытып алмакчы болду. Бирок Тимур анын колдорун бекем кармап туруп алды. “Акмак, акма-ак!” ый аралаш үнү алсыз гана чыгат Айсулуунун.

– Болду, балдардын жүрөгү түшөт,- деди Тимур өктөм. Аркы бөлмөдөн чыга калган Айназик коркунучка толгон көздөрү менен карап калыптыр. Кароосуз кала түшүп катуу үндөрдөн чочуп кеткен Байэл жел бешигинде жатып чаңырып ыйлап жатты.


ххх


Бурчта отуруп алып Айсулуу Байэлди эмизип жатат. Маанайы чөккөн. Жанында анын дартын түшүнгөндөй Айназик отурат. Тимур коңшу бөлмөдө кайдыгер гана уктап жатат. Эмне кылат Айсулуу? Кыязы бардык катачылыктар үчүн төлөй турган мезгил келди окшойт. Анан кайрадан аргасыз Азаматты эстеди, андан ажырап Айназиктин көнө албай ыйлаганын эстеди. Түрмөгө кесилип кеткенине деле кол шилтеп келе берди го. А бирок аны, анын кызын өз канынан жаралбаса да чын дили менен жакшы көрө алган, аларга чындап камкор боло алган дал ошол Азамат болгон экен го. Айсулуу, эмне кылып салгансың? Өз жашоосун кайсы жинди ушинтип талкалайт? Өзүн-өзү жемелеп жатты. Бирок ал сүйүү үчүн күрөшпөдү беле. Ал окуган китептер, ал көргөн кинолор сүйүү үчүн күрөшүш керек деген маанини берчү эле го. Күрөшкө үндөштү. Анан? Ушул беле сүйүү? Жеңгенден кийинки ала турган байгеси көкүрөктү өрттөп жаткан өкүнүч беле? Эми кантет? Эми үй-бүлө үчүн күрөшөт. Башка жол жок. Алдыда дагы толтура сыноо тургандыр. Балким, бул башталышы гана. Андыктан чыдаш керек. Тимурду кечирбеске аргасы жок. Аны кечирбей үй-бүлөсүн бузса, Айназикти экинчи жолу атасыз калтырат. Уулу атасыз өсөт. Болгону Тимур өзү биринчи кечирим сурасын. Сураса эле кечирет, балдары үчүн кечирет. Ушинтип ойлонду.

А бул арада болсо Тимур Нуржан тууралуу түш көрүп жаткан. Ошол уйку-соонун арасында жатып Айсулууну эч убакта сүйбөгөнүн, ал төрөп берген балдар ага чоочун экенин чындап сезип жатты. Эмне кылуу керек? Ага чоочун болгон адамдар менен жашоону уланта берүү керекпи же жашоосунда экинчи кайталанбай турган сезим үчүн күрөшүүсү керекпи?..


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Akniet_kg96
2018-07-31 09:27:06
Тимур келосо экен соз жок, Азамат менен жашай берсе жыргап жашамак эми Айсуулу окунгондо пайда жок оз жашоонду озун талкаладын.Азамат байкуш кандай кыйналып жатат кызын коруш учун
+7
bars_wire
2018-07-31 10:32:48
Бир сылаан короз эркектин айынан ушунча адам азап чегип жатат.Эркек эркектей болгондо баары жакшы болмок.Айсулуу айыптуу эмес аны алдап жүрүп боюнда кылган баарына Тимур күнөөлү.
+5
Mart19
2018-08-01 13:46:06
bars_wire,жоок Айсулуу куноолу каталарын жашырган адамдын тагдырын талкалады.Азаматты турмого олтургузду Айсулууга бул аз.Жакшылык корбосун эч.Бироонун айдай баласын айып кылды
+1
azusha2017
2018-07-31 10:41:20
Атасынын башы чоочун имиш ушундайлардын айынан канча бала тируулой жетим калууда дагы жакшы кээ бироолордун бактысына Азаматтай адамдар туш келет
+3
barakcha
2018-07-31 11:04:23
Азаматты каматпай эле койсо болмок.Азаматтын убалы тийип атат сага Айсулуу...Озундон кор!
+2
Shokoladka94
2018-07-31 12:12:59
Суйуун менен жерге кир дей турган адамдар ушул экоо
+1
barmalei
2018-08-01 01:26:59
Кайра эле Азамат менен бирге болушат окшойт. Кызы үчүн Азамат кечирип кайра кабыл алат окшойт.
0
Aidai85
2018-08-04 18:49:22
Кайсы кундору окулууга чыгат бул чыгарма?
0
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан