(Башталышы өткөн сандарда)
Бул тууралуу ал эч кимге, ал тургай уулуна да айткан эмес. Мүнөзү ушундай катуу болчу. Эч качан бири менен жүрөгүндөгүсүн айтып сүйлөшө албаган аял эле. Анткени таяктан, турмуштун урунду-беринди айлампасына уруна берип өзүнүн катуу мүнөзү ого бетер катууланып калган. Жүзүнө былк этип эмоциясы чыкпай мүрзө башына жашырынып келип, кайта жашырынып кетип жүрдү...
Өгөй ата бул жолу жаңылган экен. Мышыктан жугунду талашып ичкен бала ажолор менен табакташ боло турганы анын оюна да келбеген. Жөн гана Аман эмес, Аман Алымбекович болуп алдында эчендер жөргөлөп турарын, чоң-чоң оюндарды айланткан табышмактуу адам болору эч кимдин оюна да келген эмес. Дүйнөдө табышмактуу ген деген нерсе бар эмеспи. Амандын атасы... Профессор Алымбек өзүнүн уулу балдар үйүндө тарбияланып жатканын эчен жылдар билген эмес эле. Аман оор кырдаалда чоңойду. Бирок түбүнөн идиреги бар, акылы күчтүү бала терс жакка кеткен жок. Мектепти мыкты окуду. Өзгөчө так илимдерге кызыкчу. Бала сыяктуу ойночу эмес, китептен баш көтөрбөй отура берчү. Балдар үйүндө тарбияланган бала республикалык олимпиадаларга катышып, аты чыгып калган кезде тагдырында дагы бир бурулуш болду. 16 жашында ал өз атасына жолукту. Атасы профессор экенин билген эле.
Мектептин мыкты окуучуларына арналган кече уюштурулду. Ага профессор Алымбек Абдышевичти чакырышкан эле. Ал диплом берип жатып Алымбеков Аман деген атты окуп, анан өзүн көздөй басып келе жаткан жаш жигиттин үрөйүн көрүп нес болуп калды. Өзү болчу! Өңү-башы, бой-келбети өзү болчу. Жүрөгү өз уулу экенин сезип турду. Дипломду тапшырып жатып экөө тиктешип калышты. Ата көзүн ала качты.
Кече бүткөндөн кийин жанына барды. Өспүрүм жалгыз имараттын чыга беришинде ойлуу турган экен.
– Кандайсың, уулум?- деди ал мукактана. Аманга буга чейин эч ким минтип мээримдүү кайрылган эмес эле. Ушу үндөгү жылуулуктан буттарынан ал кете түштү. Теңселе түшүп тепкичке отура кетти. Кайдан-жайдан келгени белгисиз бир сезим чулгап турду. Атасы да жанына тепкичке көчүк басты. Экөө көпкө отурушту. Бардык сөздөр айтылып бүткөндөй үн катпай бирин-бири түшүнүштү. Бир маалда атасы тамагын кыра жөтөлүп алды.
– Жүрү, биздин үйгө барасыңбы?
Дагы да жүрөгүн титиреткен мээримдүү үн. Аман жаштуу көздөрү менен алдында турган сулууча кишини жалт тиктеп алды. Барам дей албай же бурулуп басып кете албай койду. Намысы, ызасы күчөп бетине түкүрүп туруп айтчусун айтып басып кеткиси келди. Бирок ушу мээримдүү үндөн айрылгысы келбей турду. Акыры акырын башын ийкеди.
– Жүрү анда.
Ошол күнү ал өгөй апасы менен таанышты. Өтө мээримдүү, жакшы аял эле. Аты Айша экен. “Экөөнүн баласы бар болсо керек” деп ойлоду. Бул жерде орду жоктой болуп ичи тарып кетти. Жаңы бир тууганына кандай мамиле жасаарын билбей турду.
Чай ичилип бүткөндөн кийин атасы менен аялы чыгып бир аз күңкүлдөшүп калгандай сезилди. “Башталды” деди жедеп кагуудан көңүлү калган бала. Ордунан туруп өзү эле басып кете турган болгондо экөө чыгып калышты.
– Сен кайда?
– Интернатка...
– Ушу сааттабы, сага бөлмө даярдап койдук. Бүгүн жатып эс ал, сүйлөшөлү, анан кет,- деди тиги аял. “Баары бир батырбайсың да” дегенсип ишенбей тиктеп турду. Аял эмнегедир жакын келип, маңдайынан сылап кучактап, маңдайына түшкөн чачтарын оңдоп койду. Көңүлү жибип кеткен Аман буттарын чечип туруп калды.
Эртең менен ойгонуп ал кайда жатканын билбей калды. Жумшак керебетте, бир жагымдуу атмосферада жатканын сезди. Ашканадан даамдуу тамактын жыты келип жатты. Ордунан туруп жуунганы бара жатып аялдын үнүн укту.
– Кудай, балким, бизге бала бербеген себеби ушудур. Жылдар бою Кудайга жалынып жатып балалуу боло албадык. Балким, Аманды бизге атайын жиберип жаткандыр. Айталы, биз менен жашасын. Баары бир сенин каның! Көнүшүп кетесиңер.
Аман канчалык кулак төшөп турса да, атасынын үнүн уга албады. Ташталган баланын көңүлү назик болот эмеспи. Эгерде ошол учурда атасынын аялын кубаттаган үнүн укса, ошол үйдө калып калса Амандын тагдыры, балким, башкача болмок. Ызасы башына тээп чыкты. Ашкананын эшигин шарт ачып атасын ыза аралаш “Мага сенин эч нерсеңдин кереги жок. Мени менен экинчи жолукпа” деди да сыртка атып чыкты. Ыйлап бара жатты өспүрүм. Атасын тапканына эмес, кайра жоготкону үчүн ыза болду. Дилинде кечээки мээримдүү үн жаңырып турарын билип, ошол үнгө куса болорун билип ыйлап бара жатты. Кийин атасы көп жолу келди, өгөй апасы суранды, бирок Аман көшөрүп алардыкына барбай койду. Ошол убактан бир-эки жыл өткөндөн кийин атасы кайтыш болуп калганын укту. Ага кат таштап кетиптир.
“Аман, мен сени уулум деп айтканга татыктуу ата боло албадым. Сени кайсы шамал айдап балдар үйүндө өскөнүңдү да билбейм. Апаң Зейнепке мен мажбур болуп баш коштум. Ата-энелерибиз курсакта экенибизде бел куда болушкан экен. Ошол сокур салт менен үйлөнтүп коюшту. Көңүлүм каалабаган адам менен жашап, андан уулдуу болуу мен үчүн азап эле. Анан да илимий иштерим ар дайым үй-бүлөмдөн баалуу болчу. Ошол үчүн сен үч жашка чыкканда апаң экөөбүз ажырашып кеттик. Кийин башка өлкөгө кеттим. Апаңды, сени эсимден чыгарып койдум. Катуу сүйүп, азыркы аялыма баш коштум. Бакытты баары бир өксүк кылып коёт тура, биз балалуу боло албадык. Тагдыр, балким, мени сени унутуп койгонум үчүн ушинтип жазалады. Сенден кечирим сурагым келбейт. Мага кечирим жок экенин өзүм да билем. Сенин менин үйүмдө жашашыңды аябай каалагам, бирок өзүмдү өзүм ушинтип жазаладым көрүнөт. Сен мени туура эмес түшүнүп алдың. Мүнөзүң апаңды тартыптыр. Катуу экенсиң. Кантсе да сени таптым. Артымдан сага окшогон уулум каларын ойлогондо көңүлүм жай боло түшөт. Күчтүү инсан болосуң, бирок күчтүү болгондон көрө бактылуу болууну чеч. Сага айтар насаатым, кеңешим жалгыз ушу”.
Аман акыркы жайга атасын өз колу менен узатты. Кийин өгөй апасы менен жашап калды. Эгерде Аманда боорукерлик, адамгерчилик, марттык бар болсо, анын баары ошол аялдын эмгеги. Өзү бала деп зар какшаган ал Аманды өз баласындай кабыл алды. Эң мыкты университетке өткөрдү. Чет тилдерди билүү үчүн курстарга жаздырды. Психологдорго алып барды. Дилин, мүнөзүн жумшартканга аракет кылды. Аман да ачылып, элге ишеним менен карап кадимкидей өзгөрө баштады. Болгону андагы ата-энесине болгон таарынычты, жүрөгүнүн жарасын дарылай албай койду.
Ийгиликтин аркасынан ийгилик келди Аманга. Экинчи курста практикага алтын кенде иштеп калды. Англис тилин мыкты билген жаш жигитти жетекчилери аябай жактырып калышты. Өздөрүндө иштөөнү сунуш кылышты.
– Айша эже, мен Тоо кен институтуна которулуп жатам,- деп келди Аман бир күнү. Эң престиждүү университеттин эл аралык мамилелер факультетинде окуп жаткан болчу.
– Эмне болуп кетти?
– Канадалыктар мени жактырып ишке чакырып жатышат.
– Аман, сен ушул тармакка кызыгасыңбы?
– Албетте.
Кыска гана жооп кылып которулуп кетти. Иштеп окуп ыкчамдык менен өсүп жатты. Эки-үч жылдын ичинде алтын кен комбинатынын көрүнүктүү адамдарынан болуп калды.
(Уландысы кийинки санда)