2017-жылы 23-ноябрда ал кездеги премьер Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду “жетекчиликтин ишениминен кетти” деп кызматтан алган. Мындан кийин ал иштен негизсиз айдалганын айтып Исаковду сотко берип, биринчи инстанцияда утуп чыкты. Бүт өлкө сөз кылган, экс-президент Алмазбек Атамбаев “Райым миллион” атап жаткан Райым Матраимов деген ким?
ЭЛ ООЗУНДА “РАЙЫМ МИЛЛИОН”
Райымбек Матраимов 1971-жылы 3-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Жогорку билимдүү. Эл оозунда “Ош” бажысынын көмүскө кожоюну же “Райым миллион” аталып жүрөт. Расмий маалыматка таянсак, Райым Матраимовдун Бажыдагы сапары 1997-жылы башталган. 2004-жылы Матраимов катардагы инспекторлуктан бөлүм башчылыкка көтөрүлөт. 2005-2007-жылдары Ош бажысынын башчысынын орун басары, 2007-2013-жылдары Ош бажысынын башчысы болуп турган. 2013-2015-жылдары Ош, Баткен, Жалал-Абад бажыларын камтыган Түштүк бажы башкармалыгын жетектеген. Ал эми 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
АТЫ КӨП АТАЛЫП, ӨЗҮ КӨРҮНБӨГӨН ЧИНОВНИК
Артынан көп сөз ээрчигени менен, Райым Матраимовдун өзүн коомчулук жакшы тааный бербейт. Анткени Матраимов ЖМКларга бат-баттан маек берип, эл көзүндө жүрүүнү каалаган чиновниктердин катарында эмес. Ошого карабай эл оозунда, атүгүл парламент трибунасында депутаттар тарабынан анын ысымы көп аталат, айрыкча, бажыдагы коррупция боюнча сөз болгондо. Бирок анын коррупционер экенин мурдагы бийлик да, азыркы бийлик да иш жүзүндө далилдей элек.
СЫРДУУ 400 МИҢ ДОЛЛАР
2010-жылкы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт Райым Матраимовду Ош бажысынын башчысы кызматынан алып, көп өтпөй кайра кызматына койгон. Айрым ЖМКлар “Матраимов 400 миң доллар пара берип кызматын сактап калыптыр” деп жазып чыгышкан. Ошол маалда бир телефондук сүйлөшүүнүн аудиосу интернетке жайылып кеткен. Анда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев жана Азимбек Бекназаров деп белгиленген адамдардын Бажы кызматына кадр дайындоо боюнча сүйлөшүүсү жазылган. Ал сүйлөшүүдө Бекназаров деп белгиленген адам “Сооронбай Жээнбеков кызматка коюп бер деп суранган адамды койбой,
400 миң доллар алып башканы коюп койдуңар. Кулматовуң Жээнбеков сунуштаган адамды дайындабай койду” деп күнөөлөйт. Ал эми Атамбаев деп белгиленген адам “ким алса кама, мен бир тыйын албайм” деп жооп кайтарат. Айта кетсек, 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору, ал эми Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турган. Жогорудагы телефондук сүйлөшүүдөгү адамдар өзү жана Атамбаев экенин, анда ушул Райым Матраимовдун 400 миң доллар пара бергени жөнүндө сөз болгонун Бекназаров кийинчерээк ырастаган. Укук коргоо органдары 400 миң доллар боюнча айтылгандардын чын-төгүнүн териштиришкен жок.
БАБАНОВ-МАТРАИМОВ ЖАҢЖАЛЫ
2017-жылы 3-сентябрда өлкөдө жергиликтүү кеңешке шайлоолор өткөн. Шайлоого чейин да, шайлоонун эртеси да “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик бажы кызматынын ал кездеги төрага орун басары Райым Матраимовду “Кара-Суу аймагында үгүт иштерине кийлигишти, бир партиянын кызыкчылыгын алдыга сүрөдү” деп айыптап чыккан. Ал партия КСДП эле. Аталган партия Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо 1-орунду алып, Бабановдун партиясы орунга илешпей калган.
ДОС ЭЛЕК КООН БЫШКАНДА, КОШТОШТУК БОЗО СҮЗГӨНДӨ...
Райым Матраимовдун Бажы кызматындагы карьерасы Атамбаевдин тушунда ийгиликтүү өсүштө болду. Ош бажысынын башчылыгынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жетти. Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенге чейин аны “коррупционер” деп атаганын эл уккан эмес. Ал жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси бузулгандан кийин гана Райым Матраимовду эң чоң коррупционер, бажыдагы “серый кардинал” атап, жээнбековдук бийлик аны калкалап жатат деген ойго түрткөн билдирүүлөрдү таратып, сындоого өттү. Албетте, Атамбаев Матраимовдун “коррупционер” экенин 7 жыл байкабай жүрүп, бийликтен кетерде гана билди дегенге эл ишенбейт. Анын үстүнө Матраимов өзү жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде анын Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалышына Атамбаевдин жана анын ишенимдүү адамы Икрамжан Илмияновдун салымы бар экенин билдирген. Атамбаевдин тапшырмасы менен Сапар Исаков Райым Матраимовду президент Жээнбековдун инаугурациясына 1 күн калганда “саясий жетекчиликтин ишениминен кетти” деп кызматтан алган. Матраимов 6 ай унчукпай жүрүп, Исаков өкмөт башчылыктан кетирилген соң “мени кызматтан негизсиз алды” деп аны сотко берди. Биринчи Май райондук соту “Матраимов иштен негизсиз алынган” деп чечим чыгарып, аны кызмат ордуна кайтарууну туура тапты. Коррупцияга каршы күрөштө эч кимге өзгөчө мамиле жасалбашы керектигин талап кылып жаткан президент Жээнбековдун тушунда экс-президент коррупцияга шектеп жаткан, “Райым миллион” атыккан адамдардын соттон утуп чыгып, кайра ошол кызматка бара баштаганы элде азыркы бийликке күмөн саноонун жаңы толкунун пайда кылды. ДОКУМЕНТТЕ КЕДЕЙ, ЖАШООДО...
Тапшырган декларациясына таянсак, Райым Матраимов 2016-жылы негизги кызмат ордунан 852 миң сом киреше тапкан. Буга кошумча мал бизнесинен 3 миллион 219 миң сом пайда тапкан. Анын жакындары 11 миллион сом киреше табышканы көрсөтүлөт. Матраимов аянты 56,7 чарчы метрди түзгөн 1 батирге, анын жакындары аянты 39 чарчы метрди түзгөн 1 батирге, 1 коттеджге, Lexus GX 460 үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышат. Бул расмий маалыматтар. Адатта, чиновниктер мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттатып коёрун эске алганда, Матраимовдордо дагы башка мүлктөр болушу мүмкүн. ЖМКлардын иликтөөлөрүндө Матраимов “Народный” аталышындагы 2 супермаркеттин кожоюну экени айтылып жүрөт. Мындан тышкары Оштогу “Эрем” спорт комплекси да Райым Матраимовго караштуу деп айтылат. Ал өзү мындай маалыматтарды төгүндөп же ырастай элек.
ШАЙЛООЧУСУ КӨП КАРА-СУУГА “ЭЭЛИК КЫЛГАН” МАТРАИМОВДОР ДИНАСТИЯСЫ
Матраимовдор 5 бир тууган. Агасы Искендер Матраимов учурда КСДП фракциясынан парламентте депутат. Дагы бир агасы Тилек Матраимов көп жылдан бери Кара-Суу районунун акими. Жакында Ош шаарына мэр болот деген адамдардын арасында Тилек Матраимовдун да аты аталды. Дагы бир иниси Каржы полициясында иштей турганын, бири ишкерлик менен алектенерин Искендер Матраимов расмий ырастаган. Кара-Суу районунда Матраимовдор абдан популярдуу адамдар. Баары өмүр бою мамлекеттик кызматта жүргөнү менен, жашоолору мамлекеттик кызматкердикине окшобой турганы эл оозунда кеңири айтылып жүрөт. Мындан 2 жыл мурун "Азаттык" кыргыз чиновниктеринин балдары тууралуу макаласында Райым Матраимовдун уулдарынын ар кайсы өлкөдө яхта жана кымбат автоунаалардын фонунда, лондондук “Арсенал” футбол клубунун мектебиндеги машыгууда түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Матраимовдун кичүү баласынын “Hublot” үлгүсүндөгү, оригиналы сатыкта 43 миң доллар турган саат тагынып түшкөн сүрөтү да талкууга түшкөн.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg