Интернет желесине SUPER.KG порталын каралоочу жана чындыкка дал келбеген маалымат жайылтылып жатканын аталган портал жарыялады.
Сайттын маалыматы боюнча, каралоо материалдарында экс-президент Алмазбек Атамбаев SUPER.KG порталын айына
200 миң долларга каржылап жатканы айтылат. SUPER.KG маалымат порталынын негиздөөчүсү жана мурдагы ээси Кылычбек Султан да жогорудагыдай билдирүүгө карата пикирин жазып чыкты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: “Ошондо жылына 2 миллион 400 миң доллар бөлүнүптүрбү? Айтканыңыз чын болсо, биринчиден, ушундай авторитеттүү интернет-порталды түптөгөнүмө сыймыктанып кеттим. Экинчиден, УКМКга маалыматтарыңыз менен бөлүшүп кайрылууңузду өтүнөм, анткени сиздей болуп мен дагы коррупцияны жек көрөм. Рахмат!”,- деген билдирүү калтырган.
Портал мындай каралоо аракеттерине карата билдирүүсүн жарыялады. “SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, эркин жана альтернативдик маалымат булагы катары мындай каралоолорду мамлекетибиздин өсүшүнө жана демократиялык өнүгүү жолуна карата жасалган чагымчылдык деп баалайт. Анткени SUPER.KG маалымат порталынын баалуулуктары болуп сөз эркиндиги, маалыматтын тактыгы жана бейтараптуулугу, коррупциясыз, өнүккөн, демократиялык Кыргыз мамлекети саналат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg