ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 30-июлдан 5-августка чейин


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат


КОЙ (21.03-20.04)
Курбу же өкмөт өкүлдөрү тараптан көйгөйлөр жаралат. Каржы жаатында кыраакы болуңуз. Ошол эле өкмөт өкүлдөрү, улгайган же таасирдүү адамдар, көзөмөл органдары, бөтөн шаардык өнөктөштөрдөн бир жарым ай ичи колдоолор болорун эске алыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жетекчилик кызматтагы адамдар тарабынан тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Абал оорлоп баратса бөтөн шаардык же текшерүү органдарында иштеген тааныштарыңызга кайрылып көрүңүз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Акча табууну көп ойлонуңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көзөмөл органдары сиз таап жаткан кирешеңизге кызыкчылык артып, баш багышы мүмкүн. Андыктан тиешелүү документтерге сак болуңуз. Жашыруун нерселер ачыкка чыгат. Бир жарым ай ичи акчанын келиши жаман болбойт, андыктан ойгонуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде күтүлбөгөн акча көйгөйлөрү жаралат. Акча муктаждыктары же сарптоолор көбөйөт. Буюмдарга сак болуңуз. Достор менен түшүнбөстүктөр жаралса капаланбаңыз, кийинки аптада тил табышасыз. Өнөктөштөр, жубайыңыз сизди колдошот.


АРСТАН (23.07-23.08)
Айрым адамдар менен мамилелер кескин түрдө үзүлөт. Андыктан мактанчаак мүнөзүңүздү бир аз ооздуктаңыз. Кызматтагы, башка шаардагы адамдар менен аяр мамиле жасоого аракет жасаңыз. Алдыдагы күндөр жумуш, ден соолук үчүн эң жакшы мезгил.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда, башка жагдайда да абайлаңыз. Сиз үчүн кооптуу мезгил. Жакынкы аралыкта сизди балдарыңыз же сүйгөнүңүз кубантат. Эски сүйүүңүзгө жолугуп калуу мүмкүнчүлүгү да бир топ жогору.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акчаңызды сүйгөнүңүзгө, балдарыңызга же чарба иштерине жумшайсыз. Иш алып барууда түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Жакынкы күндөрү үйдү оңдоп-түзөө иштерин жакшы бүтүрөсүз. Кыймылсыз мүлк сатып алууга жетишесиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Үйүңүздө чыңалуу абалы жаралат. Электр, өрт жана башка коопсуздуктарды толук сактаңыз. Чырдашпагыла. Ынтымагы жок үй-бүлөлөр мындай мезгилдерде ажырашууга чейин барышат. Эки ай бою туугандар, эски досуңуз тараптан колдоолор күтүлөт, эске алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Кооптуу мезгил. Бир тууган, кошуна же курбуңуз менен түшүнбөстүктөр жаралат. Жагымсыз кабар угасыз. Бир жарым ай ичинде аброюңуз көтөрүлөт, каржы жаатында баары жакшы болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чарба иштерине, эс алууга, балдарыңызга байланыштуу көйгөйлөр пайда болот. Аталган тармактарга кайсы бир өлчөмдө акча сарптайсыз. Тоскоолдуктар жаралса көңүлгө албаңыз. Алдыдагы апта сиздин гана пайдаңызга иштейт. Баркыңыз жогорулап, көңүл борборунда болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ачууңузду дагы да болсо тыя туруңуз. Күтүүсүз каршылыктарга, жакындарыңыздын сын-пикирине көз жумуп коюңуз. Жардам керек болгон учурда досуңузга, улгайган же чоң кызматтагы адамга кайрылсаңыз жыйынтыгы жакшы болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Жашыруун душмандардан сактана билиңиз. Азыр алардын активдешкен учуру. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Бир туугандар, акча темасында так болуңуз. Дос, кесиптеш, өнөктөштөрдүн узак мөөнөттүү колдоосуна ээ болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан