«ИТИЙ СӨӨКТҮН БУЗУЛУШУНА АЛЫП КЕЛЕТ»

«Супер-Инфодон» өзгөчө мүмкүнчүлүк! Пайдаланып калыңыз. Балаңыздын саламаттыгы тууралуу сизди түйшөлткөн суроолор барбы? Анда 0557 75 63 11 WhatsApp номерине жөнөтүңүз. Суроолорго 35 жылдык тажрыйбасы бар врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.

Бул жолу окурмандарыбыздан келген суроолордун басымдуу бөлүгүн «кызымдын чачы өспөй жатат, жол түшүп калды», «балам көп тердейт», «эмгеги катпай жатат го», «көзү кылый» деген сыяктуу суроолор ээледи. Дарыгер булар рахит (итий) оорусунун белгилери экенин эскертип, анын алдын алуу жолдору боюнча айтып берди.

– Бул оору кыргызча итий, ал эми медицинада рахит деп аталат. Бул эмчек эмген курактагы жана эрте жаштагы (2 айдан 3 жашка чейинки) балдардын оорусу. Аталган оору организмге D витамининин жетишсиздигинен, организмдеги жалпы зат алмашуу процессинин бузулушунан жана организмдин фосфор-кальций туздарына болгон муктаждыгы күчөгөндөн улам пайда болот. Көпчүлүк ата-энелер итийди кооптуу оору катары санабай, көп этибар алышпайт. Бул өтө оор дарт болбогону менен, башка оорулардын өөрчүшүнө, мисалы, аз кандуулукка, өпкө ооруларына, сөөктөгү өзгөрүүлөргө, ичеги-карын ооруларына, диатезге жана башка оорулардын жаралышына түрткү болот. Кыз балдарда жамбаш сөөгүнүн калыптагыдай өсүүсүнө терс таасирин тийгизип, кууш жамбаштын (узкий таз) жаралышына өбөлгө болот.

ИТИЙДИН ӨӨРЧҮҮ БАСКЫЧТАРЫ

1-баскыч. Башталуу стадиясы

БЕЛГИЛЕРИ

• Уйкунун бузулушу

• Ыйлоо, чыргоолонуу

• Чочуу

• Тамактанганда, уктап жатканда ашыкча тердөө

• Желке чачтын жол болуп түшүп башташы

Итийдин алгачкы клиникалык көрүнүшү 2-3 жумага созулат. Ушул баскычында, сөөктөрдө өзгөрүү баштала электе чара көрүү керек. Адатта айыл жергесинде балага көңүл бурбай, же болбосо ырымдап бүбү-бакшыга алып барып жүрүп сөөктөрдүн ийрейип кетишине чейин жетишет. Бала ошол боюнча башы чоң, чарчы, буттары ийри, курсагы чоң калыбында кала берет.

2-баскыч. Оорунун күчөгөн учуру

Бул стадия көп учурда 6 айлык балдарда байкалат. Бул стадия 2-3 жумадан 2-3 айга чейин созулат. Кандай белгилер менен коштолот?


Эскертүү! Дарылоону итийдин экинчи даражасында баштаса, анда деформация болгон сөөктөр калыбына келбейт.

D ВИТАМИНИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕ ЭМНЕЛЕР СЕБЕП?

1. Күндүн нурунун, таза абада эс алуунун жетишсиздиги

2. Ичеги-карында зат сиңирүү функциясынын бузулушу, өнөкөт ичеги-карын ооруларынын организмде орун алуусу

3. Кош бойлуулуктун патологиялары, антенаталдык профилактика жүргүзбөө

4. Кош бойлуу эненин, эмчек эмизген эненин жана ымыркай баланын туура эмес тамактанышы

5. Ара төрөлгөндүк

6. Тез-тез бойго бүтүү же көп төрөгөндүк

7. Талгак жана жыныстык оорулар

8. Балага жакшы кам көрбөө

9. Көп түйүлдүктүү кош бойлуулукта (эгиз, үч эм)


ДАРЫЛОО

Дарылоодо D витаминин башка дарылар менен кошо берүү, туура тамактандыруу чоң мааниге ээ. D витамининин май түрүндө, спирт жана суу кошулган түрлөрү болот. Балдарга көбүнчө май түрүндөгүсү сунушталат. Бирок аны врачтын сунушу боюнча гана берүү шарт. Анткени анын дозасын баланын жашына, оорунун өөрчүү баскычына карата педиатр гана эсептеп бере алат. Эч качан өз алдынча дозасын көбөйтпөш керек. Себеби организмге D витамини көп түшсө канда кальций туздары чогулат жана заара менен көп чыгарылат. Бул учурда жалпы организм ууланып, кан тамыр системи, боор, бөйрөк жана ичеги-карын жолу жабыркайт. Мындан сырткары баланын эмгеги эрте катып, мээси жакшы өөрчүбөй калып, калтырап-титиреген приступтар жаралышы мүмкүн.

ИТИЙДИН АЛДЫН АЛУУ ЖОЛДОРУ

• Боюнда бар кезинде рационалдуу тамактануу, таза абада жүрүү талап кылынат. D2 витамини камтылган тамак-аш азыктарын көбүрөөк колдонуу зарыл.

• Оорунун алдын алуу үчүн башка микроэлементтер дагы керек. Ал үчүн баланы дайыма эмчек сүтү менен багуу зарыл. Анткени эмчек сүтүндө ымыркайдын чың болуп өсүшү үчүн бардык зарыл болгон микроэлементтер камтылган.

• Баланы таза абада, саат 10дон 12ге чейин күнгө алып чыгуу сунушталат. Себеби бул мезгилде күн нуру абдан жакшы синтезделет. Болбосо үйдүн ичинде деле күн жакшы тийген терезенин алдында жылаңач жаткырып койсо да болот.

• Дарыгерге баланы өз учурунда (ай сайын) көрсөтүп туруу керек. Алар ара төрөлгөн балдарга эки жумадан тарта, ал эми жетилип төрөлгөн балага бир айынан тарта бул оорунун алдын алуу боюнча чараларды көрө баштайт. Алсак, жазында жана кышында кварц лампасы менен кактоону, балык майын берүүнү, атайын укалоону, көнүгүүлөрдү сунуш кылат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан