Кыргызстандык 8 спортчу Түркияда уюштурулган Босфор кысыгын сүзүп өтүү мелдешине катышышты. 30-ирет өткөрүлүп жаткан жарыш 21-июль күнү Стамбулда болуп, иш-чарага жалпысынан дүйнөнүн төрт бурчунан келген 2419 спортчу өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Кыргызстандык суучулдардын арасынан эң мыкты көрсөткүчтү Исабек Ташиев көргөздү.
– Ассалому алейкум, Исабек мырза. Алгач жыл сайын Босфордо орун алчу суудан сүзүп өтүү мелдеши тууралуу айтып берсеңиз?
– Алейкум салам. Босфор континенттер аралык жарыш, 1989-жылдан баштап Түркиянын Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан уюштурулуп келет. Жарыштын өзгөчөлүгү – дүйнөнүн Азия бөлүгүнөн Европа бөлүгүнө сүзүү. Жарыш Босфор кысыгында болот. Босфор кысыгы Кара деңиз менен Мрамор деңиздерин туташтырып турат. Жарыш тилкесинин узундугу 6,5 чакырымды түзөт. 1992-жылга чейин бул мелдешке жалаң гана түрк жарандары катышып келсе, 1992-жылдан баштап бул жарыш эл аралык статусту алган. Ал кездеги Чехословакия мамлекетинен 22 суучул жана АКШдан 2 өкүл катышып, мелдеш эл аралык макамга ээ болгон. Негизги өзгөчөлүк – бул жерде эки агым бар. Жылуу агымдар Мрамор деңизинен Кара деңизди көздөй агат. Ал эми муздак агымдар Кара деңизден Мрамор деңизин көздөй агат. Жарыш башталгандагы сүзүүчүнүн миссиясы – муздак агымды таап, аны менен финишти карай сүзүү. Климаттын жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу толкундар көп болушу мүмкүн, кээ бир жылдары агымдар күчтүү болот. Агым күчтүү болгондо, сүзүү да татаал болот. Эң башкысы сүзгөн техникадан дагы, стратегияны туура тандоо маанилүү. Себеби өтө жакшы сүзгөндөр да жогорку орундарга илинбей калат. – Кандайча бул иш-чарага катышып калдыңыз?
– 2013-жылы сүзүүнү үйрөнө баштаганда кандайдыр бир жарышка катышсам деген ойлор пайда болгон. Кийин кесиптештерим бул жарышка катышууну сунушташты.
– Чет элдик жарандарга квота бөлүнүп берилеби? Жарышка катышуунун талаптары жана эрежелери кандай?
– Быйыл бул жарышка катталуу 3-январдан 4-январга караган түнү болуп өттү. 1314 чет өлкөлүк сүзүүчү 27 мүнөттө катталышты. Ошондуктан катталуу башталган учурда компьютердин алдында отуруп, күтүп туруш керек, себеби каттоо өтө тез бүтүп калат. Ар бир өлкөгө так квота бөлүнөт деп айтылат, бирок ал эрежелер атайын бир жерде жазылганын көргөн эмесмин. Ал маалыматты бир гана уюштуруучулар билсе керек. Баасы чет элдик жарандар үчүн 120 долларды түзөт. Талаптары: атайын сайтка кирип катталып, документтерди Түркияга жөнөтүш керек. Документтердин ичинен эң маанилүүсү ден соолугуңдун чың экенин тастыктоочу маалым кат болуп саналат. Баса белгилей кетчү нерсе, түрк жарандары жарышка катышуу үчүн атайын тандоо турунан өтүшөт. Тандоо турунда 800 метр аралыкты белгилүү бир убакытта сүзүп өтүүлөрү зарыл. Чет өлкөлүк жарандар тандоо туруна катышпай эле, сайт аркылуу катталышат жана документтерин Стамбулдагы комитетке жөнөтүшөт. Эгер документтер туура болсо, алар катышуучуга өз макулдугун беришет.
– Сууда сүзүү менен профессионалдык деңгээлде алектенесизби?
– Мен 28 жаштамын. Бул спортко кеч, 24 жашымда келдим. Жалаң ачык асман алдында өтүүчү жарыштарга катышып келем. Бирок мен өзүмдү профессионал суучулмун деп айта албайм.
– Сиз канча аралыктагы сууну сүзүп өттүңүз жана ал үчүн канча убакыт керектелди?
– Мен так канча аралыкты сүзүп өткөнүмдү айта албайм. Жарыштын негизги бөлүгү 6,5 чакырымды түздү. Эгер туура муздак агымга туш келе турган болсоң 3-3,5 чакырымды гана сүзүп өткөн болосуң. Себеби жарым аралыкты суунун агымы менен сүзгөндүктөн жеңилирээк болот. Жакындаштырып айтканда, мен 4-4,5 чакырымды сүздүм. Мага бул аралык үчүн 1 саат 18 мүнөт керектелди. Бул аябай көп, негизи 1 саатта сүзүп өтсөм деген оюм бар болчу. Мен дагы жарыштын жарымына чейин муздак агымды издеп, эч таппадым. Жарыштын жарымына келгенде гана муздак агымга түшүп, ылдамдыгымды арттырдым.
– Мелдеште сиз канчанчы орунду алдыңыз? Канчалык оор болду?
– Мелдеште мен эч кандай орун алган жокмун. Эгер атайын машыгуулардан өтпөсөң, жарыш абдан оор болот. Мен үчүн жалпысынан татаал болду деп айта албайм, себеби машыгууларга катышып, атайын даярдангам. Финишке 700-800 метр калганда гана мен үчүн бир аз кыйынчылыктар жаралды. Себеби ошол жерде терс агымга кирип алып, ал агымдан чыгыш үчүн көп күч жумшап алдым.
– Жеңүүчүлөрдү эмне күтөт?
– Негизги кандай сыйлыктар бар экенин билбейт экенмин. Эң башкысы, 2010-жылдан баштап жарышка катышып, финишке чыккан ар бир спортчуга «Континенттер аралык сүзүүчү» деген сертификат тапшырылат.
– Сиз өзүңүз Түркияга атайын Босфорду сүзүп өтүү үчүн бардыңызбы же ошол жакта жашайсызбы?
– 2015-жылы Түркияга магистратурага өтүп, бул жакта окуп калгам. Жарышка катышуу үчүн бир клубга мүчө болуп, атайын машыгууларды баштадым. 2 жыл удаасы менен катышуу үчүн катталууга жетишпей калгам. Бактыга жараша, бул жылы катышуу укугуна ээ болдум. Буюрса, кийинки жылы да катышсам деген ниетим бар. Себеби бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп келет. Бардык мекендештериме мүмкүнчүлүк болсо бул жарышка катышууну сунуштайм.
– Маегиңизге чоң рахмат!ЖАРЫШТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Бул жарышта эркектер арасында эң мыкты көрсөткүчтү түркиялык суучул Улач Догукан көргөздү. Ал 6,5 чакырымды 46 мүнөт 58 секунд ичинде сүзүп өттү. Ал эми айымдар арасында биринчиликти түркиялык Хилал Зейнаб Сарач жеңип алды. Анын убактысы 50 мүнөт 30 секунд.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg