ЧЕК АРАДА КАРМАЛГАН 8 КИЛОГРАММ ГЕРОИН БАЯНЫ

Ушул жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту ири өлчөмдөгү баңгизатын ташыган деп шектелген жаранды 17 жылга эркинен ажыратты. Ал кылмыштын уюштуруучусу деп да табылды.

“УНААНЫН ИЧИНЕ БАҢГИЗАТ ҮЧҮН ЖАШЫРУУН ЖАЙ ЖАСАШКАН”

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Билалы Батырканов бул кылмыш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, бул кылмыштын башы 2016-жылга барып такалат. Ошол жылы август айынын башында Абаржон Хожалиев менен М.Миртажиев Ош шаарында тергөөдө аныкталбаган белгисиз адамдан 8 килограмм 920 грамм героин сатып алышат. Алар бул баңгизатын Орусияга алып барып сатууну пландашкан. Абаржон Хожалиев унаа оңдоп иштеген Б.Курбанов аттуу устага кайрылып, андан баңгизатын алып өтүү үчүн унаанын ичине жашыруун жай жасап берүүсүн суранат. Ошондой эле ал Курбановго Орусияга жеткенден кийин унаанын ичиндеги баңгизатын чыгаруу үчүн да керектигин, ошондуктан ал дагы Орусиянын Челябинск шаарына өздөрү менен кошо барып келишин, ал эмгеги үчүн 2 миң доллар төлөп берерин айтат, Курбанов ага макул болот.

Кокусунан кармалып калса жоопкерчиликти башкага төңкөрүп коюу үчүн Хожалиев менен Миртажиев Б.Сатыбалдиев деген жаранды айдоочу кылып ишке тартышат. Хожалиев унаага ишеним кат жасатуу үчүн Сатыбалдиевдин паспортунун көчүрмөсүн алат.

Хожалиевдин суранычы боюнча Миртажиев Ош шаарындагы унаа базарына барып Опель Зафира үлгүсүндөгү унааны сатып алат. Миртажиев унааны баалашкан 3100 доллардын миңин төлөп, калганын 2 ай ичинде төлөп бермек болот. Ошентип унаанын ээси нотариус аркылуу Сатыбалдиевдин атына ишеним кат жазып берет.

Унааны сатып алгандын эртеси күнү Хожалиев Курбановду Миртажиевдин гаражына ээрчитип келет да, сатып алган унаанын ичине жашыруун жай жасашы керектигин айтат. Курбанов унаанын алдыңкы панелин чечип, ичине баңгизаты үчүн жашыруун жай жасап берет. Даярдалган жашыруун жайга баңгизаты толук батпай калат да, кийинки күнү Курбанов унаанын арткы бамперин кармап турган темирдин ичине дагы бир жашыруун жай жасап берет. Курбанов бул эмгеги үчүн аванс катары 200 доллар акы алат.

 “КЫЛМЫШТЫН УЮШТУРУУЧУСУ ИЗ ЖАШЫРЫП КЕТКЕН”

– 2016-жылдын 26-август күнү кечинде Хожалиев, Миртажиев, Курбанов жана Сатыбалдиев Ош шаарынан Орусиянын Челябинск шаарына баруу үчүн ичинде баңгизаты катылган унаа менен жолго чыгышат. Жолдо келе жатып Хожалиев шериктерине эгерде баңгизаты менен укук коргоо кызматкерлерине кармалып кала турган болсо эмне деп жооп берүү керектигин үйрөтөт. Сатыбалдиев таксист, калганы жеке иштери менен Алматы шаарына бара жаткан жүргүнчүлөр экендигин айтышмакчы болушат. Ошондой эле алар буга чейин бири-бирин тааныбастыгын, Алматыга баруу үчүн Бишкектеги “Дордой” базарынан таксиге отурганда гана таанышкандыгын айтышмакчы болушат. Төртөө отурган унаа кыргыз-казак чек арасынан өтөрдө, текшерүү үчүн чек арачылар тарабынан токтотулат. УКМКнын кызматкерлери тарабынан унаадагы баңгизат жышырылган жашыруун жай табылып, ичинен 8 килограмм, 920 грамм баңгизаты алынат. Текшерилгенде анын героин экендиги аныкталган. Унаадагы үчөө кармалып, ал эми Хожалиев унаа текшерилип жатканда Казакстан тарапка өтүп из жашырып кетет.

“БИРӨӨСҮ ЖИНДИ БОЛУП ЧЫККАН”

– Бул кылмыш боюнча Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктаганда иш сотко өткөн. Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту өткөн жылы үчөөнө карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Б.Курбанов менен Б.Сатыбалдиев 15 жана 17 жылга эркинен ажыратылса, М.Миртажиев психикалык жактан оорулуу деп табылып, Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага дарылатууга жөнөтүлгөн.

Абаржон Хожалиев 2017-жылдын 31-майында Орусиянын Красноярск шаарында Орусиянын укук коргоочулары тарабынан кармалып, кийин Кыргызстанга алып келинген. Ал кылмышын моюнуна албаганы менен, анын күнөөсү далилденген. Шериктери ага карата кылмыштын уюштуруучусу катары көрсөтмө беришкен.

2018-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Абаржон Хожалиевге карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, Хожалиев Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренсинин 4-пункту (кылмыш жасоону уюштуруу) жана 247-беренесинин 1, 4-пункттары (Сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү алдын ала бүтүм кылуу менен адамдар тобу тарабынан жасалганда) боюнча күнөөлүү деп табылып, 17 жылга эркинен ажыратылды. Ал күчөтүлгөн режимдеги абакта жазасын өтөмөкчү.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Arsenal93.
2018-08-07 10:47:23
Ошондо кандай Сатыбалдиев деген ак жерин камалып кеттиби.ал эч нерсе билбептирго
+8
Paprikafm
2018-08-07 11:48:17
Бири айдоочу экинчиси машина оңдоочу болуп ак жерден камалып кетишиптирда
-2
Ulanbek1992
2018-08-07 19:43:06
Эскобаранын киносу болуп кетиптир го...
+3
bibi87
2018-08-08 23:00:00
Сатыбалдиев дегенге условный бериш керек болчу го , таксист катары эле катышкан болсо.
+1
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан