Ырчылар Талант Кадыров менен Айя Садырова азырынча 2 дуэт жаздырышты. Борбор калаадагы коомдук унааларга түшкөндө барчу жериңизге жеткиче бул 2 ырчынын дуэтин сөзсүз угасыз. Теле, радиолордо деле ушундай көрүнүш. “Сен менин түшүмсүң”, “Келчи, гүлүм” деген ырларды мыкты аткарган чыгармачылык тандем кандайча түзүлдү? Эки ырчыны эмне бириктирип турат? Бул экөө бизде конокто.
– Кандайсыңар, Айя, Талант? Алгачкы суроом дуэт тууралуу болсун. Кандайча, кимдин идеясы менен чогуу ырдап калдыңар?
Талант: – Жакшы, рахмат. Бул суроого мен жооп берейин. Оюмда жакшы дуэт жаздыргым келип жүргөн. Ким менен ырдасам деп отуруп, бир нече ырчы кыздын ичинен Айгүл Чаловага токтолдум. Аны менен жакшы баарлашчу элем. Бирок ал кезде Айгүл кош бойлуу болчу. Анан бир концертте Айяга жолугуп калып, сунушумду айттым. Айя макул болду.
– Силер аткарган 2 ыр тең элге алынып кетти. Ырлар кимдин демилгеси менен тандалган?
Айя: – Биринчи дуэтибизди Талант сунуштаган. Андан кийин дагы чогуу ырдасакпы, ырдабасакпы деп көпкө ойлондум. Анткени экөөбүз тууралуу ушактар байма-бай айтыла баштады. “Үй-бүлөлүү адамдын турмушун бузуп жатат” деп мага асылгандар да болду. Ошентип биринчи дуэттен кийин өз-өзүнчө эле ырдамай болдук. Мен “Келчи, гүлүм” деген ырды тандап алып, аранжировка жасата баштадым. Апам ырды угуп көрүп, “Бул ыр дуэт болсо сонун жарашмак, Талант экөөңөрдүн үнүңөргө төп келчү ыр экен. Бир дуэт менен токтоп калган туура эмес. Силер дагы ырдашыңар керек” деп калды. Ал учурда Талант да мени менен ырдагысы келбей, элдин ушагынан тайсалдап жаткан. Анан “апа, бул ырды Талант экөөбүздү ырдасын десеңиз, сиз дагы айтып көрүңүзчү” дедим. Апам айтканда Талант да көңүлдөндү. Ошентип 2-дуэтибиз жаралды. Ыр экөөбүзгө тең жакты, азыр ал ырлардын күйөрмандары көп.
Т.: – Мен да кошумчалай кетейин. Айя жалгыз ырдайм деп жүргөндө “Келчи, гүлүм”, “Табигат жана музыка” деген 2 ырды мен сунуштагам. Аранжировка жасалып жатканда чогуу ырдоо сунушу түштү.
– Талант, сенин апаң да чыгармачыл адам, ал ырларыңарга кандай сын-пикирин айтты?
Т.: – Менин үй-бүлөм, анын ичинде апам мага ишенет. Менин ар бир аракетимди баалайт. Келинчегим менен сүйлөшүп жүргөндө да колдочу. Ырдабай калганымда “сен атанын баласысың, ырдашың керек. Чыгармачылык менен иште” деп ыйлаган да күндөрү болгон (ред.: Талант белгилүү обончу, аткаруучу Алтымыш Кадыровдун уулу). Клиптерди элден биринчи апама көрсөттүм. Көрүп жатып өксүп ыйлап жиберди. Айя экөөбүздүн тандемди да жакшы кабыл алды.
– Айя, дуэттер чыккыча чыгармачылыктан алыстап, турмушуңдагы бурулуштан чыга албай жүргөндөй сезилдиң.
А.: – Чынында депрессиядан эчак эле чыккам. Бирок чыгармачылыкка баш отум менен киришип кеткен жокмун. Жөн гана эне катары баламды тарбиялап үйдө отурдум. Өзүмдү сахнадан көрөм деп жулунбайм. Бирок ырдаганды жактырам. Мен ырчы эмес, сүйүктүү жар, мыкты кожойке, бактылуу эне болгум келет.
– Талант, “биз элдин сынына даяр болчубуз” дедиң. Ошондой сындарды келинчегиң кандай кабыл алды?
Т.: – Биринчи дуэтти укканда ал да жактырды, клипке да тартылды. Экинчи дуэтке каршы болду, бирок акырында чечиштик. Элдин сөзүнөн, бир туугандарынан, курбуларынан уялып намыстанды окшойт. Бирок мага ал жөнүндө айткан жок. Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндө, “мага карата ар кандай сөз айтылышы мүмкүн. Ошонун баарына чыдасаң анан үй-бүлө болобуз” дегем. Индия жылдызы болсом да эмне болуптур. Мисалы, Шахрух Ханды алсак, ал ар бир киносунда укмуш сүйүү баянын ойнойт. Аялынын ага чыдаганын карабайсызбы. Менин аялым деле аныкынан кем калышпайт деп мактай кетейинчи.
– “Сен менин түшүмсүң” деген ырдын клибине карата күйөрмандардан “тарбиялык мааниси бар сюжет тартышпайбы” деген сындар айтылды. Сюжети турмуштан алынганбы?
А.: – Сюжеттин авторлору Талант менен клипмейкер Нурсултан Кубатов.
Т.: – Текстке байкоо салсак, түш, анан сүйүү жөнүндө баяндалат. Бул жерде үй-бүлө да бар. Биз бирөөнүн үй-бүлөсүн бузалы деген жокпуз. Болгону сүйүүсүнө жетпей калгандар, түшүндө жолукканын бердик. Бул бир гана адамдын эмес, бир нече адамдын башынан өтүшү мүмкүн. Сюжеттен эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун.
– Чогуу иштешип, бири-бириңердин мүнөзүңөрдү билип калдыңар да. Айя жалгыз иштөөдө жалкоомун дейт. Чын эле жалкоо бекен?
Т.: – Мен Айяны жалкоо деп айтпайм. Балким, бир аз эрке, чыдамы жок. 1-клипти тартуу учурунда эртең менен эрте туруп, тоого чыгып кеттик. Жөө тоого чыгып бара жатсак, Айя үшүгөнүнөн “ушул жерден эле тарта береличи” дей баштады. Тарталы десек, дрондун кубаты түгөнүп калыптыр, аны күттүк. Бирок Айя ишти орто жолдон таштап салган жок, аягына чейин турду. Эң мыкты сапаты – өтө так жана жоопкерчиликтүү.
А.: – Талант өжөр, эмне пландаса ошонун аягына чыгат экен. Тоодон клип тарткан күнү балдарыбыздын үшүгөнүнө карабай “Ала-Тоо” аянтынан түнкү саат үчтө да съёмка кылдык. Анан да өтө эмгекчил, аракетчил адам. Алдыда көп ийгиликтерге жетет деп ишенем.
– Жакшы. Айя, уулуң тууралуу айтып берсең, кийин ырчы болом десе сен тараптан колдоо болобу?
А.: – Уулум сентябрда 3-класстын босогосун аттайт. Ал менин коргоочум, баатырым, жашоомдун маңызы. Уулумдун барына сүйүнөм. Азыр чоң кишидей болуп, мага кеңешин берип калды. Кайсы көйнөк мага жарашат же жарашпайт, кайсы жигит менен сүйлөшөм, ким менен сүйлөшпөйм, кадимкидей оюн айтат. Уулумдун ырчы болушуна таптакыр каршымын. Эгер ырдайм деп көгөрүп туруп алса анда айла жок. Эгер клипмейкер, режиссёр болом десе каршы эмесмин. Бирок мен анын олуттуу кесипти тандаарына ишенем.
– Атасы менен катташып турабы?
А.: – Атасы менен сүйлөшүп турат, бирок аз көрүшөт. Анткени ал киши чет өлкөдө. Мен ата-баланын сүйлөшүүсүнө эч качан жолтоо болбойм. Ар бир балага ата керек.
– Жаңы турмуш курууга даярсыңбы?
А.: – Албетте, даярмын. Артта калган күндөрүмдү карап жөн гана жылмайып коём.
– Алдыда кандай пландарыңар бар?
Т.: – Күзүндө тушоо кесүү концертимди берүүгө акырындык менен даярдана баштадым. Андан сырткары “дагы дуэт аткаргыла” деген сунуштар болуп жатат, ойлонуп жатабыз. Сонун идеялар бар, азырынча жарыялабай туралы.
– Рахмат маегиңерге. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg