САДЫР ЖАПАРОВДУН АГАСЫ САБЫР МЫРЗА: «БУЛАРДЫН КӨЗДӨГӨН МАКСАТЫ – САДЫРДЫ СИЗОдон СЫНДЫРУУ ЭЛЕ»

Адам башына оор күн түшкөндө биринчи кезекте бир тууган күйөт, чуркайт, арга издейт. 11 жарым жылга эркинен ажыратылып, учурда абакта отурган белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров менен баарлаштык. Бир тууганча күйүп-бышып иниси ал баштан кечирип жаткан иштер тууралуу сүйлөп берди.

– Баары эмнеден башталды? 2017-жылы Садыр Жапаров кандай ишенимден улам өлкөгө кайтып келүүнү чечти? Эмнени далилдегиси келди?

– Баары 2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы “Кумтөрдү” текшерип баштагандан башталды. Комиссияны сатып алып оозун жабабыз деген план ишке ашпады. Садыр “Кумтөрдө” катастрофа болуп жатканын көрүп туруп кантип сатылып кетмек элем?” деди. Садыр Жапаровдун комиссиясы текшерип барганда “Кумтөрдүн” калдык сактоочу жайында 100 миллион тонна цианид жаткан. Андан бери 8 жыл өттү, ал дагы көбөйдү. Калдык сактоочу жайдын үстүндө Петров көлү турат. Петров көлүнүн дамбасы мөңгүдөн турат, ал жерге химикаттардын баары топтолуп муз эрип жатат. Бир күнү көл жырылса түптүз келип калдык сактоочу жайды жарып өтөт, уулуу зат түптүз Нарын дарыясына куят. Ал эми Нарын дарыясы ууланса бүт Борбордук Азия экологиялык катастрофага учурайт. Садыр ушунун алдын алууну айтып чыкканы үчүн жалгыз эле ал эмес, бүт үй-бүлөбүз куугунтукка кабылдык. Мен ал кезде “Жыргалаң шахтасы” айыл өкмөтүнүн жетекчиси элем. Дароо эле “арызыңды жаз дагы, кет” дешти. Мамлекетке баары бир экен. “Жыргалаң шахтасы” ААКсы ал кезде дүркүрөп иштеп, катардагы жумушчулардын айлыгы 30 миң сом эле. УКМК, 10-бөлүмдүн балдары ал жерден Кытай инвесторлорун кадимкидей эле кууп чыгышты. Садыр Жапаров кармалары менен мага иш козгоп, мени 2 күн, эсепчимди 5 күн текшеришти. Эч нерсе таба албай, акыры ишти жабышты.

– Жогорку Сот Садыр Жапаровду 11 жарым жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Ушул сыяктуу эле “баш аламандык уюштурмакчы болгон” деп айыпталып жаткан Канат Исаевдин өзүн үй камагына, иши кайра тергөөгө жиберилди. Сиздерде да ушундай үмүт бар беле?

– Өлкөдө бийлик алмашты, эми Жогорку Сот туура чечим чыгарар деп үмүт кылганбыз. 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча митинг өтүп, анда Ысык-Көл облусунун ал кездеги башчысы Эмил Каптагаев барымтага алынган. Инимди ошол митингди уюштурду деп күнөөлөштү. Бирок ошол Каптагаев өзү сотко келип Садыр Жапаровдун ал митингге тиешеси жок, бул башкалардын сценарийи” деп көрсөтмө берсе да, сотто эске алынган жок. Бул митинг боюнча 400дөн ашык киши суралды, 30га жакын киши соттолду. Алардын бири да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө беришкен эмес.

Мурда 8 жылга соттолгон 2 адам дагы тергөөчүлөр алардан Садыр Жапаровго каршы кантип көрсөтмө алганын айтып беришти. Аларга тергөөчүлөр “эгер эркиндикке чыгам десеңер “Садыр Жапаров бизге телефон чалган” деп көрсөтмө бересиңер” дептир. Алар “эртең аны сотто кантип далилдеп беребиз?” деп сурашса, тергөөчүлөр "ал жагы биздин иш" деп көндүрүшүптүр. Чын эле Алмазбек Атамбаев бийликтен кетерге жакын бул Наристе Калчаев менен Кенжебек Жумабаевге ырайым кылып түрмөдөн чыгарды.

– Балким, Садыр Жапаровду соттоонун башка да себеби бардыр?

– Иним “Кумтөр” боюнча мурдагы бийликтин чекесине чыккан чыйкан болду. Андан бери “Кумтөр” маселесин ким көтөрдү? 2023-жылы “Кумтөрдө” алтын түгөнөт деп жатышат. Эң башкысы – азыркы бийлик инвестордон кен казылган жерди калыбына келтирип, эч кимге зыяны тийбегидей кылып эки жагын тазалап кетүүнү талап кылышы зарыл. Инвестор дагы бир жасалма ызы-чуу жаратып, анан “макул, биз кеттик” деп чыгып кетип калышы мүмкүн. Бул алар үчүн эң оңой жол болот. Убагында Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү “Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жайды кармоого 1 жылга 35 миллион доллар кетет дешкен. “Кумтөр” жабылса, калдык сактоочу жайы азыркы абалында калса, мамлекет жыл сайын ошол 35 миллион долларды бюджеттен бөлүп бере алабы?

– Адатта, УКМКнын тергөө абагына камашат. Эмне үчүн Садыр Жапаров СИЗО-1ге камалды? УКМКнын тергөө абагынан Жапаровго орун табылбаптырбы?

Садыр Жапаровдон кийинкилерге орун табылып эле жатпайбы, демек, Жапаровго деле бар болчу. Кеп башкада эле. Булардын көздөгөн максаты – Садыр Жапаровду
СИЗОдон сындыруу керек эле. Болбосо тергөөнү УКМК жүргүзүп жатпайбы, ары-бери чапкылай бербей, УКМКнын өзүнө камап алып тергөө жүргүзө берсе болмок да.

– Садыр мырза СИЗОдо отурганда денеси кескиленип канга чыланган сүрөтү SUPER.KG порталына чыгып кетип, коомчулук чуу түшүп эле жатып калды. Катуу сындардан улам “бул ишти өзү кылыптыр” деп ЖАМК видео тартканга жетишти. Сиз айткан “сындыруу” ушул эмеспи?

– Эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын актанууга мындан башка жолу деле жок болчу. Садыр өз өмүрүнө кол сала турган адам эмес. Өзү бир эле учурда 2 колун жана моюнун кесет дегенге ким ишенет? Бул чын эле Садырды сындырыштын бир амалы эле.

– УКМК суракка чакыра баштаганда Садыр Жапаров сыртта эле. Келерде бийлик менен сүйлөшүү болду беле? "Келбей тур" деген сөздөр айтылды беле?

– Ал Кыргызстанга келерин жарыялаган соң, 2017-жылы 1-мартта УКМКдан айылдагы ата-энебиздин үйүнө чакыруу келе баштады. Садырды Кыргыз-Казак чек арасынан күбө катары кармап кетишип, УКМКга алпарышкан соң "анын үстүнөн иш козголду" деп жарыялашты. Ал эми Садыр келерде бийлик менен сүйлөшүү болгон-болбогонун мен билбейм. Интернетте "Садыр Жапаров келери менен камайт экен" деген сөз тарай баштаганда биз ага келбей турууну сунуштадык. Ал “күнөөм болбосо, камайт деп эле коркуп барбай коймок белем?” деп болбой койду. Ал Кыргызстанга кайтып келгенден кийин “Центерраны” эл аралык сотко берүүгө даярданып жаткан. “Сотко берип экономикалык кылмыштар үчүн 3,5 миллиард доллар өндүрөбүз” деп жаткан болчу.

– Садыр Жапаров кармалган күнү Бишкектеги митингде сиздер, анын бир туугандарыменен эки уулу, бир топ тарапташтары кармалды. Убактылуу кармоочу жайда сиздерге кандай мамиле болду?

– Калыстык үчүн айтыш керек, убактылуу кармоочу жайда эч кандай кысым болгон жок. Ал жерде отургандар өлкөдө болуп жаткан окуяларды сындап, бизге колдоо көрсөтүп турушту. Каза болуп калган инимдин Садыр чоңойткон баласы 5 сутка отуруп чыкты. Ал эми Садырдын өзүнүн баласы 6 айга жакын отуруп, шарттуу түрдө соттолду. Быйыл сентябрда чет өлкөгө окуусуна кеткени жатат.

– Бүгүнкү абалыңыздар кандай? Садыр Жапаровдун туугандары кысымдан кутулдубу?

– Негизи, коркутуу-үркүтүүлөр бизге 2012-жылдан бери эле болуп келе жатат. Менин артымдан эми эле куугунтук түшпөй калды. Болбосо дайыма артымдан ээрчип, күнү-түнү аңдып жүрүштү. Айрыкча Садыр өлкөгө кайтып келе турган убакта биротоло ээрчип алышты. Бирок бизде кымындай жаман ой-максаттар жок болчу. Саясатчынын өзү менен эсептеше бербей, туугандарына кысым көрсөткөнү жанга батты. Саясаттын ушунусу жаман экен.

– Абак жетекчилиги Садыр Жапаровду атаңыздын көзү өткөндө топурак салууга жибербей койду. Садыр мырзанын башына түшкөн күндү атаңыз кантип кабыл алды?

– Атама оор тийди. Мен, Садырдын балдары жана башка инилерибиз, келиндерибиз бир күндө камакка түшүп калбадыкпы. Атам стресске кабылып, андан чыга албай жүрүп өтүп кетти. Мен камактан бошотуларым менен атама бардым, барсам абалы оорлоп, сүйлөбөй калган экен. Бирок мени тааныды. Көп өтпөй дүйнөдөн кайтты. Садырды жибербей коюшту. Ал убакта Кыргызстандын болгон мыйзамынын баары “Атамбаев” деген болчу. Түрмө жетекчилиги “макул, алып барып келебиз” деп документтерин даярдап коюп, түштөн кийин “болбой калды, жогору жак менен сүйлөшкүлө” деп коюшту.

– Иниңизге кирип жолугуп турасызбы? Азыр абалы кандай? Өлкөдө бийлик алмашты, президенттен ырайым сурашы мүмкүнбү?

– Жолугуп турабыз, абалы жакшы. Садыр бул мүнөзү менен бийликтен ырайым сурабайт.

"Өзү бир эле учурда эки колун жана моюнун кесет дегенге ким ишенет? Бул Садырды сындырыштын бир амалы эле".
"Каптагаев өзү сотко келип "Садыр Жапаровдун ал митингге тиешеси жок, бул башкалардын сценарийи" деп көрсөтмө берсе да сотто эске алынган жок".
"Садырды колдоо митингинде мен, Садырдын балдары жана башка инилерибиз, келиндерибиз бир күндө камакка түшүп калдык".


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Камактагы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров: "Бийликтен Садырды камагыла деген заказ болгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан