Бишкекте 1-августта жарандык активисттер Бишкек шаарына мэр шайлоо маселесин талкуулашты. Жыйынтыгында 8-августка дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону токтотуу талабы менен бийликке кайрылуу жолдошту. Алар Бишкек шаардык кеңешиндеги фракцияларды мэрлик кызматка Азиз Суракматовдон башка да талапкер чыгарууга чакырууда. 60 жарандык активисттин колу коюлган кайрылуу Борбордук шайлоо комиссиясына, президенттин жана өкмөттүн аппаратына жөнөтүлдү.
Бул арада ЖМКларда "Азиз Суракматовду мэр кылууга Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов кызыкдар" деген маалымат тарай баштады. Ошондой эле парламенттин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов, учурдагы КСДПдан парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Азиз Суракматов жакын туугандар экендиги айтылды. Ал эми Жаныш Кудайбергенов экс-депутат Курмантай Абдиевдин күйөө баласы. Кадр дайындоодо кесипкөйлүктү эмес, жеке кызыкчылыктарды биринчи орунга коюу азыркы бийликтин тушунда деле өзгөрүп кетпеди.
“Кактус” жазгандай, мэрликке жалгыз талапкер болуп катталган Азиз Суракматов эжеси жана баласы аркылуу Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жана имараттарды куруу менен алектенген "Елизавета" жана дагы бир топ курулуш компанияларына тиешеси бар. Ал компаниялардын бир бөлүгү 2008-2010-жылдары Азиз Суракматов Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп турганда түзүлүп, компаниялар Бишкекке бир топ ири имараттарды курган, азыркы тапта да курууда. Жарандык коом Суракматов мындай бизнеси менен Бишкек шаарынын мэри болбошу керектигин, өз бизнесинин кызыкчылыгын көздөө, өз көмөчүнө күл тартуу болбойт деген кепилдик жоктугун, андыктан кызыкчылыктар кагылышы орун аларын эскертишти.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg