Камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаев Бишкекте Улуттук кардиология борборунда медициналык текшерүүдөн өттү. “Ата Мекендин” юристи Таалайгүл Токтакунова экс-депутаттын ден соолугу жакшы эмес экенин, бирок жетиштүү кам көрүлбөй жатканын айтат. “Ал камалганга чейин эле ооруканада дарыланып жүргөн. Ооруканадан убактылуу чыгып Европага учуп, кайтып келери менен камакка алынды. Ал жаткан абакта медициналык кароо жакшы жүргүзүлбөйт”,- дейт Токтакунова. Ал ошондой эле ооруканада Текебаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн ага жолугууга киргизбей коюшкандыгын кошумчалады. Өмүрбек Текебаев быйыл апрель айында да аталган борбордо текшерүүдөн өтүп, кайра абакка киргизилген. Ошондо Жанар Акаев өңдүү депутаттар Текебаевдин саламаттыгын текшерген дарыгерлер кысымга алынып, алар "экс-депутаттын ден соолугу кооптуу эмес" деп корутунду чыгарууга аргасыз болуп жатканын айтып чыгышкан. ЖАМК жетекчилиги "саясатчы дарылануусун абакта улантат" деп билдирген. Ага чейин бир топ саясатчылар, коомдук ишмерлер Текебаевдин дарыланышына шарт түзүп берүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. Башкы “ата мекенчини” дарыгерлер тобу абакка барып да бир нече жолу текшеришкен. Буга чейин Текебаевди ооруканага жаткырып дарылоого уруксат берилбей жатканын экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштырып келишкен. Атамбаевдин бийликтен кеткенине 1 жылга жакындап баратат, Текебаевге кадимки ооруканада дарыланууга дагы деле уруксат бериле элек.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg