“ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕССТЕ” МАНДАТ ТАЛАШ

Борбордук шайлоо комиссиясы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Эдик Досиевдин арызын кароо үчүн үчүнчү жолу жыйынга чогулуп, бирок комиссия мүчөлөрү бир пикирге келе алышкан жок. Негизи шаардык кеңеште бошогон орунга партиянын тизмеси боюнча 10-катарда турган талапкер Эдик Досиев келмек. Бирок партиянын саясий кеңеши ал орунду 23-катарда турган Аллаберди Парпиевге берүүнү чечкен. Бул боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын да чечими чыккан. Бирок ал чечимди күчүнө киргизүү үчүн БШКнын токтому керек. Азыркы тапта БШКнын мүчөлөрү эки түрдүү пикирде турушат. Айрымдары "партия мандатты кимге берүүнү өзү чечет" десе, башкалары "бошогон орунга тизме боюнча кезектеги адам бекитилиши керек" деп жатышат. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзамда мандатты кимге берүү боюнча партияда укук болгону менен, анын жол-жобосу так жазылган эместигин, андыктан кезек боюнча мандат алышы керек деген ойдо. Талаш кимдин пайдасына чечилери азырынча белгисиз.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан