Орусия, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнүн кино ишмерлери биригип кинокомедия тартууга киришишти. Аталган тасманын режиссёру КВНчи, актёр Ашот Кещян болмокчу. Ал эми продюсерлери казактардан Саят Тостыкбаев, Габит Сатмагамбетов, кыргыздардан Нурлан Мамакеев. Окуя Казакстан, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында башталып, кийин Италия, Испания, Францияда улантылат. Бул тууралуу тасманын продюсери Нурлан Мамакеев төмөнкүлөргө токтолду:
– Идеянын автору менмин, сценарийди Ашот мырза жана Амантур Ормуков жазды. Окуя курч өнүгөт жана көрөрмандарга күлкү тартуулайт деп ойлойм. Биздин мыкты актёр Азиз Мурадиллаев, ырчы кызыбыз Толгонай Арзыкеева тасмада роль аткарышат. Ашот мырза бул жаатта тажрыйбалуу режиссёр болгондуктан, ага бул чоң долбоорду ишенип тапшырдык. Биздин кино жаңы этапка чыгуу үчүн да бул жакшы трамплин болуп берет деп ишенем.