ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аман Элинага өтмүшүнүн эч нерсесин кеп кылчу эмес. Сураса дароо эле кабагы салынып, сөздү башка нерсеге бурганга аракет кылчу. Ошол үчүн Элина андан эч нерсе сурачу эмес. Эртең менен уктап жатып ал Аманды түш көрдү. Так эле тирүүсүндөгүдөй экен. Төшөгүнүн башына келип чачтарынан сылады.

– Сагындыңбы?- деди мурункусундай.

– Сагындым, качан келесиң?

– Мен келе албай жатпаймынбы...

Аман шуу үшкүрүп алды. Карааны алыстап бара жатат, Элина болсо аркасынан кыйкырып жатып ойгонуп кетти.

– Аман!

Апасынын кыйкырыгынан балдары ойгонуп кетти. Уйкулуу көздөрүн ушалай эшикке чуркашты. Оозгу бөлмөгө келип томсоруп туруп калды.

– Кана атам?

– Аман деп кыйкырдың го...

Экөө тең апасына суроолуу карашты. Элина шалдырай тизе бүгүп отурду да, экөөнү бооруна кысты.

– Келет атаң...

Ушул учурда эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Тура калган балдары эшикке аталап чуркашты. Эшикти ачса бейтааныш адам турган эле. Оозунан арактын жыты буруксуйт.

– Сиз кимсиз?

– Хе, мен киммин? Мен бул үйдүн ээсимин. Кайненең келип бир жумадан кийин бошот деди беле? Ошол Зейнептин баласымын. Силер дагы деле бул жердесиңерби?- деди ал жөөлөй кирип.

Балдар мас адамдан коркуп ыйлап жиберишти. Элина балдарын башка бөлмөгө киргизип, тигини ашканага чакырды. Сүйлөшүп жатып ал кайненесинин экинчи күйөөсүнөн төрөлгөн уулу экенин билди.

– Сенин күйөөңдүн акылы таптакыр жок болчу, билесиңби? Акчаны уучтап жүрүп бир тууганы мага жардам берген жок. Канча жолу келдим мен? Апамды ортого салдым. Эч бербеди. Мен үчүн апасына да жардам берген жок. Анткени мен апамдын эсебинен жашайт имишмин! Бул калп! Мен дагы иштечүмүн.

Мас адамдын сөздөрүнөн улам Аман апасына бул иниси үчүн жардам бербей жүргөнүн билди. Бул үйдү апасына белек кылганы менен, тиги жатып ичер уулу үчүн жашатпаган экен. “Сенин атыңда бул үй, болгону мен тиги акмак уулуң сени пайдаланышына жол бербейм” деп койгон экен. Элина эптеп аны үйдөн чыгарып, шалдырап отуруп калды.

ххх

Эшиктен кирип келген Зейнепти көрүп уулу обдула берди.

– Кайда жүрөсүң?

– Бир жерде.

– Билем мен сени! Өлгөн уулуңдун мүрзөсүнө барып келдиң.

Апасы көңүл бурган жок. Шуу үшкүрө отуруп калды.

– Тигилерди качан чыгарасың? Бир нече үйү бар дейт, а сен аларды аяп отурасың. Сен аракет кылбасаң, мен милицияга арыз менен кайрылам.

Зейнеп уулун чарчаңкы тиктеп койду. Маркум атасы да ушундай эле. Эч нерсени түшүндүрө алчу эмес. Кечке эзе бергенинен улам оозу бош “макул, ушу жума чыгып кетишет” деп кутулду.

ххх

Элина болжолдогон жерге Жаныбек келе элек экен. Машине токтоп, андан бойлуу жигит түштү.

– Сизби Элина?

– Мен.

– Саламатсызбы? Келиңиз бир жерге отуруп сүйлөшөлү.

Экөө чакан кафеде отурушту. Элинанын айткандарын угуп отуруп Жаныбек таң кала берди.

– Сиздин Аман менен расмий никеңиз жокпу?

– Жок.

– Анда чатак. Ал, демек, мурунку аялы менен ажырашкан эмес көрүнөт.

– Эмне дейсиз?- Элина уккан кулагына ишене албай турду.

– Му-мурунку аялы дедим. Сиз билген жок белеңиз?

Андан аркысын уккан жок. Бир жерди теше тиктеп катты да калды. Тиги эсин жоготуп калабы деп коркуп кетти.

– Элина, мына суу. Суу ичсеңиз жеңилдей түшөсүз.

Чыйпылыктаган жигит бозоруп турган Элинага чын дилинен боору ооруп карап калды.

– Сиз эмне деп жатасыз? Амандын менден башка аялы жок, болушу да мүмкүн эмес!- деди кичине эсине келген Элина.

– Мен да билчү эмесмин. Аны тааныган адамдын баары анын мурун үйлөнгөнүн билчү эмес. Сиз чалгандан кийин мен сураштырып жүрүп ал көп жыл мурун Зарина деген кызга...

– Мүмкүн эмес.

– Жаңылыштык чыгар, бирок мага айткан адам Амандын жакын адамы болчу. Ал калп айтышы мүмкүн эмес.

– Ким ал?- деди жаалданган Элина. – Мени дароо ошол адамга алып бар.

– Ал бул өлкөдө эмес.

Элина башын мыкчып отуруп калды. Таптакыр башына уккан сөздөрүн киргизе албай турду. “Бул бир жаңылыштык, дөөдүрөгөн бирөө өлүп калган күйөөмдүн наамына сөз тийгизип жатат” деп ойлоп турду. Канчалык сураса да Аманды жакшы билет деген адамдын атын айтпай койду адвокат.

– Сиз үйгө барып тынчтаныңыз. Жакшылап эс алыңыз, анан андан ары эмне кылабыз кеңешебиз.

Элина машинесине отурду. Жашоосунда эмне болуп жатканын түк түшүнө албай турду. Акыры өзүн колго алып жолун улады. Үйгө келсе аны дагы бир сюрприз күтүп турган экен. Босогодон эле кайненесин көрдү. Жек көрө тиктеп алды. Көзүн ала качкан аялды тиктеп туруп эмнеге келгенин түшүндү.

– Азыр чыгып кете албайбыз. Мен баш-аягымды жыйнап алайын. Жетишесиңер. Балдар атасын сагынып ким коңгуроону чертсе чуркап жатышат. Алар сиздин небереңиз. Бул үйдөн чыгып кетсек ого бетер кыйналышат.

– Мен түшүнүп турам, бирок...

Элина көзүн жумуп отуруп калды.

– Мен эмне кылам, ия?- деди. Кайненесине айтып жатабы же өзүнөбү, белгисиз эле.

– Мен бул жаман түштөн ойгонуп кетсем, жанымда Аман болсо, ал түш экенин айтса... Билесизби мен эмнеден коркчумун? Ар дайым мен аны жоготуп алгандан коркчумун. Ал мага күйөө эле эмес болчу. Атам, агам, досум эле. Аман колунан келбеген эч бир маселе жок болчу. Ал күчтүү болчу. Кучагында турганда анын күчтүү экенин ар дайым сезчүмүн.

Элинанын көздөрүнөн жаш эрксизден агып жатты. Ал жашын аарчып койбой сүйлөй берди.

– Менин бир чоң энемден башка эч кимим жок эле. Чоң энем экөөбүздүн жашообузда кара жана ак эле түс болчу. Башка түстү билчү эмеспиз. Аман келди. Менин жашоом таптакыр башка түскө бөлөндү. Ар түркүн... Баса, сиз ал тууралуу эч нерсе билбейсиз да. Ал тамактардан мантыны жакшы көрчү. Эчен мамлекетти кыдырып, эчен тамак жеп көрсө да, мен жасаган мантыны сагынып келчү. Ар дайым ал келерде манты жасап күтүп алчумун.

Анан ал караңгылыкты сүйчү эмес. Уктаарда да кичине шоола болуп турганын каалачу. Анткени кичине кезинде апасы балдар үйүнө таштап кеткенде ал баарынан караңгылыктан коркконун айтып калчу.

Ал аз сүйлөчү, бирок маанайы болуп турганда кечке тамашалап күлдүрө берчү. Өзү тууралуу көп айтчу эмес, бирок менин кыялымды, эмнени жакшы көрөм, эмнени жаман көрөм, баарын сурап алчу.

Ал мени, балдарын бул дүйнөдөгү бардык нерседен коргогусу келчү. Өзгөчө уулун жакшы көрчү, анткени мен кызым менен алектенип, ал көбүнчө Адамды багып калчу. Бир күнү келсем Адамды жаткырып алып ага дүйнөдөгү кооз сөздөрдү айтып жалынып жаткан экен. Элдин көзүнчө эмоциясын чыгара алчу эмес да. Билесизби, ал Алиянын төрөлүшүн каалаган эмес, бирок кийин “мени кызымдай эч ким бактылуу кылган эмес” деп айтты.

Ал айта берди. Бирок Зейнептин жүзү эч өзгөргөн жок. Жөн гана кошунасынын арманын айтып жаткандай суз угуп турду. Бир учурда Элинанын ийнине акырын колун коюп таптап койду да, үн катпай узай берди.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
asdef
2018-08-07 09:27:49
Ушунча бай болуп эмнеге жашаган уйу башка бироонун атында болгон тушунуксуз и башка уйун эмнеге айткан эмес
+5
saipi
2018-08-07 10:15:39
Бул жерде бир сыр жатат
+3
Maral97
2018-08-07 11:05:13
Чоң энесинин үйүнө деле барбайбы ээ
+2
alisha00
2018-08-07 11:28:49
Аман дагы "эркек" экенго
+2
burul98
2018-08-07 12:37:23
журок ооруулу болуп калмай болдум....
+1
vikidiki
2018-08-07 17:10:56
Ушундай чырактай жаш кызды аялдыкка алып аткандан кийин, келечегине кам корсо болмок да Аман. Жок дегенде балдарын ойлоср болмок. Туура ажалы келип калганын билген жок дечи. Бирок баары бир алдын ала камдаса болмок. Бай болгондон кийин. Энесинин кейпи тиги болсо.
+1
Chaki2795
2018-08-08 01:52:01
Ушул чыгарма суперстандабарбы туугандар?
0
Cherik.777
2018-08-08 13:26:38
Балким ал улгуро албай калдыго
0
Shaa-82
2018-08-08 14:04:20
Аман эч олбочуудой болсо керек эледа. Баарынан да балдарга боорум ооруп кеттат. (((
0
Djka
2018-08-08 14:07:13
820санында айтым эле дал мен ойлогондой болду го башка булосу бар аны Элина билбейт деп ойлоп жаттым эле Аман озунун башынан откондорунон деле улгу алса болмок биринчисин бактылуу кыла албай жатып экинчисин неге алды да балдарын атасыз аялын жок жерден эрсиз калтырды анысы аздык болгонсуп уйсуз бир тыйынсыз талаада калтырды эх эркектер эрк-р качан эсинерге келесинер азыркы заманда кыздар бузулду дейсинер кыздар бузулбай эле эркек атуулардын баары эле бузулуп баратат Адам болоюн деген бири да жок
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан