ЫЗЫ-ЧУУДАН БАШЫ ЧЫКПАГАН «NINETY ONE» ТОБУ

Казакстандын шоу дүйнөсүнө өзгөчөлүк алып келген, өспүрүм кыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Ninety One” тобу тууралуу кулагыңыз чалды беле? Эгерде сиз К-pop жанрындагы ырларды сүйүп уксаңыз, анда бул топ тууралуу кабарыңыз болушу керек. Гезиттин бул санында казакстандык бойс-бэнд тууралуу кеңири маалымат беребиз.


ALEM

Чыныгы аты-жөнү – Маликов Батырхан Абайивич

Лакап аты – Alem

Группадагы позициясы – Вокалист

Туулган жылы – 1993-жыл, 18-февраль

Жылдыз белгиси – Суу куяр

Бою – 174 сантиметр

Салмагы – 68 килограмм

Туулган жери – Өзбекстан, Үчкудук шаары

BALA
Чыныгы аты-жөнү – Кулумшин Данияр Ахылбаевич

Лакап аты – BALA

Группадагы позициясы – Вокалист

Туулган жылы – 1998-жыл, 19-февраль

Жылдыз белгиси – Балык

Бою –175 сантиметр

Салмагы – 58 килограмм

Туулган жери – Казакстан, Актөбө шаары

ACE

Чыныгы аты-жөнү – Ашмакын Азамат Кайратулы

Лакап аты – ACE

Группадагы позициясы – Вокалист, бийчи

Туулган жылы – 1993-жыл, 29-август

Жылдыз белгиси – Бийкеч

Бою – 177 сантиметр

Салмагы – 59 килограмм

Туулган жери – Казакстан, Алматы шаары

A.Z.

Чыныгы аты-жөнү – Зенкаев Азамат Байбулатович

Лакап аты – A.Z.

Группадагы позициясы – Группанын лидери, рэп айтуучу

Туулган жылы – 1993-жыл, 28-сентябрь

Жылдыз белгиси – Тараза

Бою –182 сантиметр

Салмагы – 65 килограмм

Туулган жери – Казакстан, Атырау шаары

ZAQ

Чыныгы аты-жөнү – Мухаметкалиев Дулат Болатулы

Лакап аты – ZaQ

Группадагы позициясы – Рэп айтуучу, хореограф

Туулган жылы – 1996-жыл, 8-февраль

Жылдыз белгиси – Суу куяр

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 62 килограмм

Туулган жери – Казакстан, Семей шаары




ТОП ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Казакстан мамлекети Кыргыз Республикасы сыяктуу эле 1991-жылы эгемендүүлүктү алгандыгы баарыбызга белгилүү. Бул топтун аталышы да ушул жыл менен байланыштуу. Муну менен топтогу жигиттер башка ырчылардан айырмачылыгы – алардын көз карандысыз жана эркин экендигин айтып келишет.
  • Топ тууралуу 2017-жылы “91” аталышындагы көркөм тасма тартылган.
  • 2017-жылы топ тууралуу “Кагаз кеме” сериалы тартылган. Кызыгы, бул сериал Кыргыз өлкөсүндө, тагыраагы, шаарыбыздагы Борбор Азиядагы Америка университетинде тартылган.
  • 2018-жылдын 19-февралында НТК телеканалында “91” аталышындагы реалити-шоу старт алган.
  • Топ июнь айында Бишкек шаарында бий боюнча өткөрүлгөн «MDB» чемпиондугунда келип кетишкен.
  • Популярдуу ырлары: “Айыптаба”,“Кайрадан”, “Суу астында”, “Муз”, “Кандай карайсың?”, “Бүгүнкү күн”, “Унутпа” жана башкалар.

    ИЙГИЛИК ЖОЛУНА ТАШТАЛГАН АЛГАЧКЫ КАДАМДАР
Бул топту түзүү жана продюсерлик менен алектенүү идеясы алгач “ORDA” казакстандык музыкалык тобунун мүчөсү Ерболат Беделханга келген. Продюсер жөн гана топ түзүү менен гана чектелбестен “андагы жигиттер сөзсүз түрдө келбеттүү, ырдоо жөндөмдүүлүгү жогору, бийлегенге шыктуу болуусу керек” деген талап койгон. Топ 2014-жылы түзүлгөн. Сынак аркылуу алгач топко жеңүүчү аталышкан Дулат Мухаметкалиев жана Азамат Зенкаев кабыл алынган. Андан соң Батырхан Маликов жана Данияр Кулумшин жетекчиликтин купулуна толуп, топтун катарын толукташат. Азамат Ашмакын Түштүк Кореядагы
“SM Entertainment” агенттигинде тажрыйба алып келген соң топтун катарына кошулган. Алгач топтогу жигиттердин атын жөнөкөйлөштүрүү керек эле. Себеби алардын негизги максаты – бул дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүү болчу, андыктан, A.Z. (Азамат Зенкаев), ALEM (Батырхан Маликов), ACE (Азамат Ашмакын), ZaQ (Дулат Мухаметкалиев) BALA (Данияр Кулумшин) болуп өзгөргөн.
"Ninety One” тобунун чоң сахнадагы тушоосу 2015-жылдын 1-сентябрында кесилген. Топ алгач “Айыптаба” аттуу ыры менен чыккан. 2015-жылдын 8-сентябрында ырга клип тартылып, Казакстандын музыкалык чарттарында 20 жума бою лидер болушкан. Бул видеоклипти дүйнөнүн 120 өлкөсү көрүп, ал эми алардын 57си аны кайталап ырдашкан. Топтун Инстаграм баракчасында 500 миңге жакын катталуучу бар.

ХЕЙТЕРЛЕРДИН ЧАБУУЛУ
Бул топту дайыма ийгилик гана жандап жүрөт десеңиз, анда сиз жаңылышасыз. Себеби “Ninety One” тобу ызы-чуудан башы чыкпайт. Коомчулук топтогу жигиттердин чач боёгону, кулак көзөгөнү, кийинүү стилдери боюнча дайыма негативдүү ойлорду айтып келишет. Ал гана эмес, динге каршы чыгышууда деп айыптагандар да бар. Ал эми топтун продюсери мындай сындарды четке кагып келет. “Ninety One” тобунун Актөбө, Караганда жана Жезказган шаарларында боло турган концерттери токтотулган. Себеби топтун чыгармачылыгына каршы адамдар концерт өткөрүлүүчү шаарлардын жергиликтүү администрациясына нааразычылыгын билдиришип, жыйынтыгында концерт үзгүлтүккө учураган.
Айта берсек, мындай ызы-чуулардын аягы тыйылчудай эмес. Бирок “Ninety One” тобу аларга карата айтылган негативдүү ойлорго карабастан чыгармачылыгын улантып, күйөрмандарын жаңы ырлары менен кубантып келишет.
Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sheralievvva
2018-08-07 12:34:30
Эркек эркектей , аял аялдай болуш керек......
+6
monster_high_98
2018-08-07 14:23:53
Фиолетовыйдан башка цвет эле тандаса олобу? ХХХ окшоп калыптырго
+3
Shahrizaada
2018-08-09 16:27:35
Жакшынакай ысымдары бар экен,каяктагы тантырак аттарды коюп алышканын
+2
anelya_kaparova
2018-08-11 09:27:25
Бул деген сахна образы гана. Силер сырткы кабыгын карабай мазмунун карасаңар болот. Бул топтун балдары өтө таланттуу, клиптерин карасаңар өзүнчө бир керемет. Ырахат аласың, мега шоу тартуулашат. Ар бир ыры, бийи өздөрүнө таандык, өздөрү автор. Мыкты вокал жана хореаграфия. 91-Казакстан шоу дүйнөсүнүн жаңы толкуну! той форматынан качкандар!
0
fantastic_baby
2018-08-20 19:59:57
Мындай стиль тигиндей чач жасалма дегенди туура эле тушуном, бул деген шоу дуйно да, жонокой кийим менен чыгып алып топ болсо башкалардан кантип айырмаланат ошондо ? Ийгилик жаш эле балдар экен, келечегинен корсун. Шоу дуйнону шоу дуйнодой эле кабыл алыш керек. Бизде деле журбойбу Кайрат Кыргыз дегендейлер)))
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан