КЫРТ, КЫРТ... КЫРТЫЛДАГАН БАДЫРАҢ ТУЗДАҢЫЗ

Бадыраң туздоо мезгили келди. Бул жолу сиздерге кызыктуу, өзгөчө рецепттер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Даамдуу, кыртылдап туздалган бадыраң мыкты закуске жана тамак, салаттарга мыкты кошулма боло алат.

АЛМА МЕНЕН ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ

Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң
– 1,5-2 килограмм
Алма – 1-2 даана
Сарымсак – 4-5 тишче
Укроптун гүлү – 1-2 тал
Карагаттын жалбырагы – 3-4 даана
Тоголок кара мурч – 10-12 даана
Лавр жалбырагы – 4 даана
Кумшекер – 1 чай кашык
Туз – 2 аш кашык
Уксус 9% - 1 аш кашык

Суу – 1,5-2 литр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды, сарымсакты, укроп гүлүн, карагат жалбырагын жана алманы тазалап, жууп алабыз. Алманын кабыгын аарчыбайбыз.

2. Алдын ала бууланган банканын эң астына укроп гүлү, карагат, лавр жалбырактары, тоголок кара мурч салынат. Андан соң бадыраң, алма, сарымсакты тизебиз да, үстүнө кайнак сууну толтура куюп, капкагын жаап, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.

3. Банкадагы сууну мискейге куюп, ага тузду, кумшекерди салып 5 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында сууга уксусту кошуп, дароо банкага куюп, оозун бекитебиз. Банканы көмкөрүп, үстүн жылуу жаап коёбуз.



ПОМИДОР ШИРЕСИНДЕГИ БАДЫРАҢ

Керектелүүчү азыктар:

(3 литрлик банка үчүн)

Бадыраң – 1,5-2 килограмм
Сарымсак – 5-6 тишче
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Помидор – 1,5-2 килограмм
Кумшекер – 2 аш кашык
Туз – 2 аш кашык
Уксус 6% – 150 миллилитр


 

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорлордун үстүнө кайнаган суу куюп, кабыгын аарчып алуу керек. Андан соң эт туурагычтан өткөрөбүз. Ширеге өсүмдүк майын, тоголок кара мурч кошуп аралаштырып, отко коюп, 15 мүнөт кайнатабыз.

2. Бул убакта алдын ала бууланган банкага жууп-тазаланган бадыраңды, укроп, сарымсакты тизип салабыз.

3. Банкага кайнак суудан толтура куюп, капкагын жаап 10 мүнөткө тыныктырып, төгүп салабыз.

4. Кайнап жаткан помидор ширесине туз, кумшекер, уксусту кошуп 5 мүнөттөй кайнатабыз да, бадыраңдын үстүнө куюп, оозун бекитебиз. Банканы көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Feiza1982
2018-08-07 18:00:45
Рахмат кеңешинерге Супер
0
Nanei
2018-08-08 07:56:26
Feiza1982,эмнесине ракмат пропорции жок. Канча эмнени кошуш керек экенин
+9
perishka18
2018-08-09 12:08:33
Ооба. Жазат десе эле жаза бербей. канчага кандай,канча банка чыгат. Ошолорду да жазбайбы.
+2
Kut-begim
2018-08-09 12:14:12
Каяка кырт кырт болот,бул илгерки туздалчу туруго.азыр антип туздабай калганбыз кумшекер кошуп дилдаам кылып.
+4
baku24
2018-08-09 16:47:39
олтурдунор го
+1
sely
2018-08-11 08:43:01
Негизи бадыранга уч жолу кайнак суу куюп анан тортунчусундо бабуу кк. Мен бул жолу мн канча жылдан бери туздап журом.
+2
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан