ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 6-августтан 12-августка чейин


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичи сүйгөнүңүзгө, өз балдарыңызга караштуу маселелерге көп чуркайсыз. Алардын керектөөлөрүнө кайсы бир өлчөмдөгү акчаларды сарптайсыз. Жубайыңыз, айрым бир адамдар менен алакалар жакшырат. Аракетти эртерээк жасаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жумада чарба иштерине көп алагды болосуз. Жакындарыңыз, өмүрлүк жарыңызга аяр мамиле жасаңыз. Антпесеңиз чыр чыгышы мүмкүн. Кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ боло баштайсыз. Сулуулугуңуз артат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Сиз үчүн кооптуу мезгил. Кошуна, сырдаш, бир туугандар менен баарлашууда токтоо болуңуз, таарынычтар орун алышы мүмкүн. Балдарыңызга кам көрөсүз. Бейшембиге чейин сүйүүлөр күчөйт, ойгонуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дагы бир аз чыдап коюңуз, акчага байланыштуу көйгөйлөрдүн бүтүшүнө аз калды. Балдарыңыз, сүйгөнүңүз ортосунда эс алуу жаатында таарынычтар орун алышы мүмкүн. Жакындарыңыз менен жакшы тил табышасыз. Киреше кирет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Айрым каршылык, тоскоолдуктарга туш болосуз. Каршылыктын бир бөлүгү жакындарыңыз тараптан болсо, таң калбаңыз. Чарба иштери көйгөй жаратат. Жагымдуу кабар угасыз же сапарга чыгасыз. Сүйлөшүүлөр көп болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашыруун, сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Жашыруун душмандардын кылтагына илинүүдөн сак болуңуз. Сүйлөшүүдө токтоолук керек. Акча жаатына көңүл буруңуз, кыйкымчылдыкты көрсөтпөсөңүз, анын келиши жаман болбойт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кесиптеш, достор, айрым мекемелер менен алака кылууда түшүнбөстүктөр жаралат. Түшүнбөстүктүн жаралышына негизинен ортодогу акча, буюм себепкер болушу мүмкүн. Бейшембиге чейин болуп көрбөгөндөй сулуу болуп чыга келесиз. Романтика күтөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Өкмөт адамдары, жетекчилик, жакын туугандарыңыз менен чогуу иш алып барууда абайлаңыз. Ортодо нааразычылык, таарынычтар келип чыгат. Тоскоолдуктар болсо чыдаңыз. Кайсы бир купуя каалооңузду ишке ашырасыз. Үй-бүлөңүздү ойлоңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көзөмөл органдары, башка шаардык адамдар, дин кызматкерлери менен алака кылууда абайлаңыз. Менменсинүүдөн улам ортодо тирешүүлөр пайда болот. Дос, кесиптеш, бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Акча, буюм, акыркы сапар темасына байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Айрым кесиптеш, достор арасында таарынычтар орун алат. Колдоо керек болсо өкмөт адамдары, жетекчилик тарапка баш багып көрүңүз. Жыйынтыгы кубандырат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өнөктөш, каршылаш, жубайыңызга аяр мамиледе болуңуз. Таарынычтардын болушу күтүлүүдө. Мыйзам көйгөйүнөн сак болуңуз. Текшерүү органдары, бөтөн шаардык адамдардын сизге болгон көз карашы жаман эмес. Андыктан учурду пайдаланыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушуңузга текшерүү түшүшү мүмкүн. Андыктан даяр болуңуз. Текшерүү келбей калса бошой калбаңыз. Анда көйгөйлөрдү кесиптештер тараптан күтө бериңиз. Бут тосуулар болот. Киреше кириши күтүлүүдө, эртерээк аракет баштаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан