Балбан кыз 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Бул Айсулуу үчүн жаңы салмак категориясы. Алгач Тунистен келген спортчу Фатма Иноублини кыйынчылыксыз 11:0 эсебинде утуп алса, чейрек финалдык беттеште Тыныбекова германиялык балбан Луизу Неймехти 7:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда азербайжандык Элмира Гамбалованы 4:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Финалдык беттеште Тыныбекова болгариялык Тайбе Яссейн менен күч сынашмак. Бирок машыктыруучу Нурбек Изабековдун чечими менен Айсулуу килемге чыкпай, натыйжада күмүш медаль тагынды. Эске салсак, буга чейин Айсулуу Тыныбекова ушул жылы Кытайда өткөн мелдеште коло медаль жана Испанияда болгон эл аралык турнирде алтын байге тагынган.
Кубан Жумамидинов