АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ОТОО ЧӨП БАСКАН ДАЧАЛАРДЫ ГҮЛ БАКЧАГА АЙЛАНТТЫМ»

Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылына ырчы Алтынай Нарбаеванын кошуна жайгашкан 2 дачасына конокко бардык. Ырчы дачаларды сатып алганда каралбаган, отоо чөп абалда болгонун айтат. «Мен сени сүйөм, өмүр» деген ырчы каралбаган дачаны өз колу менен гүлдөткөнүн көрүп чын эле жашоону, өмүрдү сүйөрүн билдик.

– Бул дачаны 2011-жылы үйүнө кызыгып сатып алгам. Отоо чөп баскан, эч нерсе көрүнбөгөн бакча болчу. Орок менен чөптөрдү орсом алма, алмуруттун көчөттөрү чыкты. Жерди казып бассейн курдук.
– Түштүктүн кызы болгондуктан чарпаяны жакшы көрөм. Арыкта аккан суунун үстүнө чарпая жайгаштырдык.
– 100дөн ашык дөңгөлөктү машинага жүктөп келип, бакчага орнотуп, ичине гүл отургуздум. Дөңгөлөк салгандан кийин машинам бир апта жыттанып жүрчү.Ошондон кийин жакындарымдын, кесиптештердин арасында атым дөңгөлөк болуп калган.
– Экинчи дачабызды 2014-жылы сатып алдык. Жаңы алганда бул жер деле отоо чөп баскан бакча болчу. Кызым Каринаны жел бешикке уктатып коюп иштей берем. Апрель келери менен бул жакка көчүп келем да, биринчи кар түшкүчө ушул жерде жашайм.
– Эски тамды кол менен бузуп, жаңы салганбыз. Байкем Алижан башында туруп, 3 кабат үй салдырып берди. "Шыбаганды билбейм" деп дубалдарга пластик урган. Биринчи кабатта кызымдын, анан сиңдимдин бөлмөсү жайгашкан. Кышында от жаксак 3 кабат тең жылыйт. Жаңы жылды дачадан тосмой адатыбыз бар.
– 2-кабатта балдарымдын бөлмөсү бар.
– Маселенин баары 3-кабатта чечилет. Шыбын атайын асмандай көк, полду шибердей жашыл кылганбыз. Канча конок келбесин коркпойм, бөлмөлөр кенен, төшөк көп.
– Мен педагогмун, ошондонбу балдарды, алардын шартын биринчи орунга коём. Селкинчектерди буйрутма менен жасатып, өзүм боёп чыктым. Келген конок балдардын көңүлү көтөрүлсө, ата-энесинин да маанайы жакшы. Туугандарым Ысык-Көлдөн, Алматыдан келип, атайын дачада эс алып кетишет.
– Малина терип, күнүнө 2-3 литрден кыям жасайм. Бакчада душ, тооккана, иткана бар. Итти кичинекей кезинде алганбыз. Анын питбуль породасында экенин деле билген эмеспиз. Дачалуу болгондон бери тоок бага баштадым, жумуртка сатып жебейм. Тоокторго 20дан жумуртка бастырдым эле, окшошпой жатат. Күнүнө эки-үчтөн жөжөнүн өлүгүн чыгарам. Кадимкидей жүрөгүм ооруйт.


– Ар бир ташта, ар бир бакта, ар бир гүлдө колумдун издери бар. Жумуштун баарын мен кылдым дебейм, балдарым, жолдошум, туугандарым жардам беришет. Бирок аял киши болгондон кийин жумуштун көбү менин моюнумда. Бир жумушту кылып бүтсөм, экинчи жумуш мени качан кылат деп күтүп калат. Ар бир жумуш мен үчүн спорт. Балдарым «апабыз заңгырап ырдап жүрүп өтүп кетиптир» дешпесин деп ар бирине дача, үй, машина алып берүүгө аракет кылып жатам. Дачаны жерди жакшы көргөн адам алыш керек. Кудай Таалам берген ар бир чарчы метрди аздектегим келет.

Кашка-Сууда жүрөк ооруларын дарылоочу санаторий бар. Менде да жүрөк кемтиги бар экен, аны кийин билдим. Бул жердин абасы жүрөк ооруларына жакшы дешет, акыркы күндөрү оорумду деле сезбей калдым.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алтынай Нарбаеванын гүлгө оронгон дачасында конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Nevestkaa
2018-08-14 10:06:59
Алтындай болгон кең пейил эже да,колуңуз дарт көрбөсүн эжеке.
+15
mela
2018-08-14 11:50:46
Кыйын аял экен.Байкеме уй алып бердим,кыйналбасын деп айтканы эсимде.
+11
Merelisha
2018-08-14 12:05:20
Аябай мыкты ырчы айым. Апам ТВдан чыкканда ишин коюп суйунуп ырын угат. Дайым апамдын туулган куну куну Ошко концерт койгону келет,бирок апам эч баралбады,бир концертине сюрприз кылып алып баргым бар. Чоон ийгиликтерди каалайм эжеге.
+7
Jazdyn_tany
2018-08-14 12:18:22
Ишиңизге ийгилик! Кыйын эже экенсиз. Ырчылар ак кол болот го негизи, сизге баа бердим

+4
Journalistgirl
2018-08-14 17:52:25
Сиз менен сыймыктанабыз Оштун эли. Бар болунуз!
+4
omu
2018-08-14 21:40:11
Journalistgirl,Ал Баткенден
-4
mela
2018-08-14 21:59:45
omu,Оштук эле...
+3
eljana
2018-08-17 23:19:04
omu,Ош обл. Озгон району. Куршаб айылынан болот
+1
bond02
2018-08-15 00:09:40
Бир эркек таап алсаныз кышында уй жылытам деп убара болбойсуз.
-8
Mart19
2018-08-15 03:37:23
bond02,тообо мунун жолдошу бар апей
+6
bond02
2018-08-16 09:44:53
Mart19,жок окшойт деп ойлопмун, баарын эле озум кылдым дептир го.
-4
AKCAHAT
2018-08-20 18:11:06
Ырдаймын деп жолдошуму, уйуму таштап баса бергем деген интервьюсу бар беле.
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан