Бекчоро: «АПАМДЫ КЕЛИНДҮҮ КЫЛЫП СҮЙҮНТТҮМ»

Бекчоро "жакында сөзсүз үйлөнөм" деп катуу оолуккан эле. Ырчы азыр оолуккан таз, демиңди бас болуп отурган чагы. Дегеним, Бекчоро сүйгөн сулуусуна үйлөнүп, бир үйдүн кожоюну деген статуска ээ болду.

– Бекчоро, үйлөнөм деген сөзүңө бекем туруптурсуң. Эмне анча шашылдың?
– Өткөндө силерге "эртерээк үйлөнбөсөм, көчөдөн сулуу кыздарды көргөндө моюнум узарып, өзүмдү кармай албай кетип жатам" дебедим беле, ошентип ар кайсы сулууга эле жулуна берсем жайдын күнү арыктап кетем го, тамаша (күлүп). Чынында, шашылыш үйлөнгөнүмө эртерээк бала жытын жыттагым келгени себеп болду.
Кореяга кетер алдында сүйлөшкөн кызым Назгүлгө “келгенден кийин баш кошобуз” деп айтып кеткем. 28-майда кыздын туугандарынын алдына байкелерим, жеңелерим менен барып сөйкө салып, бир күн конок болуп, эртеси алып кеттик. Борбордон балдар эки машина менен тез эле Казарманга жетип бардык. Күйөө жолдоштук милдетти Азиз Жетигенов аткарды. Барарыбыз менен келинди көшөгөгө киргизип, апам өз колу менен жоолук салды. Күн мурун даярдалган молдо нике кыйды. Мурда эле “сизди өкүл ата коём” деп айтып жүргөн Улан байке менен Лолита жеңени өкүл ата-өкүл апа шайладык. Анан дароо туугандарыма, жердештериме, күйөрмандарыма келин алып келгенимди сүйүнчүлөп концерт бергенге клубга чыгып кеттим.
– Келин алып барган күнү эле концерт берсең, алдын ала пландалган экен да...
– Ооба, ошондой пландарды миң ойлонуп отуруп түзгөм. Келиндүү болгондоруна жердештерим абдан сүйүнүштү. Сахнага чыгып куттукташты. Бул жактан жакын санаалаш сахналаштарымды да ала баргам. Алар ырдашты. Ошентип, концерт эки жарым саатка созулду. Эл батасын берип, бизге жашоонун шаңдуу, таттуу күндөрүн каалашты.
– Айылда канча күн болдуңар?
– Он күн болдук. Он күн ичинде жакын туугандарымды чакырып, чакан той өткөрдүк. Чоң той өткөргөнгө азырынча шарт жок. Буюрса, күзүндө борбордо өтөт.
– Назгүлдү шаардык кыз деп жаттың эле, айыл турмушунан жүдөп кеткен жокпу?
– Назгүл өзү тың кыз. Мен тамашалап “казармандыктар келинди алыскы тоолорго алып барып 40 күн бээ, уй саадырып сынашат. Эртең ошол жакка кетебиз” дедим күлбөй туруп. “Мен саай албайм, койчу” деген сөздөрдүн ордуна мен үчүн ага да макул болду. Негизи, ал бээ эмес, уй сааганды да билбейт.
– Канча жылдан бери сүйлөшүп жүрдүң эле?
– Төрт жарым жылдан бери кыз-жигит болуп жүрдүк.
– Мындан мурунку берген интервьюларыңда “сүйүүмдү таппай жүрөм” дечү элең го...
– Назгүл экөөбүз жакшы мамиледе болгонубуз менен, кээде таарынышып кетип үч-төрт айга чейин жолукпай калып жүргөнбүз. Ошондо “бул кыз менин түбөлүк жарым боло алабы? Таарынычтар өтө эле көп болуп жатат...” деген күмөн ойлор келчү. Ошондон улам күйөрмандарыма “сүйлөшкөн кызым бар” деп ачык айта алчу эмесмин.
– Келинчегиң Назгүл сенин кайсы бир клибиңе тартылыптыр го...
– Ооба, ал менин алгачкы клиптеримдин бирине тартылган. Назгүл экөөбүз клипке чейин эле жакшы мамиледе болчубуз. Клипке тартылууну сунуштасам, каршы болгон эмес.
– Кантип таанышып калдыңар эле?
– Мен иштеген кафеге Назгүл курбулары менен келип калды. Жакын досунун туулган күнү экен. Назгүл курбусуна ыр заказ кылганы келгенде жактырып калдым. Жактырып калган үчүн кечке эле “Назгүлдүн атынан” деп ырдай бердим. Ошентип таанышып калганбыз.
– Кайда жашап жатасыңар? Келинчегиң окуйбу же иштейби?
– Азыр 10-кичирайондо батирде жашап жатабыз. Күзүндө Көк-Жар айылында салынып жаткан үйүм бүтөт.
Назгүл болсо Кыргыз-Орус Славян университетинин 4-курсун аяктап жатат.
– Бактылуу болгула, маегиңе рахмат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Tokmok
2010-06-21 15:01:55
Baktyluu bolgula, iyigilik!!!
0
2010-06-21 18:45:57
Baktyluu bolgula,bala 4akaluu bolgula
0
rai
2010-06-21 19:40:12
Көшөгөңөр көгөрсүн!!!
0
honey
2010-06-23 18:16:57
Экоо пара экен. Бактылуу болгула! Алга Казарман!
0
lira
2010-06-24 08:01:36
Klibinen korgondo kyrgyzga okshoshturgan emesmin!
Baktyluu bolgula,karmashkan kolunar bekem bolsun!
0
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан