Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ТИЛЕК ЖЭЭНБЕКОВ, мушкер: “КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИН ЗАМАНБАП ГЛАДИАТОРЛОР ДЕП КОЙСО БОЛОТ”

№823 10 - 16-август, 2018-ж.


Ушул жылдын 23-июль күнү мушкер Тилек Жээнбеков Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн Angel’s Fighting 7 эл аралык турниринин чемпиондук курун жеңип алды. Эрежесиз эр уруштун дагы бир балбаны гезитибизде конокто.

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 7-март

Бою – 197 сантиметр

Салмагы – 115 килограмм

Жетишкендиктери – Панкратион жана профессионалдык самбо боюнча Евразиянын чемпиону, WEF Global уюмунун оор салмактагылар арасындагы учурдагы чемпиону, Түштүк Кореянын Angel’s Fighting уюмунун оор салмактагылар арасындагы учурдагы чемпиону

– Тилек, саламатсызбы? Кезектеги жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Бул ирет чемпиондукту багындыруу канчалык оор болду?

– Рахмат! Бул баарыбыздын жеңишибиз. Бул уюмдун алкагында мушташууну көптөн бери ниет кылып келгем. Тилегим орундалып, быйыл барып катыштым. Каршылашым кореялык Жун Су Лим Angel’s Fighting уюмунун учурдагы чемпиону болчу. Биз ММА’де эң оор деп саналган 93+ салмак категориясында беттештик. Оор салмакта мушташуу оңой эмес. Бир кичинекей ката кетирип алсаң эле утулуп калышың мүмкүн. Ошондуктан абдан катуу даярданып баргам. Насип экен, жеңишке жеттим.

– Байкашымча, көпчүлүк учурда беттештердин башында эле жыйынтыкты өз пайдаңызга чечип коёсуз. Мында да каршылашыңызды 1-раундда эле утуп алдыңыз...

– Ооба, көпчүлүк беттешим 1-раундда эле бүтүп калат. Даярдыктан улам ушундай болот деп ойлойм. Мен 5 раунддук беттешке чыксам, күчүмдү 7-8 раундга жеткидей кылып даярданам. Каршылашымдын күчтүү жана алсыз жактарын алдын ала изилдеп, ага карата тактика, стратегия туура жүргүзүш керек деп ойлойм. Негизи ар тараптуу мушкер болгонго аракет кылам. Партерде, турган абалда, бут, кол, чыканак, тизе... Айтор, баарын иштетем. Менин салмагымда бир сокку жетиштүү. Аны менен жеңесиң же жеңилесиң.

– Ушул убакытка чейинки беттештердин ичинен кайсы каршылашыңыз эсиңизде?

– 2015-жылы тааныштардын суранычы менен бир беттешке чыга коём деп бир көзүм көрбөй калган. Москвалык Алексей Гуреев деген мушкер экөөбүз чемпиондук кур талашып мушташтык. Сүрөөнчүлөрдүн арасында кыргыздар да бар болгон үчүн артка кайтуу уят эле, ошондуктан намыстанып, көк беттикке салып, аягына чейин туруп бергем. Көзүмдөн оор жаракат алып, катуу кыйналып калгам. Ошондон кийин бирөөнүн суранычына карап мушташка чыгуу профессионал спортчуларга туура келбесин түшүнүп калдым. Бул окуя мага чоң сабак болду. Беттештин жыйынтыгы биздин көз карашта адилетсиз чечилип калган, азыр ал ишти дүйнөлүк калыстар карап жатышат. Жок дегенде тең чыгуу деген жыйынтык чыгарып беришеттир деген үмүт бар.

– Намыс демекчи, намыстанып, кашык каны калганча мушташуу кыргыз мушкерлерине эле мүнөздүү сапаттай сезилет.

– Ооба, балбандык биздин каныбызда бар. Кыргыз мушкерлерин заманбап гладиаторлор деп койсо да болсо керек. Илгери эки балбан эки элдин мамилесин чечип койчу, мушташка кыргыздын желегинин алдында чыгып жаткандан кийин намыска бек туруу – милдет.

– Чемпионсуз, оор салмактагы спортчуга спарринг өнөктөш табуу кыйын эмеспи?

– Кыйын эле (күлүп). Өсүү үчүн чет мамлекеттерге тажрыйба алмашууга барып турабыз. Эрежесиз эр уруштагы каршылаштардан тышкары бокс менен да машыгам.

– Тилек, мен сизди кечээ жакында бир кафеден көрүп, учурашайын деп сүрүңүздөн улам жакын бара албай койгом. Мушкер болгондон кийин каардуу болуш керек деген принцип барбы?

– Сиздей болуп мени сырттан көргөндөр каардуу, эч ким менен сүйлөшпөйт деп ойлошот. Эми Кудай келбетимди ушинтип жаратып коюптур да (күлүп). Сүрдүү көрүнгөнүм менен, жакындан сүйлөшө келгенде андай деле эмесмин. Сылык, оор басырыктуу болуш керек деген тарбия алгам.

– Жүзүңүздөгү каар октагондо каршылаштарды да чочутса керек?

– Беттештеги сүр каршылашка психологиялык жактан чабуул болот.

– Үйдөчү, кандай ата, кандай күйөөсүз?

– Жумшак элемин. Эки уулум бар, балдар атанын айтканын угуп эмес, кылганын көрүп тарбия алат деп ойлойм. Ошондуктан үндү бийик көтөрүп же дененин чоңдугуна салып эмес, элге жасаган сылык мамилем менен аларга үлгү болсом дейм.

Өзүм Талас районунун Чат-Базар деген айылында туулуп, өскөм. Мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана техника университетине инженер-программист адистиги боюнча тапшырып, 2012-жылы бүткөм. 2006-жылы борборго келип там салып отурукташып, жайгашып калдым. Спорттук карьерам да ушул шаарда башталды. Учурда ата-энем жанымда, жубайым, эки уулум болуп чогуу турабыз. Бактылуу үй-бүлөм бар деп дайым сыймыктанып, кубанып келем.

– Анан студент машыктыруучу Кенжебек Чекировдун колуна кандайча келип калды?

– Мен башында кикбокс менен машыкчумун. Ал убакта ММА Кыргызстанда эмес, Орто Азияда да өнүгө элек эле. “Fighter.kg” клубуна, Кенжебек Чекиров агайдын колуна келгениме 10 жылдан ашып калды. Профессионал спортчу катары учурда эки машыктыруучу менен иштешем. Акыркы 3-4 жылдан бери Акжол Ажибеков аттуу агайым да бокстон өз насаатын айтып, машыктырып келатышат.

– Профессионалдык спорт менен үй-бүлөнү бакса болот бекен?

– Болот. Кандай ишке аралашпа, аны канчалык деңгээлде ийгиликтүү алып кетесиң, акылдан көз каранды деп ойлойм. Эл арасында спортчулардын акылы кемирээк деген стереотип калыптанып калгандай. Бирок күч менен билимди бирдей алып кетүү керек. Спортто көп жылдан бери жүрөм. Ал ортодо кубандым, ыйладым, ошентип такшалып келатам. Спорт көп адамдар менен тааныштырды, көп ишке жол ачты. Шүгүр кылам.

– Эми кийинки беттешиңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Учурда 2-3 уюмдан сунуш түшүп жатат. Жаңы эле Түштүк Кореядан келгендиктен калыпка келип алганча эч бирине жооп бере элекпиз. Мындай маселени машыктыруучулук курам менен биргеликте чечип, ким менен беттешерибизди жакында жарыялайбыз.

– Мен сизди сөзгө чоркок болсо керек деп ойлоптурмун. Абдан жакшы сүйлөп бердиңиз.

– Адам болгондон кийин ойду жеткире билип, тилден жаңылбаш керек деп ойлойм. Бош убактымда китеп окуйм.

– Маегиңизге рахмат! Эми сизди көргөндө сүрдөбөй учурашып турам.

Алтынай Тынышова
sport@super.kg


Мушкер Тилек Жээнбеков: “Кыргыз желегин эч качан башка өлкөнүкүнө алмаштырбайм”

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(7)
14.08.2018. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын Дайыма кыргызстандын желегин желбиретип жүрө бер иштериңе ийгилик.
14.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:49
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын кыргыздын кыраан жигити!
14.08.2018. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
06-05-2008
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Izmir шаары
+6
krasavchik dosum iygilik kaalaym aman bo l ar dayım jelekti namıstı bek tutup juro ber.
15.08.2018. 11:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек, азаматсын, ийгилик!!!
15.08.2018. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 00:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ото жонокой
16.08.2018. 01:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
904
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 02:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
89-жылкы дейби? Мен ойлогом бир 84-82-жылкы болсо керек деп .....
16.08.2018. 10:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 05:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wooow erkek degen ushundai bolso,ayaly oto baktyluu bolso kk,,.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: