ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Көзүн ачып-жумганча болду бул окуя. Амандын иниси сот аткаруучуларды ээрчитип келди да, “бул менин апама катталган үй” деп Элинаны сыртка чыгарып койду. Каргаша андан бир күн мурун башталган. Амандын мурун батирге берип жүргөн үйлөрү бар эле. Элина барганда алар да сатылып кеткени белгилүү болду.

– Бул үйдү сатып алганыбызга бир ай болду,- деди куду Элина үйүнө кирип алчудай болуп эшигинен көзүн эле көрсөткөн аял.

– Эже, бул үйдүн кожоюну каза болуп калды. Мен анын аялымын! Сизге ким сатты?

– Биз деле келесоо эмеспиз да, Аман деген адам өзүнүн аялынын атына жаздырыптыр. Биз ошол адамдан сатып алдык. Туманова Нуриза...

– Кандайча аялы? Сиз кимди айтып жатасыз? Ал ким?

Тиги аял эшикти жаап алды. Элина эшикти каккылап чарчады. Кулап кетчүдөй болуп, тепкичти бек кармап сыртка чыгып кере-кере абадан дем алды. Жаныбек адвокаттан башка эч ким акылына кирбеди. Чындыгында жардам сурай турган эч кимиси да жок эле.

– Мен эч нерсе түшүнбөй жатам. Шаардагы батирлер баары сатылып кетиптир. Амандын аялы сатты деп жатышат,- деди ыйламсырап.

– Азыр барам.

Тез жетип келди. Документтердин баары жанында экен.

– Тилекке каршы, Аман Алымбековичтин мыйзамдуу аялы бар экен. Мыйзам чегинде ал азыр мураскер.

Элина алдында турган кагазды телмире тиктеп турду. Баракта таптакыр моюнуна алгысы келбеген чындык жазылып турган: “2010-жылы Алымбеков Аман Туманова Нуриза менен расмий никеге турган...” Муну танганга, баш чайкаганга эч мүмкүн эмес!

– Аа-аа!- деп бакырып алды. Эки колу менен башын мыкчый, бетин апчый берди. Көкүрөгүндөгү от анда да өчпөдү. Ишеними көз алдында кулап бара жатты. Аны менен кошо өзү да туңгуюкка кулап бара жатты.

ххх

Титиреп, бакырып, колуна эмне тийсе баарын өрттөп жибере тургандай болгон Элинаны кармай албай Жаныбек убара. Байкуш бир сааттай чабалактап жатып акыры тынчыды. Отургучка шалдайып отуруп калды. Жаныбек алып келген сууну бетине чачып жиберди.

– Аман кантип мени алдасын?- эрдин араң кыбыратып, сыягы дагы деле ишене албай жаткандай.

– Мен үйүңүзгө жеткирип коёюн,- деди Жаныбек.

– Жок, үйдө балдар бар. Мени бул абалымда көрбөсүн. Элден алыс бир жакка айдай туруңузчу.

Шаардын сыртына чыгышты. Салкын жер таасир берди окшойт, эми чындап өзүнө келди.

– Ким ал?- деди бир кезде.

– Кимди сурап жатасыз?

– Н-Нуриза деген ким? Кайда ал, көрө аламбы мен, жолуга аламбы?

– Мүмкүн эмес го. 2010-жылдарда эле чет өлкөгө чыгып кетиптир. Андан бери эч ким кабарын билбейт экен. Адвокаттары анын атынан иш алып барышат экен. Сыялы Туманов деген ТИМде министр болуп турган адамды таанычу белеңиз. Азыр депутат.

– Ооба,- деди Элина. Көз алдына телевизордон көрүп калчу ак чач адам келди.

– Нуриза ошонун кызы!

Элина жаакка жегендей томсорду. Мынчалык таанымал адамдын кызы деп ойлогон эмес.

– Жалгыз кызы...

“Менин ушунчалык көзүм көр беле?” деди өзүнө-өзү таң калып. Ар бир деталь эми көзүнө даана көрүнө баштады. Эми баары түшүнүктүү болду. Ошол үчүн Аман аны менен эч кайда чыкпачу тура. Эс алуунун баарын чет өлкөгө пландачу. Шаар ичинде дээрлик өзү же балдары менен сейилдечү эмес. Расмий никеге турууга да ар кыл шылтоолорду айтчу. Кускусу келип окшуп жиберди. Өзүнөн, күйөөсүнөн, буга чейинки жашоосунан жийиркенип турду. Кечинде бутун араң сүйрөп үйүнө келди. Ачка болушканбы же коркуп ыйлашканбы, эки баласы керебетке чырмалыша кучакташкан боюнча уктап калышыптыр. Бейкүнөө наристелер... Эрдин кесе тиштеди. Ыйлабашы керек! Чоң энесинин сөзү угулду. “Бырылдабай, кайраттуу бол!” дечү дайыма. Кайраттанып ордунан туруп, жуунуп, балдарына кечки тамак даярдады. Ойготуп тамак берди.

– Апа, сенин бетиңе эмне болгон?- деди кызы.

– Эмне болуптур?

Туруп күзгүгө каранып, жана жаны күйүп бара жатканда өзүнүн бетин аткып алганы эсине түштү.

– Жыгылып кеттим,- деди көзүнөн жашы кулап баратса да болбой күлүмсүрөп.

– Кел, өөп коёлу, айыгып калсын.

Уулу менен кызы келип Элинанын жүзүнөн быйтыйган колдору менен кармап туруп сылап, өөп коюшту.

– Айыгып калат.

– Ооба.

Эшиктин коңгуроосу кагылды. Адатынча уулу менен кызы “аталап” жүгүрүшкөн жок. Үмүттөрү өчкөнбү же жүрөктөрү бир жамандыкты сездиби, үрпөйүп апасына карап калышты. Эшикти ачкан Элина сот аткаруучулары менен турган кайненесин, анын уулун көрдү.

– Үйдү бошоткула деп канча жолу айтыш керек? Мына, 3 айдан бери бошотпой жатышат,- деп күпүлдөдү.

Ызы-чуудан коркуп кеткен балдары апасын кучактап ыйлап жиберишти. Андан аркысы да түш сымал тез болду. Мыйзамдын чегинде дешти. Элинаны эки баласы менен чыгарып салышты. Буюм-тайымдарын да ала албай калды. Солуктап ыйлап жатып уктап калган эки баласын машинесине жаткырып коюп, таң атканча ойлонду. Мындан ары эмне кылуу керек? Чоң энесин кайрадан эстеди. “Адамдын эмгектенип жеткен нерсеси гана өзүнүкү болот. Башыңа кут келди деп сүйүнбө, балам, жеңил келген нерсе эртең дал ошондой жеңил чыгып кетиши мүмкүн” деген.

Чындыкты айтыптыр. Андан көрө окуп алганда минтип көчөдө калбайт эле. Оо, анда кандай болмок тагдыры? Аманга жолукпаганда кандай болмок? Ал ким эле? Минтип ара жолдо калтырып кете тургандай, тагдырын талкалай тургандай ким эле ал? Ал Элина үчүн Кудайдан кийинки эле Кудай болчу. Көрсө, жанын кыйнаган Азрейил да ушу тура.

“Жетишет, ал тууралуу ойлонбо” деди өзүнө-өзү кыйкырып. Бирок акылы, жүрөгү уга тургандай эмес. Көкүрөгүндөгү ыза, айласыздык жеп жутуп бара жаткандай. Таң атып бара жатты. Такыр уктаган жок. Алгачкы кыймыл башталганда эле барып гезит алды. “Жумуш издейм” деген рубриканы карады. Өзүнө ылайыктуу эч нерсе көрө алган жок. Бирок колумдан келет деген нерселерди чийип белгилеп алды. Аңгыча балдары ойгонуп калды. Көздөрүн ушалап эки жагын карап алган алар апасын түшүнбөй карап турду.

– Апа, эми биз машинеде жашайбызбы?- деди кызы ыйламсырап.

– Жок, кызым, бир айласын табабыз. Кана, келгиле мага!

Эки жагына бекем кучактаган уулу менен кызына акырын сүйлөдү.

– Биз бул үйдө мындан ары жашай албайбыз. Бирок биз мындан да сонун үйдө жашайбыз.

– Атам келгенде бизди издеп таппай калсачы?..- деди уулу көзүн бакырайтып. Өзгөчө атасына жакын болчу.

– Табат!- деди чечкиндүү сүйлөгөн апасы. – Бизде телефон бар эмеспи. Кана, эми буларды жеп алып биз бакчага жөнөйбүз.

Алдап балдарын жөнөтүп коюп, өзү жумуш издеп жөнөдү.

– Саламатсызбы, жарнама боюнча келдим эле...

– Резюмеңиз барбы?

– Жок, биз тажрыйбалуу кызматкер издеп жатканбыз.

– Азырынча вакансия жок.

– Сизге ылайык болбойт го жумуш...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
momun74
2018-08-14 09:39:41
Журогуну оорутат окубайм десемда ата энем бир сындырым нанын ар дайыма алдында болот деп окутушкан корсо турмушта ар кандай болушу мумкун экенда
+5
Dilbaranurdinova
2018-08-14 10:43:20
Наргиза Амандын уйлонгонун угуп олтурттуп койду окшойт ...
0
Eliza83
2018-08-14 11:00:31
Мени да атам(таятам) окуп алгын нанын бутун болот дечу ыраматылык...
+1
alisha00
2018-08-14 11:55:13
Аман ушунчада жоопкерчиликсиз болобууу Эээ жаман жиним келип атат ошончо бай экен хоть бир комнаталуу квартира алып жаздырып койсо болот эле го
+4
alisha00
2018-08-14 11:55:30
Эми Наргизадан дагы балдары бар экен деп чыкпаса болду
+2
Nevestkaa
2018-08-14 19:09:05
alisha00,Нуриза экен
+1
Shaa-82
2018-08-14 15:26:18
Ыйлагын келетгоо. Эми байкуштар кантет, балдарычы? Озумчоле чыгарма болсо да жардам бергим келип кеттиго(((
+2
Journalistgirl
2018-08-14 15:58:14
Ыйлагым келип кетти. Аманга жиним келип жатат. Байкуш балдар!
+2
Chaki2795
2018-08-15 02:00:00
Элина менен Аман кайсы жылы үйлөндү эле, ким билет, плииз
0
Djka
2018-08-15 15:50:14
Jawoogo dagy bir Jolu tunuldum chynygy tuboluktuu suiuu tuboluktuu chyndyk baktyluuluk akyikatuuluk jok ekenine toluk turdo iwendim negizi ele erkeke iwengenche eki bosogondo iwen degen soz toluk turdo chyndyk eken bul chygarmadan kiiin erkeke iwenip bolboit ekenin toluk tuwundum albette jakwy insandarda bar birok tomondogu soz toluk turdo chyndyk
0
Miss.erkewka95
2018-08-15 16:18:28
Djka, Эртте чечим чыгарбаңыз, чыгарма аягына чыгып калган жок. Ар бир детальды түшүндүрүп өтүшөт али... Буйруса жакшы болот баары))
0
Djka
2018-08-19 15:23:06
Miss.erkewka95,Inwallah jok degende jawoondo bolboso da jok degende chygarmadagy kaarmandar baktyluu boluwsunchu aftor kaarmandardy da Bizdi da kyinabachy
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан