– Зияш, салам. Авто кырсыкка учурадың эле, жакшы болуп калдыңбы?
– Жакшы болуп калдым, рахмат. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегенди жон терим менен сездим. Бишкектеги Ахунбаев көчөсү менен велосипед тээп бараткам. Сол капталымдан бир машина келип сүзүп кетти, андан ары эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам "Тез жардамда" кетип бара жатыптырмын. Дем ала албайм. Өлөт деген ушу турбайбы деп ойлодум дароо. "Өлсөм мени эч ким көрбөй калат турбайбы" деп сарсанаа боло баштадым. Андан кийин дагы эсимди жоготуптурмун. Көзүмдү ачсам жанымда эжем бар экен. Кудай сактаптыр, эч жерим сынбаптыр. Кабырга туштан катуу сокку алыптырмын. Баш-аягы ооруканада 8 күн жаттым.
– Унаа менен сүзүп кеткен киши келип ал-акыбалыңды сурадыбы?
– Ал киши корей улутундагы адам болчу. Мени сүзүп кеткен күнү келип, эжемдер менен сүйлөшүп “дары-дармегин бүт өзүм төлөп берейин” дептир. Эки күн өтпөй ал киши “мага мынча акча айып салышты, мен 8 баланын атасымын. Чоң балам сени менен тең, мага жардам кыл. Дары-дармегиңди өзүң төлө. Мен такси айдап үй-бүлөмдү багам” деп келиптир. Мен эмне айтарымды билбей, “айыгып алайын, анан сүйлөшөлү” дедим. Төртүнчү күнү баса баштадым. Сыртка чыксам мени сүзгөн киши менен жездем аябай айтышып жатыптыр. “Жезде, эмне болду?” десем, “баягы күнү "дары-дармектин акчасын төлөйм" деп жатты эле, азыр өлүмүш болуп, "төлөбөйм" деп калыптыр” деди. Унчукпай өзүм жаткан палатага кирип кеттим. Барып жанымда ооруп жаткандарды карадым. Бирөөнүн буту жок, дагы бирөөнүн колу кесилген, аларга караганда мен, Кудайга шүгүр, алты саным аман калдым. Ошондо "Кудай, мага эскертүү бердиң, эскертүүңдү кабыл алдым, тиги корейдин акчасын кечтим" дедим ичимден. Кесиптештерден да чоң жардам келди. Азыр да дарыланып жатам.
– Бир кезде "Тамашоунун" лидерлеринин арасында элең. Алардын көпчүлүгү ар кандай долбоор ачып иштеп келе жатышат. Эмнеге аларга кошулган жоксуң?
– “Тамашоудо” курама командага кирбей калгам, себебин эмдигиче түшүнбөйм. Орус тилинен аксап калдым окшойт дейин десем, менден башка деле билбегендер бар эле. “Эмнеге илинбей калдым?” десем деле болмок, бирок сурагым келген жок. Ошондон тарта “Тамашоуго” болгон шам чырагым өчтү. Анын үстүнө редакторлор менен да мамилем муздай түштү. Ыза болдум, ызанын айынан оюндарым да окшошпой жатты. Өзүмө келгиче бир аз убакыт керек эле. Бирок өз командамда ойногон, бир класста окуган досторум мага ооз ачпай туруп “Ак-Өргө city`ге” кошулуп кетишти. Мени чакырып да коюшкан жок, мына ошондо мага “Тамашоунун” эшиги биротоло жабылды.
Бизде долбоор иштеп чыгып телеканалдарга алып барсаң, алар кайра сенден акча сурайт. Андан көрө буюртма алып тартып, акча тапкан жакшыраак деп ойлойм.
– Тамашоучуларга таарынгандан кийин каскадёрлорго кошулуп кеттиңби?
– Ооба, ошол кезде Адилет Акматов мага колун сунуп “Nomad” аталышындагы кыргыз-казак каскадёрлор тобунун эшигин ачып берди. Адилет агайды ээрчип жүрө бердим, ар кандай машыгуулардан жаракат алып жаттым, бир күнү моюнум кайрылса, дагы бир күнү колум, бутум кайрылат же сынат. Чыныгы каскадёрлорду көрүп, ичимден “Зияш, сен каскадёр деле эмес экенсиң” дедим.
Адилет Акматов кинолорунда экшн коюучу жана оператор боло алат. Агайга мени жеңил трюктардын арасына кошуп коюуну суранат элем. Бир жолу “менин деле колумдан келет” деп намыстанып трюк жасай коём деп аттан жыгылып, оң бутумдан жаракат алгам. Ал бутум азыр шамал болсо, күн бүркөлсө, айрыкча кышында катуу оорутат. Андан кийин Адилет агайга “экшн оператор болушум керек” дедим. Билгенин көргөздү, үйрөттү. Бир канча мушташ эпизоддорду тарттым, бул кесиптен такыр эле кеткен жокмун, болгону ден соолугума байланыштуу четтеп кеттим, эртеби-кечпи каскадёрлукка баары бир кайрылып барам.
– Кайнене-келин жөнүндөгү вайнда абысының да мыкты ойнойт, аны кайдан тапкансың?
– Абысынымды досум Эрлан Жусупов аткарып жатат. Кыштын чилдесинде экөөбүз батирде ачка калдык, "азыр бирөө келсе ошонун ырыскысынан жейбиз" десек эч ким келген жок. Тойканага барып, тамада, той ээси менен сүйлөшүп элди күлкүгө бөлөдүк. Ошол күндүн эртеси келин менен кайнененин образындагы биринчи вайн тартылды.
Андан кийин өзүм иштеген super.kg порталынын жетекчиси “Жылмайып коюңуз” деген бөлүмдү мага тапшырып, кызыктуу вайндарды тартып турууну сунуштады. Мен ал порталда оператормун. Ошентип вайнерлик уланып кетти.
– Вайн тартуу сен үчүн эмне?
– Вайн – менин кичинемден келе жаткан хоббим. Ал кезде вайн деп деле айтылчу эмес. Мектепте окуп жүргөндө калем сап менен мультфильмдеги, “Супер-Инфо” гезитинин ролигиндеги каармандарды тартып классты таң калтыргам. Ошондо юморго жакын экенимди сезгем. Вайн тартуунун мага жаккан жери – хейтерлердин сындарынан ырахат алам. Бирок мага көп сын айтылбайт. Элдин баарына бирдей жага албайсың да, ошондуктан терс сын айткандар өздөрү бир тартып көрүшсө түшүнүшмөк. Мен Ёма вайнды (ред.: Эмил Токтошев) түшүнгөндөй. Өзүмдүн көңүлүмө толбой калган вайндын соңуна Ёма вайн деген үн кошуп чыгарып коё берем, муну кыргыз вайнерлери жакшы түшүнөт.
– Ким "жакты" белгисин басты деп карайсыңбы?
– Ооба, карайм. Анын аккаунтуна кирип барып, сүрөттөрүн да карайм. Балким, Зияшка бир сулуу кыз "жакты" белгисин басып тийишкендир. Балким, ал кыз болочоктогу түгөйүмдүр.
– Ошондо болочоктогу түгөйүңдү таба алдыңбы?
– “Сүйлөшкөн кызым жок” десем, “жеткен "бабник" болсоң керек?” деп ишенишпейт. Баскан-турганыма карап керсейген жигит деп ойлошот. Жактырган кыздарыма “сен мага жагасың” деп чын жүрөгүмдөн айтсам да тамаша катары кабыл алышат. Анын үстүнө сүйүүдө аша чапкан кызганчаакмын. Аныма көп кыздар туруштук бере албайт. “Азыр эле ушундай болсоң, эртең баш кошсок кандай болот?” деп чочулап турушат. Сүйгөнүн кызганбаган эркек кантип эркек болсун? Сүйүүнү кубаласам жетпээримди түшүндүм да, тескерисинче, сүйүүдөн кача баштадым. Сүйүүдөн качсаң кайра өзү сага келет экен. Бирок өз сүйүктүүмдү көрө элекмин.
– Вайнерликтин пайдасы барбы?
– Бир жолу бир компания “жарнама тартып бер” дешти. Тарткым келбей "100 доллар" дедим. Ага да макул болушту. Анан уялбай айтылган акчага тартып бердим. Ошондон бери акчага уялбай эле тартып келе жатам. Азырынча өзүмө жетиштүү каражат табам.
– Рахмат, маегиңе. Сенден дагы кызыктуу вайндарды күтөбүз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg