АКТЁР АМАНТУР МУСАЕВ “КЫРК ЖЫЛКЫЛУУ” БОЛДУ

Амантур Мусаевдин үйүндө наристе үнү жаңырып, “ата” статусуна ээ болду. Алгачкы ирет наристе жытын жыттаган актёр мырза кубанычы менен тең бөлүштү: “Ата болуу өзүнчө бир чоң бакыт турбайбы. Сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Кызыбыз 3 килограмм 115 грамм салмакта төрөлдү. Жубайым Миргүл экөөбүз кандай ысым койсок деп ата-энем, туугандарыбыз менен кеңешип жатабыз. Азырынча бир атка токтоло элекпиз”.

Актёрдун тун кызынын бешик боосу бек болуп, ден соолугу чың, өмүрлүү болушуна тилектешпиз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2018-08-14 10:10:04
Артынан көөөп бөбөк ээрчитип келсин,өмүрү узун болсун .
+8
Aytur
2018-08-14 19:06:18
Омурлуу болсун Миргул экоонду сыйлаган эстуу кыз болсун
+6
cholpon119966
2018-08-20 11:14:30
Наристенерге узун омур ден соолук каалайм. Акыл эстуу, сендей таланттуу суйкумдуу сулуу кыз болсун.
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан