ЫРЧЫ ИЛЬГИЗ АБДАЛИЕВ СҮЙҮКТҮҮСҮНӨ БАШ КОШТУ

Жаш ырчы Ильгиз Абдалиевдин эми жүрөгү гана эмес, башы да бош эмес. Себеби 8-август күнү ырчы мырза Минура аттуу сулуу менен баш кошту. Бул туурасында Ильгиз: “Минура менен 2014-жылы таанышканбыз. Эң кызыгы башында мен анын атын билбей эле “кофе” деп сактап алган болчумун. Себеби ал бизге кофени буйрутма менен алып келчү. Кийинчерээк гана жакшылап таанышкандан соң атын өзгөртүп, махабат сөздөрүн арнай баштадым. Анын назиктиги, ыймандуулугу, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен сырткы сулуулугу мени өзүнө багындырды. Негизи мага кара тору, бакыраң көз, кирпиги узун кыздар жакчу. Кыялымдагыдай кызды жолуктурганыма абдан сүйүнүп жатам”,- деп билдирди. Күйөө жолдоштук милдетти ырчы Аваз Акимов аткарып, тойго Ильгиздин ырчы достору Данияр Эрматов, Нурлан Насип, Нияз Абдыразаков катышты.

Эки жашка бакыт каалайбыз, сүйүүңөр түбөлүктүү болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PrinsessaNuri
2018-08-14 14:25:18
Бактылуу бол!
+4
mikoo
2018-08-14 23:03:45
Бакыт каалайбыз!
+2
fantastic_baby
2018-08-20 19:48:07
Бактылуу болгула , жакшы жанылык.
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан