Клиптер айдыңында
Өзүңүздөр жакшы билгендей, биздин www.super.kg сайтыбыздагы медиа-порталга жүктөлгөн ырларга, клиптерге окурмандар сын-пикир жазып калтырышат. “Ырлар гана эмес, клиптердин сюжети да уурдалган” деген пикирлерди карап отуруп, кээлерине кошулууга аргасыз болобуз. Клиптер айдыңына көз салып, окшош сюжеттер камтылган клиптер көп экенине ынандык.
Ильяз Абдыразаков, “ЖАНЫМ АЙ”
Хадиже, “ТУРМУШ КУРУШУБУЗ КЕРЕК”
Ильяз Абдыразаковдун “Жаным ай” ыры азыр деле өз угармандарын жогото элек. Кайда барба ушул ыр жаңырып, клипти кызыгуу менен көргөндөр арбын. Сиз билесизби, Ильяздын бул клибинин “бир тууганы” бар экенин? Тагыраак айтканда, куду ушул клиптин сюжетиндей түрк ырчысы Хадиcенин “Турмуш курушубуз керек” аттуу ырынын клиби бар. Жадакалса жасалма кафе, мотоцикл минип даңгыр жолдо баратканы да дал өзү.
Бул эки клиптин айырмачылыгы – түрк ырчы кызы мотоциклди жалгыз мингени. А биздин жигит сулуу кызды учкаштырып алат. Калган сюжет баш-аягына чейин окшош. Бул жерде Ильязды туурады деп күнөөлөөдөн алыспыз, албетте, клипмейкердин идеясы экенин эсиңизге салгыбыз келет. Он жыл Германияда окуган режиссёр Сүйүн Откеевдин идеясын түрк режиссёрлору уурдаганбы же клипмейкер туураганбы деп оозубузду ачпастан, ылайым түрк туугандар бизди туураган болушсун деп туралы.
Неля, “БАЛАЛЫГЫМ”
Шахзода, “АРЗУУЛАР”
Назик үн, назик жан Неля айымдын “Балалыгым” аттуу ырын угуп, ага тартылган клибин көзүңүз чалса керек. Аталган ырдын клибин бир карап, өзбек ырчысы Шахзоданын клибин бир карап таң калбай эле койсоңуз болот. Анткени бирөө кыргыз тилинде, экинчиси өзбек тилинде эки башка маанидеги ырды аткарышкан. Бирок бул эки клиптен да окшош сюжетти учуратасыз. Шахзоданын клиби кинодон алган саундтрек менен айырмаланат. Ал эми Неляныкы жөн гана компьютердик эффекттер менен тартылган клип. Мисалы, Нелянын селкинчек тепкен жери менен Шахзоданын селкинчекте күүлөнгөн учурун көрүп, “кимиси ким?” деп таң калышыңыз толук мүмкүн. "Өзбек ырчы кызы биздин өлкөгө келип, дал ошол Неля отурган селкинчекте тартылып кеткен го..." деп ойлошуңуз мүмкүн.
Мая, “ӨЗҮҢДҮ ИЗДЕП ЖҮРӨМ”
Massari, “ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ”
Алгач сахнага Бек Борбиев менен ырдап чыккан Мая эсиңиздеби? Мая кыздын маанилүү саптар коштогон “Өзүңдү издеп жүрөм” ырынын клибине кайрылабыз. Маянын аталган клибине канадалык ырчы Массаринин “Чыныгы сүйүүсүндөгү” көп кадрлар окшошуп кетет экен. Клипте Мая мейманканадан чыгып баратып бир жигитке көзү түшүп калат эмеспи. Массаринин да куду Маядай мейманканадан чыгып келатып, бир кызга көзү түшөт. Балкондо карап турган көрүнүштөр, лифтте экөө жолугушуп калган кадрлар эки клипте тең камтылган.
Бурул Исмаилова
star@super.kg