Окурмандардан келген суроолорго 35 жылдык тажрыйбасы бар врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.
– Төрөгөнүмө 2 ай болду. Эмнеге экенин билбейм, балам төрөлгөндөн эле эмчек эмбей койду. Учурда эчкинин сүтү менен багып жатам. Айрымдар суу кошуп бер деп жатышат.Сурайын дегеним, эчки, уйдун сүтүнүн балага зыяны жокпу?
Адина, Аксы району
– Менимче, эмчегиңиздин үрпү жок болуп, бала эме албай кыйналса керек. Демек, сиз кош бойлуу кезиңизде өзүңүзгө толук кам көргөн эмессиз. Акырын укалап үрпүн чыгарып алсаңыз өзүңүз да, балаңыз да кыйналмак эмес. Сүт боюнча айтсам, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги да ымыркайды 1-2 жашка чейин эмчек сүтү менен гана багуу саясатын жүргүзүп келишет. Эчкинин, уйдун сүтүн берүүгө каршы. Эне сүтүнүн ордун эч кандай сүт, тамак-аштар да алмаштыра албайт. Санасак:
Эмчек сүтүнүн курамында балага керектүү болгон белок, майлар, микроэлементтер, аминокычкылдардын баары бар.
Адина, эгер сүтүңүз тартыла элек болсо, өзүңүз жашаган аймактагы бейтапканага кайрылып, медайымдардан кеңеш алыңыз. Алар сизге баланы кантип туура эмизүү керек, кантип үрпүн чыгаруу керек баарын түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Эгер сүт жакшы чыкпай жатса, анда айла жок эне сүтүнө жакындатылып жасалган атайын кургак сүттөрдү берүүгө болот. Ошондо да 3-4 маал эмчек бергенди унутпаңыз.
“БАЛАМДЫН МУРДУ БҮТӨ БЕРЕТ?”
– Менин балам 8 жашта. Кечке эле мурду бүтө берет. Мурдунан сүйлөйт, оозун ачып уктайт. Акыркы убакта коңурук да тартып жатат. Жаш балдар да коңурук тартабы деп таң калып жатам. Эмне кылышым керек?
Гүлмайрам, Кош-Дөбө айылы
– Эгер баланын мурду дайыма бүтүп, ал оозун ачып уктаса, коңурук тартса, демек, анын мурун көңдөйү менен тамак көңдөйүнүн ортосундагы бездер чоңоюп кеткен. Аталган бездердин сезгенбеген учуру аденоиддердин өсүүсү, ал эми сезгенген учуру аденоид деп аталат. Бездер сезгенгенде сасык жыт чыгышы мүмкүн. Айрым балдардыкы 12 жашка чыкканча өзүнөн-өзү кургап жок болуп кеткен учурлар кездешет. Бирок мындай учурлар сейрек гана.
Балаңызды сөзсүз ЛОР-дарыгерине көрсөтүңүз. Дарыгер оорунун өөрчүшүнө карата дарылоо жүргүзөт. Дарылоодо мурундун ичине курамында күмүш бар атайын тамчылатма дарылар куюлат. Бул каражат бездерди кургатат да, мындан улам баланын дем алуусу жакшырат. Бирок бул убактылуу гана. Бездердин өскөнү атайын эндоскопиялык аппарат менен текшерилип, эгер көлөмү чоң болсо амбулаториялык операция жасалат. Операциядан кийин бала 1-2 саат жатат да, үйүнө жөнөтүлөт.
Аденоидди өз учурунда дарылабаса көп ооруларды чакырат. Алсак, тамак оорусу болгон өнөкөт фарингит. Анткени мурун бүткөндө бала тамак аркылуу дем алып, тамак кургап, ооруга чалдыгат. Ошондой эле бездер чоңойгон сайын жаак скелетинин өсүшү да бузулуп, ээк астыга карай чыгып өсөт.
“КЫЗЫМ УКТАП ЖАТКАНДА ТИШИН КЫЧЫРАТАТ”
– Кызым 12 жашта. Байкасам, 5-6 айдан бери уктап жатканда тишин кычырата берет. Бул эмнеси? Кандайдыр бир оорудан кабар бербейби?
Акылбек, Бишкек шаары
– Тиш кычыратуунун 3 себеби бар:
Сизге кеңешим, кызыңызды педиатрдын текшерүүсүнөн өткөрүп, тишинин кычыратуусунун себебин аныктап, ошого жараша чара көрүңүз. “ТӨШӨККӨ СИЙИП КОЁТ”
– Саламатсызбы? Кызым 9 жашта. Түн ичинде төшөккө сийип коёт. Конокко баргандан да тартынат. Медицинада энурез деп коюшат экен. Дарылап да көрдүк, бирок жакшы жыйынтык болбой жатат. Эмне кылсам болот?
Айдай, Сузак району
– Ооба, баланын түнкүсүн төшөккө заара ушатуусу түнкү энурез деп аталат. Түнкү энурездин түрлөрү да болот. Бизге кайрылган балдардын арасында чыныгы түнкү энурезге кабылгандар аз. Көпчүлүгү табарсыктын нейрогендик функциясынын бузулушунан жабыр тарткандар. Мында табарсыктын түзүлүшү чоң роль ойнойт. Алсак айрым балдардын табарсыгы гиперрефлектордук, айрымдардыкы гипорефлектордук түзүлүштө болуп, мындан улам төшөккө заара ушатып коюшат.
Гиперрефлектордук түзүлүштөгү табарсыктын көлөмү кичинекей болуп, бат-бат толо берет. Мындай балдар күнүнө 15-20 жолу заара ушатышы мүмкүн. Ал эми гипорефлектордук табарсыктын көлөмү чоң болуп, көптө толот. Мындан улам баланын жатарда сийгиси келбейт да, түн ичинде төшөккө жайлап коёт.
Бизге кайрылган ата-энелерден алгач “балаңыз төшөккө кандай көлөмдө сиет?” деп сурап, ошого жараша табарсыгынын көлөмүн аныктап алабыз. Андан соң баланын заарасынын жалпы анализин тапшыртып, сезгенүү оорулары жокпу баары текшерилет. Мындан сырткары баланы урофлоуметрия унитазына заара ушаттырып, анын секундуна кандай ылдамдыкта түшүп жатканы текшерилет. Ошондон кийин гана тиешелүү дарылоо жүргүзүлөт.
Ал эми чыныгы энурез экени аныкталса, дарттын келип чыгуу себебине жараша педиатр балдар урологуна же эндокринолог, невропатолог, психотерапевтке жиберет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg