КУРУЛУШ МАГНАТЫ АЗИЗ СУРАКМАТОВ БИШКЕККЕ МЭР БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду баш калаага мэрлик кызматка шайлады. Шайлоого 45 депутаттын 44ү катышып, 43 депутат Суракматовго “макул” деп добуш беришти. Бир гана депутат “каршы” добуш берди. Шаардыктар мэрликке талапкердин программасын, борборду кантип өнүктүрүүнү көздөп жатканын сурап да убара тартышкан жок. КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченконун Суракматовдун программасын укпай эле шайлай берели дегени баарына жакты көрүнөт.

Суракматов мындай ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, шаарды өнүктүрүүгө бүт күчүн жумшай турганын айтты. Бишкектин буга чейинки 3 мэрине кылмыш иши козголгон. Бул боюнча журналисттерге комментарий берүүдө Суракматов “мен камалам деп коркпойм, таза иштейм” деп жооп берди. Албетте, эч бир мэр шайланып жатканда “таза иштебейм” деп айтпайт. Суракматов жарандык коомдун катуу каршылыгы менен шаар башчылыгына барды, андыктан ага коомчулуктан талап, көзөмөл күчтүү болору түшүнүктүү.

Шаардык кеңеш Суракматовду “дайындап” жаткан учурда имараттын сыртында Равшан Жээнбеков баштаган жарандык активисттер мэрди атаандашсыз шайлоого каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар “шайлоочуларынын үнүн укпай жатат” деп шаардык кеңештин тарап кетишин талап кылышты. Нааразычылык иретинде колдоруна кармап турушкан – шаардык кеңештеги фракциялардын аттары жазылган куурчактарды таштандыга ыргытышты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азиз Суракматовду көпчүлүк курулуш магнаты катары тааныйт. Анын жакындарына катталган “Елизавета” өңдүү курулуш компаниялары азыркы тапта да ишин улантууда. Суракматовдун шаар башчылыкка барышы менен Бишкек өнүгөбү же анын тиешеси бар компанияларбы? Ушул суроону көп адам берип жатат.

Нааразычылык акциясына чыккандар шаардык кеңештеги фракциялардын аттары жазылган куурчактарды таштандыга ыргытышты.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан