Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун текшерүү жүргүзүлүүдө. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, анализдер “ата мекенчи” жүрөк тамырларынын атеросклерозу, күрөө тамырдын, карындын үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору болгон гипертония, богок, эутиреоз ооруларынан жабыркай турганын көрсөткөн. Саясатчы ушул тапта Бишкектеги Улуттук кардиология борборунда дарыланууда. Ал жаткан палата күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg