
Мурдагы премьер, Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип УКМКнын камагында отурган
Сапар Исаков Башкы прокуратурага кайрылды. Ал УКМКнын тергөөчүсү опуза кылганын айтып, бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдарга чара көрүүнү суранды.
Исаков тергөөчүлөр тарабынан коркутууга туш болгонун буга чейин анын адвокаты
Нурбек Токтакунов айтып чыккан эле. Айтылгандарга таянсак, УКМКнын Илим аттуу тергөөчүсү
Исаковго Нурбек Токтакуновдун адвокаттык кызматынан баш тартууну сунуштап, эгер сунуштан баш тартса ага дагы бир кылмыш ишин ача турганын айтып опузалаган.
Исаков сунуштан баш тартып, тергөөчүнүн бул аракетин элге жеткирүүнү тапшырганын айтат анын адвокаты. Бирок УКМК бул маалыматты дароо четке кагып,
“адвокат Нурбек Токтакунов карандай калпты айтып өзүн пиарлап жатат” деп билдирүү жасаган. Башкы прокуратура
Исаковдун арызы каралып чыгарын билдирди.