ОРУСИЯДА МАССАЛЫК МУШТАШКА КАТЫШКАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Москва шаарында Кыргыз жарандары катышкан массалык мушташ боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги териштирүү жүргүзүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдиргендей, мушташка катышкан Кыргыз жарандары изделүүдө. Окуя 4-августта “Добрынинская” метро станциясында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жаңжалга 40тай адам катышкан. Массалык мушташта 2 адам жаракат алып, бирок эч ким ооруканага кайрылган эмес. Азыркы тапта укук коргоо органдары мушташ эмнеден келип чыкканын жана ага катышкандардын кимдер экендигин тактоо иштерин жүргүзүүдө. “Мындай көрүнүштөр коомчулукка Кыргыз өлкөсү жана Кыргыз жарандары тууралуу терс пикир жаратышы мүмкүн. Кыргыз жарандарын жашап жана иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү боюнча этика нормаларын сактоого чакырабыз",- деп билдирет элчилик.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.