САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

“РЕФЕРЕНДУМ ӨЗ УБАГЫНДА ӨТӨТ”

15-июнда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ош жана Жалал-Абад окуясы боюнча маалымат жыйын уюштурду. Өз сөзүндө кырдаал мурунку күндөргө салыштырмалуу тынч болуп калганын белгиледи. “Менин чөнтөк телефонума кыргыздардан дагы, өзбектерден дагы тынымсыз СМС-билдирүүлөр келип жатат”,- дейт Р.Отунбаева.
Орусияга аскердик күч сурап кайрылганына токтолуп, анда Жамааттык коопсуздук келишим уюму техникалык жардам берүүгө макулдугун бергенин маалымдады. Орусия 13-июнда Канттагы аба майданга үч аскердик-транспорттук учакта десанттарын алып келүү менен чектелген. Алар Кыргызстандагы орусиялык аскердик жайларды жана андагы кызматкерлерди коргоо үчүн келишкен. Ал эми аскердик күч киргизүүнү максатка ылайыксыз деп тапты.
Өзбекстанга качып жаткан кыргызстандык өзбектердин саны да түрдүү айтылууда. Алсак, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадан 75 миң адам өткөнүн билдирген. Ал эми Роза Отунбаева: “30-40 миң киши өттү десе, чындыкка коошот”,- деп билдирди. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз эли өзү республиканын түштүгүндөгү чыр-чатакты тартипке келтире аларына ишенерин жарыялады.
Андан сырткары Роза Отунбаева 27-июнга белгиленген референдум өз убагында өтөрүн билдирди. “Мен элдин маанайы кандай экенин билип турам, бирок биз келечегибиз үчүн дагы алдыга жылышыбыз керек”,- дейт ал.
Ош жана Жалал-Абад окуясындагы каза болгондордун элесине 16-18-июнь – аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.


БЕЛАРУСТУН БАШ ПРОКУРАТУРАСЫ “БАКИЕВДИ БЕРБЕЙМ” ДЕЙТ

Беларустун Баш прокуратурасы Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди экстрадациялоодон баш тарткандыгын ведомствонун расмий өкүлү Пётр Киселёв билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги маалымдайт. Маалыматта баш тартууга эмне себеп болгондугу тууралуу кабар жок. К.Бакиев 19-апрелден бери Беларуста жүрөт. Буга чейин аталган өлкөнүн президенти Александр Лукашенко дагы аны Кыргызстанга кайра жөнөтпөй тургандыгын жарыялаган эле.


КАЧКЫНДАР КАЙТА БАШТАДЫ

Жалал-Абад облусунда кырдаал турукташып, качкындардын алды кайра кайта баштады. Бул туурасында билдирген УӨнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев эки күн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондору жана Жалал-Абад шаарында, ага чейин Ош шаарында болуп, Бишкекке көчүрүлгөн жарандар менен бирге борбор калаага кайтты.
Ал аймактарды кыдырып, араздашкан эки улуттун аксакалдары менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жалал-Абад облусунун аймагындагы чек ара өтмөктөрүндө качкындар ээн талаада, жамгыр жааса, жаан алдында жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарга кирүүдөн чочулап, баш тартып турушат. Бирок алардын коопсуздугун, тамак-аш, дары-дармек менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик жетекчилери камсыздоодо.


МАКСИМ БАКИЕВ АНГЛИЯГА АТАЙЫН КОЛГО ТҮШҮП БЕРДИБИ?

14-июнь күнү британиялык “The Sun” гезити экс-президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан кармалгандыгын жазган. Маалымат булагына таянсак, ал баш калкалоо жайын издеп барган. Максим Бакиев Гемпширдеги “Фарнборо” аэропортунда ижарага алынган жеке учактан түшүп келе жаткан жеринен колго түшкөн.
Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев да тастыктады. “Ал бир топ беренелер боюнча күнөөлөнүп, Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган”,- дейт Кеңешбек мырза.
Эскерте кетсек, Максим Бакиев камалган эмес, кармалган. Аны темир тор артына жөнөтүү үчүн соттун чечими керек. Анын үстүнө Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда экстрадациялоо (зордоп жөнөтүү) жөнүндө келишим жок. Ал эми мындай келишимди түзүү бир топ жылдарга созулат. УӨнүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров: «Эл аралык конвенцияга ылайык, Улуу Британия Максим Бакиевди же өзү соттошу керек, же Кыргызстанга берүүсү кажет. Эгерде Англия Максим Бакиевди Кыргызстанга бербей турган болсо, анда өлкөдөн АКШнын транзиттик ташуу борборун чыгаруу жөнүндө маселе көтөрүлөт”,-дейт ал.
Экс-премьер Феликс Кулов Максим Бакиевдин кармалганын “Лондондо мыйзамдуу калууга болгон аракети” деп баалады.
Акыркы маалыматтар боюнча, «The Times» гезити М.Бакиевдин саясий баш паанек сураганын кабарлады. Бирок анын жанында керектүү документтер болгон эмес.
Маалымат үчүн: Орусия бир канча жылдардан бери Англияда жашап жаткан Борис Березовский, Ахмад Закаевди Англиядан кайтара албай келет. Расмий түрдө айтылбаса да, “экс-ханзааданын” кармалышына Орусия абдан кызыкдар болчу. Андыктан Англия Кыргызстан эмес, Орусияны дагы бир ирет ызырынтып алуу үчүн деле Максим Бакиевди мекенине кайтарып бербей, тескерисинче, ага саясий баш паанек берип коюшу мүмкүн. Балким, Максим Бакиев да дал ушундай план менен Англияга атайын колго түшүп бергендир...


КАМЧЫ КӨЛБАЕВ КАРМАЛЫП, КАЙРА БОШОТУЛДУ

16-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери (ШИИБ) Камчы Көлбаевди кармашкан. Укук коргоо кызматкерлери криминалдык чөйрөдө белгилүү болгон К.Көлбаевди түштүктө болуп өткөн окуяга байланыштуу суракка алышкан. Суракта Ош жана Жалал-Абад окуялары болуп жатканда кайда болгонун жана Бишкек шаарындагы жашаган дареги такталды. Андан кийин укук коргоо кызматкерлери аны бошотушкан.
Маалымат үчүн: К.Көлбаев Рыспек Акматбаевге кол салгандыгы үчүн 25 жылга камалган. Кийин түрмөдөн качып кетип, издөө жарыяланган. Бирок көп өтпөй Башкы прокуратура К.Көлбаевди издөөнү токтонууну буюрган. Р.Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин ал Кыргызстандын эң таасирдүү криминалдык авторитети катары эсептелип калды. «Фергана» агенттигинин маалыматы боюнча, буга чейин чет өлкөдө жашап, жакында мекенине кайткан.


АТАМБАЕВДИ АТУУГА КИМ КЫЗЫКДАР?

“Мени өлтүрүүгө мурун эле буйрутма беришкен. Азыр менин башымдын баасы 1 миллиондон 1,5 миллион долларга чейин өстү”,- деп Алмазбек Атамбаев “Вечерний Бишкек” гезитинде уюштурулган түз байланышта жооп берген. УӨнүн төрайымынын биринчи орун басары акчанын көлөмү тууралуу Зикирбаевдин тобундагы шериктештери айтып беришкенин билдирет.
Маалымат үчүн: А.Атамбаев 23-майда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, анда: “Мага коюлган баанын алты нөлү бар экендиги кубандырат, анткени Аскар Акаевдин тушунда 20 миң долларга гана баалашканын билип калгам”,- деп азил-чыны аралаш жоопту узаткан.


ТҮШТҮК ОКУЯСЫНДА БИР ПАКИСТАНДЫК КАЗА БОЛДУ

Түштүктөгү кан төгүүдө чет өлкөлөрдүн жарандары да жабыр тартышты. Алардын арасында Пакистандын жараны каза болгон. Коогалаң башталгандан кийин эле чет мамлекеттер өз жарандарын Ош жана Жалал-Абад облустарынан алып чыгып кетүүгө учактарын жөнөтүп жатышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 15-июнда берген маалыматы боюнча, түштүк аймагынан миңден ашуун чет өлкөлүктөр эвакуацияланган. Анын катарында Түркмөнстан, Кытай, Индия, Түркия, Пакистан, Европа, Ооганстан жана Япониянын жарандары бар. Алгачкылардан болуп Индия менен Түркмөнстан өз жарандарын алып чыгып кетишти.


КОРКУНУЧТА КАЛГАН СУЗАК

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак айылында гуманитардык катастрофа болушу ыктымал. Бизге бул тууралуу учурда Сузакта жүргөн көз карандысыз кабарчы Улар Оморов маалымдады. “Сузак айылында азык-түлүк, дары-дармек жана суунун жетишсиздиги курчуп жатат”,- дейт ал. Анын айтымында, Сузактын жашоочулары талап-тоноочулардан чочулагандыктан, эч кимди аймагына өткөрбөй жатышат. Ошондой эле У.Оморов Бишкектен келген адамдар түштүктөгү абалды ого бетер курчутуп жатышкандыгын билдирет. Алар кызуу кандуулукка берилип, ансыз да сестенип турган өзбек улутунун өкүлдөрүн чочулатышууда.


“СУПЕР-ИНФО” БООРДОШТОР МЕНЕН БИРГЕ

Өлкөбүздүн түштүгүндө кан төгүү болуп, андан сырткары чагымчылар базарларды жана дүкөндөрдү өрттөдү. Тамак-аш жана суусу жок калган жарандарыбызга дүйнөнүн төрт бурчунан жана мамлекетибиздин жөнөкөй адамдарынын атынан жардам көрсөтүлүүдө. Анын катарында “Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты да каражат топтоп, Ош, Жалал-Абад окуясында жабыркаган тургундарга гуманитардык жардамды азык-түлүк түрүндө берүүнү чечти. Гуманитардык жардамдын ичинде макарон, өсүмдүк майы, шекер, күрүч өңдүү азыктар бар. Мындан ары да “Супер-Инфо” редакциясы четте турбай, колунан келген жардамын бергенге аракет жасайт.
“Супер-Инфо” редакциясы Ош, Жалал-Абаддагы кан төгүүдө көз жумгандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, алар менен бирге кайгысын тең бөлүшөт.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
elif
2010-06-21 14:10:56
olkobuzdun abali turisttredi dagi korkutup koydu okshoyt,bul ayabay okunuchtuu.Emi Osh jalalabad shaarlarinin bashtagi kalibina kelishi en az 2-3 jildi alsa,al mezgilderde turistter da kelbese...ayabay jaman boldu go...ekonomikanin onugusuuno turistterdin da chon salimi bar ele...
0
elif
2010-06-21 14:11:53
R.Otunbaeva bizge da nomerin bersinchi sms jonotup turayli)))
0
tumarchik
2010-06-21 14:45:57
Карагылачы эмне учун алар туну чогулуп чыгышты наразычылыгы болсо кундузу чогулуп айтышса болбойт беле, алардын ою туну тынч уктап жаткан кыргыздарды кыргыздын мекемелерин талкалап ошту басып алмай болгон!!! Алардын ойлогон ою ишке ашпай калды! Эки элдин ортосунда 1990 жылы эле жарака кеткен мына 20 жыл отту бир бирин кечирип унутушса 20 жылдын аралыгында эле унутушмал!!!
Кыргыздар унутуп эле калган болчу озбектер унутпайт мына азыркы нерсени алар кылым бою унутпайт! Мен бул создорду куйг
0
tumarchik
2010-06-21 14:53:08
Омурбек Текебаев эмне эле жан талашып жатат качкындарды кайра чакырып жатат же озуно президенттике ат салышканда озбек туугандарым колдоп берет деп аларга ишенип жатабы алар кайра эле 20 жылдан кийин дагы эле ушул нерсени баштайт алар канга тойбогон акмактар!20 жылда эле аран 20-25 чыккан жигиттерибизден айрыла беребизби!
0
tumarchik
2010-06-21 23:53:23
Узбек из киргизии по имени Дониер в Андижоне это его слова! «А что будет, если в Киргизии снова начнут убивать узбеков как двадцать лет назад? Вы нам поможете или останетесь в стороне?». Кто-то из ребят отошел в сторонку и по мобильнику стукнул куда надо. Подъехала машина, и Дониера спросили: «Так это ты тут людей в горы зовешь?» Его отвезли в отделение СНБ, где надавали по почкам, допытываясь, с какой целью он пытался создать незаконное вооруженное формирование.
0
tumarchik
2010-06-21 23:56:41
Разобравшись, отпускать его не стали, а ввиду отсутствия паспорта поместили в андижанский приемник, где он и отсидел уже почти двадцать дней.Сидя в столовой, Дониер, если речь заходила о происходящем в Киргизии, мгновенно заводился и начинал говорить, что киргизов надо резать – только так, мол, до них что-то дойдет, только тогда они что-то поймут. «А то они чуть что - сразу в ясли и роддома лезут. 20 лет назад нас резали, потом извинения просили, теперь снова режут и потом что
0
tumarchik
2010-06-22 00:02:28
что - снова извинения попросят, и это все?.. Нелюди, бесы горные!»Я вгляделся в его лицо. Передо мной сидел готовый боевик, пока, правда, потенциальный. Глаза его горели мрачным огнем и болью бессилия оттого, что он здесь, а не там. «Нет, - говорю, - это не выход. Чтобы такое не повторилось, надо организовать международный трибунал – «Главное, чтоб киргизов там не было!» – едва ли не в голос воскликнули сразу двое узбеков.
Бул создорду ошол м-н бирге олтурган журналист жазган fergana.ru д
0
PaxaT
2010-06-26 22:32:58
Азаматсын tumarchik сага окшоп кыргыз үчун жан күйгөндөр көп болсо Кыргызстан ушул абалга келбейт эле.Чын эле 20жылдан кийин ушул окуя кайталанбайт деп ким кепил боло алат.Менимче качкындарды киргизбей койсо калган өзбектерге сабак болоор эле.Билсин кимдин жеринде жүрүп кимдин суусун ичип жатканын эшиктен келип төр меники деп чалчактабастан
0
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан