БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖАҢЫ 37 ТРОЛЛЕЙБУС КЕЛДИ...

  • III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 179 ЧЕТ ЭЛДИК ЖУРНАЛИСТ аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
  • “Соттор АК ҮЙДҮН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН чечим чыгарбайт”,- деп билдирди Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева маалымат жыйынында.
  • Таластын Алмалуу-Тоо жайлоосунда ӨРТ ЧЫГЫП, 2 миң гектар жер күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
  • Биринчи Май райондук соту Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмышка шектелип жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин, “Улуттук энергетикалык холдингдин” экс-төрагасы Айбек Калиевдин жана “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчилерин камакта КАРМОО МӨӨНӨТҮН 2 АЙГА узартты.
  • "Ак-Ордо конушунда жол курууда бюджетке 6 МИЛЛИОН СОМДОН ашык зыян келтирген" деп Бишкек мэриясынын жооптуу адамдарына кылмыш иши ачылды.
  • ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү 6 айда жалпы 16 590 жаранга КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРГЕНИН министрликтин маалымат кызматы билдирди.
  • 2018-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 78 МИЛЛИАРД 253 МИЛЛИОН 600 МИҢ СОМДУ түзгөнүн Каржы министрлиги билдирди.
  • Бишкекке Орусия жана Беларустан 37 ЖАҢЫ ТРОЛЛЕЙБУС алынып келинди. Бирок шаардын жолдорун оңдоо иштерине байланыштуу алардын 70 пайызы ишке бериле электигин мэриядан билдиришти.
  • Бир аптада 2 ЖОЛУ АВАРИЯЛЫК АБАЛДА конууга аргасыз болгон "Авиатраффик" компаниясынын учактары боюнча Жарандык авиация агенттигинде атайын комиссия түзүлдү.
  • Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекет тарабынан 50 МИҢ СОМ берилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
  • 2018-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд 17 МИЛЛИАРД 289 МИЛЛИОН СОМ камсыздандыруу төлөмүн чогултту.
  • Чолпон-Атада атайын рейддин жүрүшүндө чет элдик ТУРИСТТЕРДИН БУЮМДАРЫН УУРДООГО шектелип Нарын облусунун 2 тургуну кармалды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан