ӨКМӨТ БАШЫНДА 100 КҮН. АБЫЛГАЗИЕВ ЭМНЕ ИШТЕРГЕ ЖЕТИШТИ?

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектеп жатканына 100 күндөн ашты. Бул аралыкта анын жасоого үлгүргөн иштерине учкай токтолобуз.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ КОЛДОО МАКТООГО АРЗЫЙТ

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыкка келген 100 күндүн ичинде 4 чет өлкөгө сапарга чыгып, республикабыздын 6 облусуна барды. Премьер чет элдик сапарларында кыргыз тилинде кайрылууларды жасап, мамлекеттик тилди колдоодогу так позициясын көрсөтүп жатат. Анын бул кадамы коомчулук тарабынан колдоо табууда. Адатта, чет өлкөдөгү расмий жыйындарда дээрлик кыргыз тили сүйлөнчү эмес. Кыргыз премьерлери расмий тилде баяндама жасоону туура көрүшчү.

АЧЫК ӨКМӨТ – АЙКЫН КАДАМ

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү мамлекеттик башкаруунун ачык тутумун түзүү боюнча натыйжалуу иштерге багыт алган. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ачык өкмөтүн куруу процессинин ачыктыгына басым жасайт. Өз кезегинде
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс Абылгазиев баштаган кыргыз делегациясынын Грузиядагы “Ачык өкмөт” эл аралык өнөктөштүк демилгесинин 5-саммитине ийгиликтүү катышуусу жалпы өлкөнүн имиджине жана анын инвестициялык жагымдуулугуна оң таасирин берерин ырастады. Аталган саммитте Абылгазиев: “Мамлекеттик тейлөөнү санариптик форматта көрсөтүү үчүн жарандарга электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү платформасын түзүү сунушталууда. Мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматта көрсөтүү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, мамлекеттик органдардагы коррупцияны жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк түзөт”,- деп билдирди.

ИНТЕГРАЦИЯЛЫК ЖИГЕРДҮҮЛҮК

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын тышкы саясаты менен эл аралык байланыштарын бекемдөө жана өркүндөтүү үчүн максаттуу күч-аракеттерди жумшап жатат. Премьер 27-июлда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, анда интеграциялык биримдиктин негизи – товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюуда экенин баса белгиледи. “Биз ар кандай чектөө чаралары өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө жана жалпы интеграциялык биримдикке терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз. Киргизилген чаралар бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө, татаал механизмдерди жоюуга жана товарлардын кыймылынын эркиндигин камсыздоого багытталышы керек”,- дейт өкмөт башчы.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында билдиргендей, медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысы жогорулайт. Бул үчүн керектүү акча каражатын бөлүүгө тапшырма берилгени белгилүү болду. “Маяналар сезилерлик деңгээлде жогорулайт”,- деди премьер. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны көтөрүү каралууда. Мындан тышкары маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу да пландалып жатат. Айлык маяналарды көтөрүү коомчулукта өкмөткө коюлуп келе жаткан негизги талаптардын бири.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

Абылгазиевдин айтымында, өлкө президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы бекеринен эмес. Аймактык саясаттын башкы максаты – элибиздин жашоо шартын жакшыртып, республиканын аймактарын өнүктүрүү. Бул багытта аймактарды адистештирип, кластерлерди ишке киргизүү пландалып жатат. Айыл чарбасында кооперативдерди түзүү, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду, товардык жана кредиттик кооперативдерди түзүү боюнча маселелер чечилет. Өлкөдө 4 ветеринардык лаборатория курулуп, аларды жабдууга 100 миллион сом бөлүнүп берилди. Облустарда 12 регионалдык ветеринардык лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары чет жакка чыкпастан, өлкө ичинде малдарды эмдөө максатында малдын жети түрдүү ылаңына каршы вакциналарды алуу пландаштырылууда.
Ишке киришкенине 3 айдан өтүп калганы менен, өкмөттүн ишине баа берүүгө али эрте. Анткен менен бул кыска убакыт аралыгында Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн карапайым калкка керектүү белгилей кетчү кадамдары бар. Алсак, Кепилдик фондунун капиталы 300 миллион сомго жеткирилип, ишкерликтин түрлөрүн өнүктүрүүгө эбегейсиз жардам болду. Буга кошумча мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом кошумча каражат кошулган. Мындан тышкары тышка чыгарууга багытталган ишканаларды жеңилдетилген түрдө насыялоо программасы үчүн 100 миллион сом бөлүнөрү күтүлүүдө. Айта кетсек, буга чейин Абылгазиев ипотекалык насыянын үстөк пайызын 6 пайызга чейин түшүрүү боюнча тапшырма берген. Азыркы тапта бул насыянын эң төмөнкү чеги 8 пайызды түзөт. Ипотекалык насыяларды элге жеткиликтүү шартта берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

ӨКМӨТ ИШКЕРЛИКТИ КОЛДОЙТ

Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликке келгени ишкерликти колдоого алуу зарылдыгына басым жасоодо. Ишкерликти текшерүүгө 2 жылга чейин тыюу салган мораторий киргизүү жана Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев Бизнес-акыйкатчы түзүү оң натыйжа берери эл аралык тажрыйбада аныкталганын билдирди. Азыркы тапта ишкерлерди мурункудай ыксыз текшерүүлөр азайып калганы байкалууда. Инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлорго карата мамилени өзгөртүү инвестициялык лотторду даярдоо сыяктуу аракеттер менен коштолууда. Ошондой эле инвестициялык мыйзам күчөтүлүп, инвесторлордун ишине тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилиги мыйзамдуу түрдө белгиленери каралып жатат. Өкмөттүн бизнеске шарт түзүү аракеттери бизнес-коомчулугу, эксперттер тарабынан колдоого алынууда.
Учурда алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык жүрүүдө. Буга байланыштуу жылуулук мезгилине толук кандуу даярдык көрүү өкмөт башчынын дыкат көзөмөлүндө турат. Премьер жылытуу мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана жоготууларды кыскартуу боюнча тийиштүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берип, калкты көмүр менен жетиштүү камсыздоону милдеттендирди. Премьердин тапшырмасы боюнча, кышка даярдык жана элди көмүр менен камсыздоо иштери 2018-жылдын 1-октябрына карата толук бүтүшү керек.

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – АЛДЫҢКЫ МАКСАТ

Өкмөттүн ишмердигинде аймактарды өнүктүрүүдөгү маанилүү элементтердин бири “Бир айыл – бир продукт” долбоору. Азыркы мезгилде Каракол шаарындагы JICA өкүлчүлүгү “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ийгиликтүү жүргүзүп жатышат, анын алкагында кийиз буюмдар жасалат. Премьер-министрдин айтымында, бул долбоор ар бир аймактын өзгөчө сапаттарын жүзөгө ашырууга жана жаңы иш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдиргендей, жыл жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчинин иши түзүлгөн жумуш орундарынын санына жараша бааланат. Демек, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө да, талап да зор. Өкмөт башчынын айтымында, аймактарды социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо – өкмөттүн башкы милдеттеринин бири. Былтыр болгону 97 объект ишке берилсе, быйыл 150дөн кем эмес имараттын курулушу бүткөрүлөт.

ПРЕМЬЕР КАРАПАЙЫМ КАЛК МЕНЕН

Азыркы өкмөт башчы жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен элге жакын. Премьерлик кызматка жаңы киришкен Абылгазиевдин Ошко катардагы аба каттамда, эл менен бирге учуп барганы жылуу пикирлерди жараткан. Карапайым калк менен жолугушууда алардын мүдөөсүн, көйгөйлөрүн билүүгө, колунан келген көмөгүн көрсөтүүгө умтулат. Мамлекеттик кызматкердин элге жакын болушу ар дайым коомдо колдоого ээ болуп келет.

МАКСАТТУУ ИШТЕР АЛДЫДА

Өкмөттүн 100 күндүк жүрүшүнө кандай баа берилбесин, анын ишмердигин чындап баалоо үчүн алдыда бир катар иштер турат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу деңгээлде өткөрүү азыркы өкмөттүн алдындагы маанилүү милдеттердин бири. Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чарага даярдыктарды көрүү жана өткөрүү Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө. Бул иш-чара 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК АКЫСЫ КӨТӨРҮЛДҮ

9-августта премьер-министрдин токтому менен келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30га көтөрүлдү.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан коргоону жана аскер кызматынын аброюн жогорулатууну максат кылат.

Өкмөттүн маалымат кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан