АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА, ырчы: «АРГЕНДИ РАСУЛ МАМАТКУЛОВДУН УУЛУ ДЕГЕН ЖОМОК ЧЫНДЫККА ТАКЫР ОКШОШПОЙ КАЛДЫ»

Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргенди Расул Маматкуловдун уулу деген маалымат жергиликтүү интернет басылмаларынын бирине жарыяланып, андан соң социалдык тармактарда желдей тарап, талкуулана баштады. Аргенди эл балетмейстер Такен Шаршеновдун уулу деп билет. Бул кептер эмнеден улам чыкты, чындыгы канчалык, каармандар сүйлөсүн.

– Айчүрөк эже, шоу чөйрөсүндө балаңыз Аргенди Расул Маматкуловдун уулу деген маалымат тарап, социалдык тармактарда талкуу болуп жатат, эмне дейсиз?

– Эмне дейбиз, бул жомок чындыкка такыр окшобой калды. Чындыкка коошпогон жомок каяктан чыкты, ким кандайча чыгарды, кандай мааниде деп таң калып отурам. Менин оюмча, бул жомок кимдир бирөөлөргө керек болду, анан токуп чыгышты. Угарым менен Расулдун жубайы Катяга телефон чалдым, ал “балабызды алып кел, Арген биздин бала турбайбы” деп каткырды.

– Балким, жаш кезде экөөңөрдүн ортоңордо сезим болгондур, ошондон улам чыккан кеп эмеспи?

– Расул менен таанышкан күндөн бери ортобузда достук, бир туугандык мамиле орун алды. Экөөбүзгө карата сүйүү сезимин жармаштыруу акылга сыйбайт, андай нерсе болгон эмес.

– Расул байке менен канчадан бери таанышсыз?

– Кээ бир маалымат булактары "1980-жылы ырдап чыгышкан Айчүрөк менен Расулдун ортосунда сүйүү болгон" деп жазышыптыр. Мен 1982-жылы 8-классты аяктагам. Билип-билбей жазган туура эмес, ким эмне жазбасын бир аз ойлонсо болмок. 1990-жылы “Ала-Тоо периси сынагы” өтүп, баш байгени Айнура деген кыз, 1-орунду мен алдым. Көшөгө аркасында “Жаштар театрынын” директору келип, мени театрга чакырды. Тарас Асанакуновдун тобу менен “Жаштар театрына” бардым. Топто Алина Жетигенова, Медер Кадыршаев, Чолпон Алсейитова, Расул Маматкулов бар экен. Расул менен ошондо таанышкам. Ал кезде Аргеним 3 жаштан өтүп калган. Уулумду колтугума бекем кысып алып театрда иштеп жүрчүмүн.

– Силер үй-бүлөлүк катышта да болсоңор керек?


– Арген өзү кандай кабыл алды?

– Арген учурда чоң жигит. Балдарым социалдык тармактарга кызыкпайт деле, жадакалса катталышкан деле эмес болуш керек. Эртең менен жумушка кетет, кечинде чарчап келет. Андан башка майда иштери көп. Өзү жөнүндө чыккан кептерден кабары деле жок. Мен дагы балама майда-чүйдөнү айтып алагды кылып, маанайын чөгөргүм келбейт.

Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деп коёт. Таалай менен түтүн булатып чогуу жашаганыбызга 23 жыл болду. Демек, Арген Таалайдын баласы. Арген 5-6га чыгып калганда Таалай экөөбүз таанышып, үй-бүлө курдук. Ошентсе да Аргендин өз атасы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен балетмейстер Такен Шаршеев экенин, ага турмушка чыкканымды да эч качан танган эмесмин.

Ал эми Расул Маматкулов менен жубайы Катя Маматкулова мындай кептерге эмне дешет, суроо узаттык.

Расул Маматкулов:

– Сүйлөсө эле кеп боло берет турбайбы. “Арген Расул Маматкуловдун баласы экен” дешкенин алгач түшүнгөн жокмун. Түшүнгөндөн кийин аябай күлдүм. Айчүрөк менен таанышканымда Арген 3 жашта болсо керек, театрга жетелеп келген. Томпоңдогон, кимди болбосун өзүнө тартып турган сүймөнчүк бала эле. Топтогулардын көбү үйлөнүп-жайлана элек болчубуз. Анан көзүбүзгө жаш бала жакшы көрүнөт да. Аргенди кимибиз болбойлу көтөрүп ойнотчубуз.

 

Катя Маматкулова:

– Айчүрөк “Расул экөөбүз тууралуу ушундай жомок чыгарышыптыр” деп телефон чалды. “Апей, ошондо Арген биздин бала турбайбы. Тез биздин үйгө жөнөт. Тез арада үйлөп, келин жумшап жыргап калайын. Руслан да үйлөнбөй жатат эле. Аябай жакшы болгон турбайбы” деп күлдүк. Эми бул акылга сыйбаган кеп да.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
Sagidko88
2018-08-14 23:39:27
Катя эже сонун тамашакой экен)) жакты жообу
+9
admin_media
2018-08-15 09:12:07
Nursbaike,колдонуучу порталдын башкармалыгын талкууга алууга болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
ATAIBEKBATURKAN
2018-08-15 14:08:32
killer5
2018-08-17 08:41:41
ATAIBEKBATURKAN, Айчурок жөнүндө эң кызык малыматтаргр
0
tattusha
2018-08-15 17:24:13
Чын чычалайт калп каткырат дечу беле, болор -болбос ушактардын баарына майдаланып комментарий бербей эле койсонуз сиз ошол ушакчылардан жогору болмоксуз
+2
aiman1983
2018-08-15 19:08:18
Айчуроктун жеке жашоосу, баласын кимден торогону элге канча кызыкчылыгы бар. Кабарчылар, журналисттер сураныч койгойлуу темаларды жазгылачы. Айчурок чыгармачыл адам катары иштегени жакшыдыр, бирок бироонун уясын бузган аял катары чыгармачылыгы да, уй булоосу да кызыксыз!!!
+2
Nomad-kyrgyz
2018-08-16 12:46:02
Аман эле болгулачы
-1
Astrushka
2018-08-16 15:44:13
Негизи Айчурок айымдын билим денгээли аябай эле томон экен,ар бир созго теригип,териштирип чычалап эле басып журот....чоон эле аял уят го......ал эми Расул байкебиз муну тенине албаса керек....
+1
Mira8586
2018-08-17 00:03:06
Шамал болбосо, дарактын башы кыймылдабай т деген соз бул жондон эмесго....Анжелика Эми Айчурок эжебизди чукуй баштаганго, сонун уруш башталды дагын тамаша кылабыз кийинки ринг качан башталат?
0
Kaniela
2018-08-17 01:32:32
Айчурок эжебиз озуну пиарлагандан тажабайт экен да,эгер ушундай ушак болсо супер инфодо да талкуу болсо кк эле,талкуу болуп анан комментарий бергенде мынчалык тан калбайт элем.
0
aykyz
2018-08-17 16:10:44
Уй-булолук катышта болсонор керек деген суроого жооп берген жокпу?
-1
Alleria
2018-08-17 18:16:18
Ушул эженин сыйлабай калдым. Ушакка жакын экен
0
fanatka19
2018-08-17 20:57:14
бул ушакты Айчурок эжекебиз озу чыгарат себеби пияр керек эл унутуп калбасын деп 10 жылда бир катуу дун болуп турат озу.
0
Nanei
2018-08-18 08:54:34
Аргенинин азыркы учурдагы суротун коргозо аласызбы , Айка айым
-1
mela
2018-08-19 14:20:10
Бек Борбиевдин баласы деп чыгарса болмок экен ушакты...Кобуроок окшойткен баласы)))
-1
rahat84
2018-08-20 08:53:43
Расул байкебиз кийинки чыгарылышта эч кандай реакция кылбай койсо соз токтойт. Бул ушакты чыгаргандар (!) уят эле болот го. Ээ Супер))))
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан