ДЖОННИ, ырчы: «КҮТТҮМ, АЙ» ДЕГЕН ЫРЫМДЫ КАЙРАТ НУРТАСКА БЕРГЕН ЖОКМУН»

Акыркы күндөрү шоу-бизнесте Джонни деген ысымды көп угуп жатсаңыз керек. Балким, сиз дагы “Күттүм, ай” деген ырды угуп жүрөсүз. Дал ошол ырчы жигит гезиттин бул санында чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Туулган жылы – 1990-жылы, 1-январь

Туулган жери – Нарын шаары

Бою – 179 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Хоббиси – Китеп окуу, видео тартуу, монтаж жасоо, музыкалык аспаптарда ойноо

Репертуарындагы ырлары – “Күттүм, ай”, “Байланам”, “Жашоо керемет”, “Ат-Башым”

– Алгачкы эле суроону атыңыздан баштасак. Эмне үчүн Жаныбек Джонни болуп алды?

– Өзүмдүн чыныгы аты-жөнүм – Жаныбек Жеңишбеков. Ал эми Джонни деген ысым тууралуу айта турган болсом, мектепте окуп жүргөн кезде эле классташтарым ушинтип аташчу. Сахнага да ушул ат менен чыгууну туура көрдүм. Себеби жаттоого жеңил жана заманбап ысым. Ата-энем жана бир туугандарым гана Жаныбек деп кайрылышат.

– “Күттүм, ай” аттуу ырыңыз менен элге таанылдыңыз? Багыңызды ачкан бул чыгарманы кандайча ырдап калдыңыз?

– Бул сагынычтан улам жазылган ыр десем туура болот. Себеби сүйгөн адамым менен эки башка жолго түшүп, куса болуп жүргөн кезде алгач обону жаралды, сөзүн кийинчерээк Айбек Курманбаев деген акын байкебиз менен биргеликте жаздык.

– Клип тартыла электе эле ырыңыз интернетте миллиондон ашуун кароого ээ болду. Сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– “Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет” деген сөз буга жооп болот го дейм. Ырдын сөзү, обону, аранжировкасы бири-бирине айкалышып бир бүтүн боло алды. Ошондуктан элге кеңири жайылып популярдуулукка ээ болду.

– Байкашымча, жаңы эле чыгып жатканыңызга карабастан, дайыма атактуу жылдыздардын арасында жүрөсүз...

– Бардык ырчылар сыяктуу эле мен дагы чоң сахнага чыгар алдында кафелерде ырдап жүрдүм. Ошол кезде көп ырчылар менен таанышып, достук мамиледе болуп калганбыз. Достор бири-бирибизге жакшылыктарда көмөктөшүп келебиз. Чыгармачылыкка аралашуума да кайсы бир деңгээлде материалдык жактан болбосо дагы, моралдык жактан досторум жардам беришти. Ал эми өзүңдөн улууларды көрүп үлгү алып түздөнөсүң дегендей. Андан сырткары продюсерим “Ekarecords” студиясынын жетекчиси Эрнест Үмөталиев да чыгармачылыктагы ордумду табууга чоң жардам берди. Ортобузда 3 жылдык келишим бар.

– Көп жылдан бери кафе-ресторандарда ырдап жүрүп, чоң сахнага кеч аттандыңыз. Балким, сизге сахна ырчысы болгонго караганда кафеде ырдоо жагат?

– Мен кафе, ресторандарда 10 жыл иштедим, азыр да бош күндөрү барып ырдап калам. Ошол жерден такшалып, тажрыйба топтодум. Ал эми шоу-бизнеске аралашып баштаганыма аз эле убакыт болгонуна карабастан, менин ырларымды тыңдаган күйөрмандарым пайда болду. Алардан келген ар бир каалоо-тилектер мага дем берет. Азыркы учурда шоу-бизнес тармагы көбүрөөк өзүнө тарта баштады десем болот.

– Ырчылыктан сырткары кандай өнөрүңүз бар?

– Сүрөттү жакшы тартам. Негизинен кичине кезимден тарта эле музыкалык аспаптарга көп басым жасагандыктан, бош убактым боло калса эле комузда, пианинодо, баянда, гитарада, чопо чоордо ойной калам.

– Жеке жашоодо абал кандай? Дегеле күткөн инсаныңыз келдиби?

– Күткөн инсаным келе элек, дале күтүп жүрөм. Үйдөгүлөр да "качан бизди келиндүү кыласың?" деп “намёк” кылып жатышат (күлүп). Эми буюрган күнү жолугарбыз.

– Жакшы ыр чыкса казак боордоштор чалып “жуучу” түшүп калышчу эле...

– Ооба, туура айтасыз, чалуулар болду. Казакстандын ырчыларынан эле 4-5 ырчы байланышка чыкты. Эң алгач Кайрат Нуртастын менеджери чалып “Кайрат Нуртас сиздин ырыңызды аткарууга кызыкдар” деген оюн айтты. Бирок мен бербей, ойлонуп көрүүнү туура көрдүм. Себеби бул ырды казак тилине которуп өзүм аткарып чыксамбы деген оюм бар эле.

"Байланам" аттуу ырынын клибинен үзүндү.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
tina.kg
2018-08-14 09:45:15
Туура кылат бербей. Кыргыз элимде хит ыр чыкса эле Кайрат Нуртас сурай берет уялбай озу ыр чыгарып ырдабайбы
+24
digibum
2018-08-14 16:49:08
tina.kg,мен ойлогондой жазыптырсыз. Баш которуп келе жаткан ырларды алып алышып, менчиктеп алышат ко
+12
aiturgasha
2018-08-14 10:27:14
Эсмехандын ырын деле кыргыздар ырдап чыкты го? За то эки жакта тен ыр хит болду. Сенда Кайратка жон эле берип койбой, сат да ырынды. анын акчасына дагы башка ыр жазып, клип тартып аласын. ошентип шоу бизнесте онугосун. Мирбек Атабековдун канчалаган ырын ырдап журот го
+10
MKW.MYRZAiYM
2018-08-14 11:16:59
Аябай жакшы ырдайт экен, "Куттум ай" ыры аябай жакшы чыкты. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм!
+6
alisha00
2018-08-14 12:05:25
Күттүм ай деген ыры жакты
+6
zhanka1234
2018-08-14 12:18:34
Журогум ооруп турат сага жете албай ♡
+9
aqua-94mema
2018-08-14 12:50:39
Куттум айы менен кутуп журуп отуп кетебизго батыраак эле келдин ай ырын чыгарса экен
+2
Meni_unut
2018-08-14 15:52:31
Ыр вообще сооонун бирок
+4
dinarasama
2018-08-14 17:26:22
берип койсо сонун болмок го...Кайрат ырдаса да жарашмак
0
hanisa
2018-08-17 18:50:41
dinarasama,озум ырдасамбы деп жатам дейтко
0
LittleBarbie
2018-08-14 21:18:54
Куттум куттум ай менен тан атып кеч кирет тажабай угам))
+6
nigina93
2018-08-15 10:36:01
Ушул ырды радиодон коп угуп калдым чынында соонун жагымдуу ыр экен.
+4
hanisa
2018-08-17 18:51:07
Оштон болот экен деп ойлогом
-1
Farhat25
2018-08-19 01:08:59
hanisa,анан? Ошпу Нарынбы акыры кыргызго
+2
Farhat25
2018-08-19 01:11:05
Кайрат Нуртас абдан жакшы аткаручу. Бирок ал кыргызга кыпындайда жакшылык каалайтурган туру жок акмак
+2
fantastic_baby
2018-08-27 14:33:58
Ошончо окудум , атайын барып угуп келдим комент жазып коеюн ))) Ото деле ого эмес, ото деле стремно эмес экен. Азыркы тата пата деп жургон кээ бир ырчылардын ырларына караганда норма ) Ийгилик.
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан