ИТАЛИЯ АШКАНАСЫНАН: ДААМДУУ ЖАНА ОҢОЙ ЖАСАЛЧУ ПАСТАЛАР

Италияда макарон азыктары жана андан даярдалган тамак паста деп аталат. Паста – тоюмдуу, даамдуу, жасоо ыкмасы жеңил жана көп мээнетти, убакытты талап кылбаган тамак. Андыктан бул даамга дасторконуңуздан орун берип, жакындарыңызды Италияга барып келгендей сезимге бөлөңүз.

БАКЛАЖАН ПАСТАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Макарон азыгы – 200 грамм

Баклажан – 1 даана

Помидор – 3-4 даана

Чили калемпири – 1 даана

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Сыр – 150 грамм

Кумшекер – 1 чай кашык

Зайтун майы – 4 аш кашык

Татымына жараша туз, мурч

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.

2. Баклажанды жууп-тазалап, төрт чарчы формасында туурайбыз да, кызып турган майга кызарта кууруп алабыз.

3. Соус даярдайбыз: пиязды, помидорду, райканды жууп-тазалап, майда туурайбыз. Эми буларды майга кууруйбуз. Кууруп жатканда татымына жараша туз, мурч жана кумшекер кошуп, жай отто 15-20 мүнөттөй демдейбиз. Бул аралыкта помидордун ширеси тартылып, куурмач коюуланат. Эми казанга куурулган баклажанды жана макарон азыгын салып аралаштырып, 5 мүнө ткө демдейбиз. Баклажан пастасы даяр. Тамактын бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан, майда тууралган көк чөптөп себелеп дасторконго койсок болот.

ТӨӨ БУУРЧАК СААДАГЫ КОШУЛГАН ПАСТА

Керектелүүчү азыктар:

Төө буурчак саадагы – 200 грамм

Макарон азыгы – 200 грамм

Помидор – 150 грамм

Лимон – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Райкан – 2-3 тал

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Төө буурчак саадагын туздуу сууга 4-5 мүнөт кайнатып алып, узундугун 5-6 сантиметр кылып туурайбыз.

2. Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.

3. Казанга 2-3 кашык өсүмдүк майынан куюп, ага тууралган сарымсакты жана төө буурчак саадагын салып жай отто 5-7 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз, мурч кошулат.

4. Жарым лимондун ширесин сыгып, кабыгын майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

5. Эми казандагы куурмачка тууралган помидорду, макаронду, лимон ширесин, лимон кабыгынын кырындысын, райкан жалбырагын жана 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп, дагы 2-3 мүнөттөй кууруйбуз. Паста даяр.

Тоок этинен паста

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 300 грамм

Макарон азыгы –
200 грамм

Чили калемпири –
1 даана

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Сүт – 200 миллилитр

Помидор – 3 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.

2. Тоок этин ичке, узун кылып, помидорду чоң-чоң, пияз, сарымсакты, чили калемпирин майда туурайбыз.

3. Казанга майды куюп, алгач тоок этин кызартып, андан соң пияз менен сарымсакты, чили калемпирин, помидорду салып кууруп, жай отто 15 мүнөткө демдеп коёбуз.

4. Эми буга макарон азыгын салып аралаштырабыз. Табитти ачкан паста даяр.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
meni_kut
2018-08-14 10:55:50
Аз го
0
Dilbaranurdinova
2018-08-14 11:04:15
Кайн журттун табитине туура келбейт экен кылайын десем...
+4
Akylai_aktan
2018-08-14 11:11:16
Dilbaranurdinova,дегеле биздин менталитетке окшойт,дегеним биздин тойдо ушуга окшош паста жасап койгонбуз.Макарондон салат коюшуптур деп жактырбагандарды уктук
+5
kuba_76
2018-08-14 11:47:31
Учунчу рецепте 200мл сутту кайсы убакта колдонулат?
0
guzi90
2018-08-14 12:32:45
kuba_76,сут эмес сливки кошсо даамдураак болот Аны даяр болоюн деп калганда коюп бир сыйра аралаштырып 3-5мин думдап койсо ВО КАК болот
...
+1
Jin1209
2018-08-14 16:11:28
Куурмач жаны соз го
-1
vikidiki
2018-08-15 09:41:29
Jin1209,Илгертен келе жаткан соз.
+2
Jin1209
2018-08-14 16:11:48
Куурмач
0
Floweriza
2018-08-17 13:45:29
Тоо буурчак саадагы деген стручковая фасольбу
+3
jon.as
2018-08-19 11:35:01
Floweriza,ооба
0
Nazgul.80
2018-08-19 22:44:31
Менин билишимче паста башкача Италиядагы эжем бизге башкача жасап берет
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан