АЛИССОН БЕККЕР
Дүйнө биринчилиги аяктагандан кийин «Ливерпуль» дароо эле Бразилиянын дарбазачысы Алиссон Бекерди өз катарына кошуп алды. Бул трансферди ишке ашышырыш үчүн «Ливерпуль» командасы
62,5 миллион еврону аябады. Бул дарбазачылар арасындагы эң кымбат эле. Алиссон клуб менен 5 жылдык келишим түздү. «Рома» Алиссонду 2016-жылы 8 миллион еврого сатып алган. Өзүнүн алгачкы сезонунда Италия биринчилигинде дарбазачы бир да оюн өткөргөн эмес. Бирок кийинки сезондо Войцех Шенснынын командадан кетиши менен Алиссон римдик клубдун негизги оюнчусуна айлана алган. «Рома» командасынын Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетүүсүнө дал ушул Алиссондун салымы зор.КЕПА АРРИСАБАЛАГА
Алиссон Беккердин рекорду 19 күндөн кайра жаңырат деп ким ойлоптур? Испаниялык дарбазачы Кепа Аррисабалага «Атлетик» командасынан «Челси» клубуна 80 миллион еврого өттү. Бул жайкы трансфердеги эң күтүлбөгөн жаңылыктардын бири десек болот. Мындан кийин 23 жаштагы дарбазачы – дүйнөдөгү эң кымбат испаниялык футболчу. «Челси» бул оюнчуну курамына кошуу үчүн 80 миллион евро төлөөгө макул болушту. Буга чейин эң кымбат испан оюнчусу болуп дагы бир «Челсинин» оюнчусу Мората (65 миллион) саналчу.ТИБО КУРТУА
Зидан «Реалды» 3 жыл башкарып, бул аралыкта 3 жолу Чемпиондор Лигасын, 2 жолу клубдар арасында Дүйнө чемпиондугун, Ла Лиганы бир жолу жана УЕФА менен Испан Суперкубогун жеңген. Зидандын экинчи аты жеңиш деп атала баштаган... «МЮну» учурда айтылуу Жозе Моуриньо башкарып келет. Тиешелүү жыйынтык көргөзбөгөнү менен, мурунку жылы 2-орунду камсыздады. Бирок күйөрмандарды ойлондурганы – тыңгылыктуу оюндун жоктугу. Көп учурда «МЮ» коргонууга өтүп, чабуулду атаандашына да, өзү да жасабай калат.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg