Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ОБОНДОР ОКШОШПУ ЖЕ ПЛАГИАТПЫ? ЫРЧЫЛАРДЫН ЫРЛАРЫНА СЕРЕП САЛАБЫЗ

№824 август, 17 - 23-август, 2018-ж


Мурун ырчылардын ыйманы бар беле, айтор, сөзү же обону сырттан алынса «чет элдики» деп коюшчу. Азырчы? Азыр чет өлкөлөрдө 1-2 жыл мурун хит болгон ырлардын автору кыргыз ырчылары болуп чыга келген учур көбөйдү. Анткени кыргыз ырчылары башкалардан алган обонун, аранжировкасын, сөзүн же клиптин идеясын «менчиктештирип» алганга өтүштү. Мындай жорук, албетте, плагиатчылык катары кескин сындалат. Алардын айрымдарына токтоло кетели.

«УНУТАМ». УУРДАЛГАН БОЛСО УРУШАМ...

Украиналык ырчы Ани Лорак 2016-жылы «Удержи моё сердце» деген ырды аткарып чыккан. Ырдын сөзү да, обону да Макс Барских аттуу украиналык таланттуу ырчы, обончуга таандык. Арадан 2 жыл өтпөй биздин жигит, тагыраагы, ырчы Жоодарбешим «Унутам» деген ыр жаздырып, анысына клип да тарттырды. Эң кызыгы, ырдын сөзү да, обону да Жоодарбешимдики экен. Бирок Анинин ырын унута электер көп да. Дароо эле ырдын обону, аранжировкасы да Ани Лорактыкына коёндой окшош экенин жазып чыгышты. Андан да кызыгы, Ани Лорак менен Жоодарбешимдин клибинин сюжеттеринде да окшоштуктар бар. Түшүндүрө кетсек, украиналык ырчынын клибинде кыздын сүйгөнү башканы алып жатканда кыз барып 2 жашка бакыт каалайт. Ал эми Жоодарбешимдикинде жигиттин сүйгөн кызы башкага турмушка чыгып жатканда жигит 2 жашка бакыт каалайт. Эми эмне дейбиз, музыкада го 7 эле нота бар дейли, жок дегенде клипти тарттырарда идея жагынан изденсек жакшы болмок...

«КЫЗДАР, АЙ». АВТОРУН ЖАЗГЫЛА КЫЗГАНБАЙ...

Өзбек ырчысы Ziyoda 2015-жылы «Ikkimiz» деген ырды ырдап чыккан эле. Өзбек ырчысыныкына обону да, аранжировкасы да окшош ырды 2016-жылы кыргыз ырчы мырзалары Ильяз Абдыразаков менен Аваз Акимов «Кыздар, ай» деп ырдап чыгышты. Жигиттер 2018-жылы бул ырга клип да тарттырганга жетишти. Кыздар жөнүндө ырдап жатышса кыздарга кантип жакпасын? Атүгүл өзбек кыздарга, тагыраагы, ырдын автору Ziyoda`га жагыптыр. Ziyoda социалдык тармактардын бирине Аваз менен Ильяздын «Кыздар, ай» ырын, ой, өзүнүн ырынын кыргызча вариантына тартылган клипти жүктөп купулуна толгонун, анын ыры башка тилде жаңырып жатканына кубанычта экенин жазды. Бирок... Биздин жигиттер ырдын автору ким экенин белгилешкен эмес.

«ЖАКТЫРГАН КЕРЕМЕТ». INDILA БИЛСЕ НЕ ДЕМЕК?..

Франциялык ырчы Indila 2013-жылы «Derniеre Danse» аттуу ыры менен француз чарттарында эле эмес, дүйнөлүк чарттарда «бум» жараткан. Бул ырдын авторлору Indila жана анын жолдошу, аранжировкачы DJ Skalp. 2017-жылы ырчы айым Айгүл Чалова «Жактырган керемет» деген аталыштагы ыр жаздырды. Айрымдар «ай-ий, сонун ыр болуптур» деп тамшанышты. Кээ бирөөлөр «бул деген плагиат, француздардыкы» деп чыгышты. Чындап эле Айгүл айымдын ыры Indila айымдын ырына, аранжировкасына чейин тамчыдай окшошуп калган. Кыргыздар француз тилин түшүнбөйт дештиби, же французча ыр укпайт дештиби, айтор, бул ырдын обонун Айгүл жана Рамис жазган деп жүрөт. Ой, тобоо, француздарда да Айгүл, Рамис деген аттар бар беле?..

«АДАШКАН СҮЙҮҮ». АВТОРГО КҮЙҮҮ...

2013-жылы орусиялык ырчы Дима Билан «Часы» деген ырды ырдап чыккан эле. 4 жылдан кийин, тагыраагы, 2017-жылы KG Эльмурат «Адашкан сүйүү» деген ырды ырдап чыкты. Бул ырды жакшылап тыңшап көрсөңүз кайырмасына келгенде «кайдан уктум эле?» деп өзүңүзгө суроо узатасыз. Жообу бул ырдын кайырмасы Дима Биландын «Часы» деген ырынын кайрыктарына окшош. Сааттар сабалап учса эле угармандар обонун унутуп калбайт да. Дима Билан ырдаган ырдын сөзү жана обону Сергей Ревтов деген музыкантка таандык. Ал эми «Адашкан сүйүүнүн» обону, автору KG Эльмурат өзү деп жазылып жүрөт, же адашкан сүйүү тууралуу ырдап жатып авторунан да адашып калганбы, белгисиз. Жок дегенде KG Эльмурат обонуна Сергейди авторлош кылып кошуп койсо жакшы болмок экен...


"СУПЕРДИН" СУРАК БУРЧУ

Кыргызда «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дейт эмеспи. Жогорудагы аты аталган ырлардын окшоштугу бар же жоктугун билүү үчүн музыканы жакшы түшүнгөн адамдарга кайрылдык.

Өктөм Сапар уулу, ырчы, аранжировкачы: «БИРИНЧИ АВТОРУНАН УРУКСАТ СУРАШ КЕРЕК»

– Айгүл Чалованын, Жоодарбешимдин ыры боюнча айтсам, булар чет элдик ырларды атайын көчүрүшкөн. Авторлору катары эмнеге өздөрүн жазып койгонун билбейм. Билбей калат деп ойлошкон окшойт, бирок билинип калган. Катуу айтканда уурдап эле алган. KG Эльмураттын ыры боюнча айтсам, алар деле Дима Биландын ырынан атайын алгандай сезилип жатат. Бирок бир чети дал келүү деген бар да. Обондорду атайын окшоштурбасаң да кээде окшошуп калышы мүмкүн. Ильяз Абдыразаков менен Аваз Акимовдун дуэти боюнча өткөндө Ziyoda баракчасына жазган. Менин баамымда биздин жигиттер өзбек ырчысынан сурабай эле ырдашкан экен. Чет элдик ырларды которуп, авторун өзү кылып жазып алгандарга оюм терс. Биринчиден, бирөөнүн эмгеги, экинчиден, баары бир билинип калат. Кимдин ырын алса ошонун авторун жазыш керек. Бизде, мисалы, казактардан которсо «обону казак элиники» деп жазып коюшат. Аны эл жазган жок да, ырдын автору бар. Авторун тактап жазыш керек, биринчи авторунан уруксат сураш керек. «Билбей калат» деген болбойт. Биздин деле ырларыбызды башкалар айтпай-дебей ырдап алышса жинибиз келет да.

Жамиля Муратова, ырчы, композитор: «ӨЗҮН СЫЙЛАБАГАНДАР ЭЛДИ ДА СЫЙЛАБАЙТ»

– Өзүн-өзү сыйлаган ырчылар, чыгармачылык менен жолун туура багыттай алган инсандар мындай тайкы ишке барбайт. Түшүнүгүн өзгөртүшсө, чыгармачылык жолу чыныгы профессионалдуу болот. Мындай көрүнүш – элди алдамай. Уят эле. "Калптын казаны кайнабайт", ушуну жүрөк менен тутуш керек. Өзүн-өзү сыйлабагандар, элди да сыйлабайт. Чыгармачылык изденүү жок. Жеңил-желпи мамиле кылуу дейм. Жогорудагы ырларды уктум, сыйрып каптап койгондой окшош, болгону сөзү кыргызча. Уят! Өкүндүрдү. Эми муну чоң бир трагедияга айлантпайбыз да. Таланттуу эле жаштарыбыз го. Ар бирине эжелик, чыгармачылыкта тажрыйбалуу инсан катары өз сөзүмдү айтууга милдеттүүмүн. Буйруган убакытта сөзсүз айтам.

Мухтар Атаналиев, ырчы, обончу: «ЖЕ ӨЗҮҢ ЖАЗЫШЫҢ КЕРЕК, ЖЕ АВТОРУН АЙТЫП КОЮШ КЕРЕК»

– Ырларды уктум, обондору окшош экен. Эми бул башка элдин ырын алып ырдоо бардык эле элде бар. Мисалы, башка кеп, эгерде башка музыкаларды угуп, жакшы көрүп таасирленип дегендей, кээ бир кайрыктары окшошуп калат. Бизде да болгон, чыга электе байкап калсак аны өзгөрткөнгө аракет кылчубуз. Бирок түзмө-түз көчүрүп алып, меники деген болбойт го. Өз деңгээлиңди эле билдирип коёсуң. Миңдеген ыр жазып, бирок бир да кайрыгы башкага окшобогон обончулар бар. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев жана башкалар. Же өзүң жазышың керек, же авторун айтып коюш керек, мисалы, орус эл ыры деп эле....

Каныкей Эралиева, ырчы, композитор: «АЗЫРКЫ ЖАШТАРЫБЫЗДА УЯТ ЖОК БОЛУП КАЛДЫ»

– Ырларды уктум. Уят эле. Тилекке каршы, азыркы жаштарыбызда уят жок болуп жатат. Бул нерсе плагиат деп аталат. Ырдын авторлору уурдап алганы үчүн эл аралык сотко берип, көп суммадагы айып төлөтүп алышы толук мүмкүн. Мындай окуялар болуп келген. Чыныгы чыгармачыл адам мындай нерседен качат. Обон деген жүрөктөн чыгат. Эгер өздөрү обон жаза алышпаса, анда «баланчанын ыры» деп авторун жазып коюшпайбы. Анча-мынча окшоштук болушу мүмкүн, бирок 100 пайыз көчүрүп алуу бул бети жоктук деп эле ойлойм. «Ким билмек эле?» дешет, бирок бул нерсе бат эле билинип калат.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
21.08.2018. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары бир кундук ырчылар. Айла жок заман кандай болсо ырчылар да ошондой экен. Анан бир жооптору бар,жети эле нота бар,ошон учун обондор дал келип калат деп. Ушул ырчылар жети эмес бир нотаны билишпейт
21.08.2018. 09:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
17-08-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырчыларда идея тугонду!Азыр карап отурсан ырын чет элдикинен кочурсо,клип жалан озбектерден кочурулуп жатат!Зиёда азамат экен!Ырын кочурсо да автордук укукту талашпай,жон гана ийгилик каалаптыр.Изденгилечи озунор
21.08.2018. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+9
Ушул макаланы даярдаган инсанга рахмат,башкалар да уялышсын кичине
21.08.2018. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле опокшош экен. Башкалар да угуп салыштырганга ушул жакка ырларды кыстырып, же ссылка берип койсоңор болмок.
21.08.2018. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1202
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Короче бизде чыныгы ырчылар жок баары копия.
21.08.2018. 13:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-06-2018
Соӊку аракети:
17-09-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынын айтыш керек той ырчылары бул кочургондун баары. Тойго тыю салса корот элем эмне болушаарын .Ачка эле калышат. Себеби концерт берсе деле эл барбайт булардын концертине ырларын бир уксан тажайсын.
21.08.2018. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ayjan.Akyl, бир укандандан да фонограмма. Барибир живой голоско эч нерсе жетпейт. Калпеле ооз кывыратып коюп сахнада тура беришет. Акыркы жолу Омардын концертине 10 жыл мурун баргам ошол боюнча кыргыз ырчысынын концертин барган эмесмин. Себеби концерттери даже 50 сомго арзыбашын тушунгом.
Linkin. түзөттү 2018-08-21 14:34:41
22.08.2018. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayjan.Akyl, Туур айтасын, ырчыларды тойдо коро берип уже тошнит, Ошто ресторанга баратып уже билесин азыр Айгерим, Самара, Венера же Айпери баягыле ырдап чыгат деп. Анан калган ырчылар чыгышат фонограммаларына ооздорун кыймылдатып,тайрандап кетип калышат. Мурда концертке ошол ырчыларды коруш учун кызыгып барышат эле эл, азыр апта сайын, керек болсо кун алыс тойго барып эле коруп коюшат, концертке барып убара тартыштын кереги жок.Ырчылар эмес эле тойчулар
21.08.2018. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эл эмес почти бардык ырчылар чет олкодук ырчылардын обонун урдашат. Айперм менен Самарага соз жок оздору бир мээнет кылышпайт. ар экинчи ыры обону плагиат. Кээ бир ырчылар дуйнолук хит музыкаларды ырына чаптап алганда крышан кетип калат. Ушунчалык томонсунорбу кээ бир кыргыз ырчылары?
Linkin. түзөттү 2018-08-21 14:29:39
21.08.2018. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан 1 ай мурун Айгүл Чалова менен Жоодарбешимдин ырын фейсбукка бир журналист чыгарып, кызуу талкуу болгон эле...
21.08.2018. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
25-08-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Малика Динанын Айтчы себебин деген ырынын башталышы Дима Биландын Я просто люблю тебя деген ырынын обонуна окшош. Малика ырдын кайырмасын шаңдуу кылып кеткен...
22.08.2018. 00:54 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-09-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип ырдашып нанын таап жеп жатышат да...
22.08.2018. 03:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен аталган ырларды эми уктум.Супер инфого чыкпаса билбей деле калмак экенмин).Бир гана KG_Эльмураттын ырыны окшото албадым.А калгандары чын эле плагиат!:(
22.08.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-06-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгуль Чалованын ырын жактырып угуп журуп, бир куну теледен французча вариантын угуп тан калып калдым кочурмо экен деп. Беркилердин ырын уга элекмин

22.08.2018. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
0
Айперини эмнеге жазбадынар копчулук эле ырлары плагиат. Кайненелер деген ыры явно эле плагиат. Клиптери дагы.
22.08.2018. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-5
Ушуларды карап туруп. Чолпонай, Сарышка, Арсендерди молодецтер дейсин. Хотя бы ошолор адам укчу ырларды токтобой ырдашат. Калгандар лишь бы тойго барыштын айласы мн журушот. Итинен питине чейин, аял эркегине карабай Жар-жарчы болуп кетишти. Абройу 10ж ичинде копейка болот го. Илгери тойдо айылдын бекерчилери ырдачу.
22.08.2018. 17:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
26-05-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT, Ошолор накта плагиатчылар,мен коп ырларын уккам плагиат,анан бир да эсте калаарлык ырлары жок.
25.08.2018. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-1
Muzik,мен ырдаган форматыны айттым .Азыр кимдин эле ыры эсте каларлык экен. Жаштар,достор арасында угуучу ырларды айттым. Жигитин же девушкан мн олтуруп Жар Жарды же ай кызым ай кызымды укпасанар керек. Мен баардык ырлардын форматы тойский болуп,тойго ынгайлаштырып эле озгорулуп кеткенин айткам.
22.08.2018. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
Нурлан Насиптин мени унут деген ыры да плагиат го.
22.08.2018. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойлордо алып баруучулар менен жакшы тааныш болгон ырчылар оздору алып баруучуларга дайындашат экен баланча деген ырчы 5000 сомго 3 ыр ырдап берет чакырайынбы дедиртип.Жакында бир таанышыбыз той берди эле эки ырчы ошентип суранып ырдап кетишти.той берип жаткан таанышым уулунун тоюнда кубанычы батпай аябай тогулуп чачылды даааааа)))
23.08.2018. 08:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
23-08-2018 08:59
Жынысы:
Белгисиз
0
алынар еткени эле баягы байкуш ырчылар. омар каныкей мирбегинердин деле плагиат ырлары толтура
27.08.2018. 02:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Артистер Москва шаарындагы Казанский вокзалда жасалган фальшивый регистрациядан айырмалары жок болуп эле калыптыр!Уят эле андан коро башка эле жумуш менен алектенгиле ХХХ !!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-27 11:54:40
27.08.2018. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне азыркы ырчыларда (кээ бир) изденуу деген жокпу? Даяр бироонун эмгегине кол салып
, озумдук кылып пайдаланышат. Айланайым, жок дегенде авторун жазып койбойбу. Жоодар бешимге соз жок, аранжировкасынан бери окшош экен, уят деген жокпу!? Айгул Чалованын ырдап чыккан ыры соонун болуптур, аранжировкасын башкачараак кылса болбойт беле. (Биринчи укканда Динара Акулова деп ойлоптурмун.
27.08.2018. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру ырчылардын баары Кыргызстанда окшой ээ :-) Жаныбек Аттокуров деген пародист олтуро туурайт го сахнадан бир ырчыны -"Аранарда Бек Борбиев жокпу??? анда опозумун "Балдыз,балдыз" деген ырымды ырдап берейин"-деп :-) Ай ырчылар жок дегенде силер деле башында ошентип сурап анан ырдагыла да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: