Көргөн-билгенин бетке айтат. Назик үн менен да эмес, орой сүйлөйт. Бирок ажарлуу бийкеч. “Супердин” тандоосу боюнча “Сахна ажары-2009” наамынын жеңүүчүсү. Бул кептердин каарманы Айпери Кубик кызы менен эки саатка чукул маектештик.
КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Айпери, билишимче, Эл аралык университеттин 2-курсун аяктап жатасың, экзамендериңди тапшырып бүттүңбү?
– Беш экзамен, алты зачёт тапшырдым. Экзамендердин экөө “4”, үчөө “5” болду. “4” деген баанын аралашып кеткенине чыгармачылыгыма байланыштуу сабактарга көбүрөөк барбай калганым себеп болду. Айрымдар “сахналап жүрүп эле бул кандай бешке окуп калат, акча менен бүтүрдү” деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен жөн эле бирөөгө акчамды карматып койгум келбейт. Студенттер окуп, өз күчү менен зачёт алышы керекпи, мен алам. Андан сырткары Кыргызстандын тарыхынан мамлекеттик экзамен тапшырат элек, түштүктөгү кырдаалга жараша күзгө калтырылыптыр.
– Каникул учурунда эмне кыласың?
– Туруктуу бир жумушка кире албайм, анткени дипломум жок. Гастролдун дагы учуру эмес. Бакчадагы жер-жемишти сугарып, үйдө эле болот окшойм. Апамдын помидору жылына эрте бышат. Азыр кызарып калды. Негизи, биз кыштын камын эрте көрөбүз. Помидор бышса, кышкы салат деген жумуш менен алек болобуз. А андан мурун кичи мекеним Базар-Коргонго үй-бүлөбүз менен барып келели деп жатабыз. Ал жакта туугандарыбыз жашайт. Биздин айылда да көп үйлөр өрттөлүптүр. Андан чыгып алып, Ноокендеги таякелеримдин ал-акыбалын сурайбыз.
– Кореяга кандай барып келдиң?
– Бул менин алыскы чет өлкөгө биринчи чыгышым. Биринчи күнү кыргыздын, экинчи күнү корей элинин ашканасына кирдик. Кыскасы, көп улуттун тамак-ашы менен таанышып чыктык. Кореяда кыздар аябай аз экен. Ошондуктан жигиттер кыздарды укмуш баалашып, көчөдөн таанышканга батынышпаганын билдим.
– Кыздар баалуу экен деп калып калбаптырсың да...
– Ойноп-күлүп, шаарынын кооздугуна, элинин маданияттуулугуна суктанып жатып, беш күн кандай өтүп кеткенин сезбей калдым. Чынында, аябай калгым келди, бирок экзамендериме байланыштуу келе бердим. Кудай буюрса, азыр эмес, окуумду бүткөндөн кийин Кореяга барып иштеп келүү жөнүндө алдыма чоң максат койдум. Мен азыр эл аралык байланыш бөлүмүндө окуп жатпаймынбы. Буюрса, диплом алган соң корей эли менен иштешем деген кыялым көкүрөгүмө уюп калды. Корей эли аябай жакты. Тааныбаса деле көчөдөн жылуу мамиле кылышып, түртүп алса жанталашып кечирим сурап жатышты. Өзүм да 3-класстан бери корей кинолорун сүйүп көрөм. Кейиштүү жерлеринде отуруп алып буркурап ыйлайм. Кинолоруна таасирленип, Кореяга аябай баргым келчү. Ошол кыялым орундалды.
– Бир жолу Микаэль “бир машинаны сүзүп алдым, РИИБде отурам 500 доллар керек” деп сага телефон чалганда “таптым, азыр барып берем” дедиң, акча тапчу булагыңды билсек болобу?
– Тамаша кылып чалганын билген эмесмин. Ага чейин Мика экөөбүз саламдашып эле койчубуз, анан “акча керек” деп чалса “жок” деп айткандан уялдым. Тааныш байкелерге чалып акча сураган элем, алпарып берейин десем, “тамаша” дей салды. Микаэль менен ошол күнү жолуккам. Менин жардам берем дегениме жетине албады окшойт, бирөө ага тумар белек кылган экен, анысын мага берди. Ошол тумар азыр машинамда илинүү.
– Сени кримчөйрө менен байланышы бар дешет. Чындыгы канчалык?
– Спортчу агаларым, досторум көп. Ал эми кримчөйрөгө тиешем жок.
– Убагында “Акбар Сүйүнбаев менен жүрөт экен” деген сөз чыккан. Жакын экениңерди билсек деле “доспуз” деп келгенсиңер. Азыр чогуу да баспай калдыңар го...
– “Достор” тасмасына тартылган Акбарга окшогон кесиптештеримдин баары менден 8-9 жаш улуу. Башында ар бирине “байке” деп кайрылсам, “кесиптеш элесиң го, сен деп сүйлө” дешти. Акбарды ошондон тарта атынан чакыра баштагам. Гастролго чыкканда кесиптешиң сенин жакын адамың да, ошондо Акбар менен эле эмес, баары менен чогуу жүрчүмүн. Учурда Акбардын сүйгөнү бар. Августта үйлөнгөнү жатышат. Сүйлөшкөн кызын “аяшка эле де” дей берет. Бирок ал кыз менден улуу. Атынан айтуу ыңгайсыз болгондуктан, “жеңешка” деп кайрылам.
– Ильяз Абдыразаков да бир жолку интервьюсунда “Айпери менен сүйлөшүмүш болгом, анан жакпай калды” деген. Жакпай калганыңды билдиң беле?
– Интервью чыккандан кийин тамаша-чыны аралаш барып, катуу эле урушкам. “Сайкал экөө менен жүрүмүш болгом” деп Сайкал экөөбүздү “күндөш” кылып коюптур. Ал өзү ичинен бизди жактырып, жүрсөмбү деп ойлосо керек. Аны менен сүйлөшкөн эмесмин.
– Тамеки тартасыңбы?
– “Досуңду көрсөт, мен сенин кандай адам экениңди айтып берем” деп коёт го. Ошонун сыңары сиздин жаныңызда отурган курбум беш маал намаз окуйт. Тамеки, спирт ичимдиги сыяктуу терс көрүнүштөрдөн оолак. Мен дагы досторумдан таасирленип, эртең мененки багымдат намазын окууну ниет кылып жаттоодомун. Оюн-күлкүдөн, анда-санда ууртай койчу шараптан акырындан алыстап жатам. Ал эми тамекини тартып көргөн эмесмин.
– Алдамчыларга же гипноздорго кабылдың беле?
– 8-класста окуп жатканымда көкүрөктү кысып уктатмай мода болгон. Бир жолу кечке жуук мектептин аянтында футбол ойноп жүрүп, эс алганы көк чөпкө отура калдык. Бир классташ балам “мен уктатканды билем” десе, мен “кантип эле” деп ишенбей койдум. Анан мени дубалга тургузуп, колу менен көкүрөгүмдү кыса баштады. Бир маалда эле башым айланып, шалдырап кирдим. Көзүмдү ачсам, караңгы кирип калыптыр. Көрсө, жарым саат уктаптырмын. Ошондон кийин гипноздорго ишенип калгам.
– Жүрөгүңдө сүйүү барбы?
– Жигиттер менен таанышканда дароо эле байке же дос кылып алам. Байкелеримдин көбү мага “карындашым” деп кайрылышканы менен “Айпери, мен сага үйлөнөм” деп айтышат. Мен болсо, “Кудайдын буюрганы болот да, сиз алам десеңиз эле тийип калмак белем” деп коём. Алардын баары шоу-бизнестен алыс. Биринин мүнөзү жакса, экинчисинин мага болгон мамилеси жагат дегендей. “Сүйөм” деп көз жашын көрсөтүп койгон жигиттер бар. Жүрөгүм каалабай жатса, анан кантип алардын сезимине жооп берем. Кээде отуруп, ошолордун убалына калган жокмунбу деп ойлоном. Мага алоолонгон сүйүү келе элек. Ишенесизби, ушунчалык бул сезимдин даамын таткым келет. Сүйүүмө издөө салам деп койбоюнбу.
– “Сени алам” деген байкелериң чындап эле ала качып кетсе отурасыңбы?
– Алар менен 4-5 жылдан бери таанышмын. Мүнөзүмдү жакшы билишет. Өзүмдүн айтканымды бербеген өжөр, анан орой кызмын. Бирок бул мүнөзүм өзүмө жагат. Ошондуктан байкелерим ала качканга барышпайт деп ойлойм.
– Ата-энең орой мамилеңди байкап калганда “кой, кызым, андай болбо, мындай бол” деп тыйып турушабы?
– Апам - эң жакын курбум. “Тигил жигит минтип айтты, бул мындай СМС жибериптир” деп айта берем. Мени атам тыят. Бир жолу “машинаңды туура эмес токтоттуң” деп МАИ кызматкери айдоочулук күбөлүгүмдү алып койду. Үйгө тултуңдап кирип, бийик үн менен “ата, күбөлүгүмдү алып койду” деп кыйкырдым. Атам: “Кызым, эмне дейсиң? Кыз киши, ата, ушундай болуп калды деп ыйламсырап келиш керек эле го. Сенин бул кылыгыңды кандай түшүнсө болот?!”- деди.
Кийим тандаганда да кепка, шым, бутса алып жатсам, атам “кыз өңдөнүп көйнөк, бийик такалуу бут кийим ал” деп туруп алат.
– Сени ата-энесин укпайт дешет го...
– Ким айтты? Кудай сактасын, андай эмес. Алар болбосо мен азыр ушул жерде отурбайт элем го. Кээде чын эле ойлорубуз дал келбей калат. Бирок баары бир мен аларга жеңилип берем. Апам мага “ушуну кылып койсоң болот эле го” деп көп таарынат. Апамды эркелетип жатып, тултуңдаганын тез эле жазып алам. Кээде менин дагы атама тултуңдап калмайым бар. Анда атам “о, кызым, эмне сүйлөбөй калдың” деп күлдүрүп таарынычымды жазып коёт. Таң эрте оңой менен төшөктөн турбайм. Апам “Айпери, тур!” деп биякка басат, тиякка басат. Турбай коём. Атам комузун колго алып, өзүнүн “эртең менен эрте тур, ата-энеңе каяша айтпа” деген сыяктуу саптары бар насаат ырын ырдай баштайт. Анан уйкум ачылып короону шыпырып, чарпаяга чай даярдап кирем.
– Чыгармачылыгыңда эмне жаңылык?
– «Кечки Бишкек» жана «Кимдир бирөө» деген эки ырым дапдаяр, бирок радиолорго бере элекмин. «Кечки Бишкекке» клип тартканы жатсам апрель окуясы болуп, Бишкектин борбордук бөлүгү талкаланып калды.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg