«Жайкы Азия оюндары-2018». СПОРТЧУЛАРДАН ҮМҮТ ЧОҢ...

ХVIII Жайкы Азия оюндары 18-август күнү Индонезиянын борбору Жакарта шаарында старт алмакчы. Азиада спорт ааламындагы олимпиадалык оюндардан кийинки эле ири саамалык. Кыргызстандын курама командасынын делегациясына 202 адам кирген. Алардын 149у спортчулар болсо, калганы машыктыруучулар менен калыстар.



ПРЕЗИДЕНТТИН КОЛДООСУ ЖАНА ИШЕНИЧИ...

7-августта «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда спортчуларды салтанаттуу узатуу иш-чарасы өттү. Анда өлкө башчы өз сөзүндө спортчуларга ийгилик каалап, алардын жеңиш менен келе турганына ишеним артты. «Силер Азия оюндарына намыс талашканы баратасыңар. Азия континентинде миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке катышууга жолдомо алуу – бул өзү чоң жетишкендик. Өлкө намысын коргоп, беттешке чыгуу ар бириңер үчүн өзгөчө сыймык жана чоң жоопкерчилик. Өлкө желегин желбиретип, байгелүү орундарга ээ болсоңор Кыргыз мамлекетинин жеңиши болот»,- деди президент.

АЗИЯ ОЮНДАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫНДА КЫРГЫЗ ТУУСУН ОҢОЛБЕК КАНЫБЕК УУЛУ КӨТӨРҮП ЧЫГАТ

Азия оюндарынын ачылышында Кыргыз туусун волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгат. Каныбек уулу тууну 7-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн салтанаттуу узаттуу иш-чарасында өз колуна алган. Алгач президент Сооронбай Жээнбеков тууну Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Каныбек Жолчубековго өткөрүп берген. Өз кезегинде Жолчубеков волейбол боюнча курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулуна тапшырды.

ФУТБОЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗ ОЛИМПИАДАЛЫК КУРАМА КОМАНДАСЫ

7-август күнү футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Жайкы Азия оюндарына катышуу үчүн Индонезиянын Жакарта шаарына жөнөп кетти. Футбол боюнча мелдеште 25 курама команда 6 тайпага бөлүнгөн. Игорь Кудренко баштаган Кыргыз курамасы «Е» тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия жана Бахрейн курама командалары менен кез келет. Тайпадан 1-2 орун алган командалар жана 3-орун алгандардын ичинен мыкты көрсөткүчтөрү бар 4 команда плей-оффтук баскычка жолдомо алат.

Футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 футболчу кирди. Анда 23 жаштан жогорулар Калысбек Акималиев, Темирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу бар.

БАЛБАНДАРДАН АЛТЫН БАЙГЕНИ ҮМҮТ КЫЛАБЫЗ

Улуттук курамдын капитаны, «Гуанчжоу-2010» Азия оюндарында күмүш байгени тагынган Каныбек Жолчубековдон үмүт чоң. Өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган балбаныбызга бул ирет алтын байге буйруйт деп тилек кылабыз. Мындан тышкары грек-рим күрөшү боюнча Мурат Рамонов, Амантур Исмаилов, Самат Шырдаков, Узур Жузупбеков жана Акжол Махмудов килем үстүнө чыгышат.

Эркин күрөш боюнча 4 балбан ат салышат: Алибек Ташматов, Алибек Осмонов, Магомед Мусаев жана Муслим Евлоев. Ошондой эле кыздар арасында эркин күрөштө белгилүү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова ийгилик жаратат деген ишенич бар. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда өткөн жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталган Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы дагы татыктуу беттештерди көргөзөрүнөн шегибиз жок.

ЕВГЕНИЙ ВАККЕРДИН КЕЗЕКТЕГИ АРАКЕТИ...

Кыргыз элинин атактуу веложарышчысы Евгений Ваккер өзүнүн карьерасындагы кезектеги жетинчи Азия оюндарына катышат. Спортчунун машыктыруучусу Эркен Акрамовдун айтымында, Евгений Ваккер 43 чакырымдык жекелик жарышка жана 145 чакырымдык жалпы жарышка түшөт.

Эске сала кетсек, Евгений Ваккер Азия чемпиондугунун 4 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалынын ээси, Азия оюндарынын 6 жолку медалчысы, трек боюнча Азия кубогунун ээси жана Олимпиада оюндарынын 3 жолку катышуучусу. «Аракет кылсаң – берекет» дегендей, мүмкүн, бул жылы ийгилик биздин спортчубузга жылмайып, алтын байге тагынып калар.

ОЛИМПИАДАЛЫК ЭМЕС СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

Кыргыз спортчулары самбо, ушу саньшоу, жиу-житсу, пенчак силат, өзбек күрөшү сыяктуу олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн дагы күч сынашышат. Жиу-житсу боюнча мелдеште 10 спортчубуз катышат. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Жиу-житсу федерациясынын президенти, Азия жана Европа чемпиону Абдрахманхажи Муртазалиев, бир нече беделдүү эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Ариет Бекишов, Муртазали Муртазалиев жана Руслан Сагдеев бар. Ошондой эле ушу саньшоу мелдешинде өлкө намысын кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков коргойт.

ИЗЗАТ АРТЫКОВ ЧОҢ СПОРТКО КАЙТЫП КЕЛДИ

Оор атлетика боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Алардын арасында өлкөбүздүн атактуу оор атлетчиси Иззат Артыков бар. Белгилүү спортчубуз Бразилияда өткөн «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасында коло медаль жеңип алган. Бирок 8 күн өткөн соң ал допинг колдонгон деп айыпталып, байгесинен ажыраган. Эл аралык олимпиадалык комитет Иззат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алган. Натыйжада Спорттук арбитраждык соттун чечими менен Иззат эл аралык турнирлерден 2 жылга четтетилген. Эми арадан 2 жыл өтүп, Иззат өз ысымын кыргыз спортунун тарыхына кайрадан жазууга аракетин жасап көрмөкчү.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ОЮНДАРЫНЫН ТАРЫХЫНДА...

Азия оюндары 1951-жылдан бери 4 жылда бир өткөрүлүп келе жатат. Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы алгач 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында орун алган Азия оюндарында катышкан. 24 жыл ичинде кыргыз спортчулары жалпысынан 46 медаль алууга жетишкен. Төмөндө кыргыз спортчуларынын Азия оюндарынын тарыхында көргөзгөн көрсөткүчтөрү берилди:

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-08-21 10:28:30
Изат эмне болду экен? Алтын медаль кутом Изаттан
0
elhan123
2018-08-22 17:07:17
Балбандар азамат, Акжолдон алтын кутобуз буйруса
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан