“КУМТӨРДҮН” ЭКИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ОТЧЁТУ

"Centerra Gold Inc." жана “КумтөрГолдКомпани” 2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыгын жарыялады. “КумтөрГолдКомпани” 6 айда 184 миң 23 унция же 5 тонна 723,76 килограмм алтын өндүрүп, 3 миллиард 65 миллион сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

"Кумтөрдө" алтын өндүрүү көлөмү 2018-жылдын II чейрегинде 83 миң 803 унцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сан 138 миң 623 унцияны түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө чейрек ичинде фабрикада 2017-жылы иштетилген, 17-жумушчу участокто казып алынган кампадагы рудага салыштырмалуу алтындын курамы жана бөлүп алуу коэффициенти жардыраак болгон Сары-Төр карьеринен кампалык руданы фабрикалык кайра иштетүү жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы. 2018-жылдын II чейрегинде фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы 70,3 пайыз бөлүп алуу коэффициентинде 2,27 г/т түздү, 2017-жылдын ушул чейрегинде көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,53 г/т жана 79,3 пайызды түзгөн.

2018-жылдын II чейрегинде 90 миң 620 унция же 2 тонна 820 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын II чейрегинде 117 миллион 300 миң долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗЫНАСЫНА ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2018-жылдын II чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, социалдык фондго которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1 миллиард 690 миллион сомдон ашты.



Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Компаниянын президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Пери II чейректин жыйынтыктары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: "Work SafeHome Safe” программасы бүт жамаатты камтып, дагы бир чейректи өнөр жай объектилер жана курулуш аянттарда жаракатсыз аяктадык. Биз программанын экинчи этабын ишке ашырууну улантып, иш орунунда травматизмди нөлгө түшүрүүгө жетишүүгө умтулабыз".

"Кумтөрдөгү" катмар боюнча минералдашуу тармагындагы потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында Директорлор кеңеши чейрек ичинде жалпы көлөмү 60 миң чарчы метр болгон бургулоо иштеринин 2 жылдык программасын бекитти. Бул иштерди жүргүзүү орду болуп карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр участоктору, ошондой эле түндүк-чыгыш максаттуу аймагы аныкталды. Көрсөтүлгөн программа үчүн иштерди финансылоого жылдар боюнча төмөнкүдөй: 2018-жылы 6 миллион 500 миң доллар жана 2019-жылы 11 миллион 500 миң доллар бөлүштүрүү менен жалпы көлөмдө 18 миллион доллар бөлүнгөн.

"КУМТӨР" ТУУРАЛУУ:

"Кумтөр" кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 11 миллион 700 миң унция же 363 тонна 400 килограмм алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» 2 негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100 пайызга ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу 77 миллион 401 миң 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жылдын 13-августуна карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 349 миллион доллардан ашты.


“Центерра” жөнүндө кошумча маалыматтарды жана пресс-релиздерди толугу менен SEDAR www.sedar.com системасынан,

www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарынан биле аласыздар. media@kumtor.com: facebook:@kumtorgold, twetter:@KumtorKG, YouTube:Kumtor Gold

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан