ТОМСОРГОН ЧЫМЧЫКТАР...

– Мен акылдуу эмесмин! Ар кимге жашоону үйрөтө турган даанышман да эмесмин. Бирөөнүн турмушуна мурдумду тыгып кайсаңдагандардан да эмесмин. Болгону мен энемин! Интернеттен “баланча жаштагы наристени түкүнчө жаштагы абышка кармалаптыр, “шымыңды чеч” дептир, кордоптур, өгөй ата уруптур, өз энеси уруп өлтүрүптүр, ажатканага таштаптыр” деген нерселерди укканда...

Наристелерге болгон зомбулук Кудайдын куттуу күнү социалдык тармактарда жайнайт. Эки кулагыңды жаап, көзүңдү жумуп отуруп алсаң деле болбой көзгө урунат. Көз алдымда кордолгон балдардын түрү, абалы тартылат. Аттиң, ошол убакта, дал ошол ыплас иш кылынып жаткан учурда эмне деп ойлошту экен? Эмне болуп жатканын билип-билбей коркконунан дүйнөсү тар болуп, жүрөгү бүлкүлдөгөндүр, ээ? Апчып, мыткып, тытып жаткан күчкө каршы эч нерсе кыла албай, кайсы коңулга кирерин билбей тыгылгандыр байкуш. Ибрагимдер, Бекзаттар... Бирин зордуктап, экинчисин өз апасы уруп өлтүрүп, үчүнчүсүн өгөй ата мешке отургузуп...

Кордолгон периштелердин көп нерсеге акысы бар эле... Толук үй-бүлөдө өскөнгө, атасынын кубаттуу тизесин таяна отуруп конокко барганга, апасынын чачтарынан сылап алаканынан өөп мектепке же бакчага жөнөткөнүн көрүүгө акысы бар эле.

Жалтаңдап бирөөнүн көзүн карап, ким курсагын тойгузса, ошол жакка ыктап туруксуз болуп чоңойбошу керек эле. Өзүндөгү тазалык менен ата-энесин бакытка чулгап, чадыраңдап башка балдарга мактанганга акысы бар эле. Мына биз, чоң кишилер, аларды ошол акысынан ажыратып жатабыз. “Тиги-бу, кайын журт, отубуз күйүшпөдү” дейбиз да, үйлөнгөндөн ажырашканы бат болуп эки жакка карап жөнөп калат. Мындай чыкса эле бакыттын бекети күтүп тургандай жулунабыз. Ортодо колуңдан жулкуп туруп “сенин балаңдын эртеңки тагдыры кандай болот?” деп реалдуу кеңеш айтып койгон адам дээрлик болбойт. Тууган-урук, кайын-төркүн болуп эки тарап чамынмай, согушмай, эки тарап болуп ажырашмай. Кудай бетин салбасын. Мындайда амбициялар алдыга жылат. Оо, чоңдордун амбицияларынын жанында балдардын эртеңки тагдыры эмне болуп калыптыр? Оозунан ак көбүк агып кызынын же уулунун таламын талашкандар аз убакыттан кийин гана эмне болуп кеткенин билбей отуруп калышат. Ажырашуу азайса, балким, кордолгон наристелердин саны азаят беле дейм да...

“Ак кеме” тасмасындагы Нургазынын көзү бар го. Бакырайган көздөрүндө түшүнбөстүгү, нааразычылыгы бирдей билинген муңканган көз караш. Өткөндөгү өгөй атасы сабап салган эгиз кыздардын көздөрүнөн ошол нерсени көрдүм. Коом ызы-чуу болуп бир жарылды, анан унутуп койду. Унутуп койдук силерди... Силердей канчалар азап тартып жатышты экен, бир Кудайга маалым.

Акмак болдук! Аял эмес же эне эмес, ата эмес же эркек эмес, эки буттуу жаныбарга окшошуп калдык. Аял же эркек деп бөлгөндө да болбойт. Жалпыбыз! Жонуңда бала бар, ал Кудайдын аманаты. Тагдыр буюруп эне же ата болгондон кийин сен ошол жоопкерчиликти сез. Калган бүтүндөй дүйнө күтүп турсун, сен балаңды аман-эсен чоңойтуп ал. Орусиялап кетпе, кетсең да өзүңдөй ишене турган адамга таштап кет. Кордолгон наристелердин 90 пайызы атасы менен энеси ажырашып кеткендер. Балким, турмушунан ажыраган кыз-келиндер башка турмуш жаңыртпай коюшу керекпи? Же педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керекпи? Же ата ажырашып кетсе да балдарынан көзүн албай алардын тынчтыгын коргошу керекпи? Айтор, бир нерсе кылуу керек, айланайындар.

Албетте, турмуш бир кылка эмес. Тигинин, мунун, аркынын да айта келсе жүйөсү бар. Баарын түшүнсөң болот. Бирок бала буюм эмес. Каалаганда төрө, каалабасаң эшикке ыргыт деген болбойт.

Түйүлдүк сенин жүрөгүңдүн алдында бүткөнүнө эч кандай күнөөсү жок. Аны сен кааладың. Же эркек... “Мени төрө, жарык дүйнө көрсөт” деп бала бизге жалдырабайт. Сен балалуу болдуңбу, болду, өз жашооңду экинчи орунга кой. Биздин аялдардын эркексиз күнү өтпөчүдөй бир коркунучу бар. Кокус, атасы менен тагдырдын айтканынан улам эки башка жолго түшсөң, балаңды колунан жетелеп алып, экинчи күйөө издеп жүгүрбө, карыганда жалгыз калам деген ойдон коркпо. Татыктуусун тапсаң таптың, болбосо... Эркектер ажырашкандан кийин экинчи аял ала калса эле баары укмуш болуп кетчүдөй ойлошот. Биринчи балаңдын коопсуздугуна кам көр, ата бол, андан кийин деле жетишесиң.

Менин оюм натуура болушу да мүмкүн. Айрымдарга жакпашы да мүмкүн. Бирок бул ой. Бала эмес, ойдун да жаралууга акысы бар, замандаштар...

Анара

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Dilbaranurdinova
2018-08-21 10:08:37
Журогумдогу создорду жазыптырсыз!
+8
Guldoijan
2018-08-21 10:45:21
Оо кудай наристелерди сактай көр
+8
peri1212
2018-08-21 11:14:25
Туура жазылган ой
+6
ikitaidesu
2018-08-21 13:52:16
Жаныбарлар азыр адамдарга караганда көбүрөөк баласын жакшы карашат...
+7
Jakjakynas
2018-08-21 18:13:21
Ооба, кундо жаман кабарлар толтура. Балдар кор болуп баратат акыркы кундору. Адамдын олуму кобойуп, кырсык-кылмыш кундо жок дегенде уч-торт жолу угасын. Балким, акыр заман ушудур.
+6
Pamirlan
2018-08-21 23:16:20
Туура жазылыптыр, бала бул бакыт, наристелерди коргойлу
+3
AJT
2018-08-23 14:41:11
оо Алла ар бир балага бактылуу балалык бере кор.
+1
Shokoladka94
2018-08-23 16:39:57
Журокту эзген койгойду жазыптырсыз
+1
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан