Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ТЕРДӨӨ. ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

№824 август, 17 - 23-август, 2018-ж


Окумуштуулар адам баласы жашоосунда болжол менен 20 миң литрдей тер бөлүп чыгарарын айтышат. Тердин көбү жайдын аптабында чыкса керек. Денебизди нымдаштырып, жүзүбүздөн төмөн куюлуп жүдөтүп, ыңгайсыздык жараткан тердин пайдасы да бар. Ал тууралуу врач-дерматолог Жанара Байсеитова айтып берет.

ТЕР КАЙДАН ПАЙДА БОЛОТ?

Адамдын организминде болжол менен 2-4 миллионго чейин тер бездери жайгашкан. Тер дал ушул бездер аркылуу иштелип чыгат. Тер бездери алакан, таман, колтук жана маңдайда көп жайгашкандыктан, дененин бул бөлүктөрү көп тердейт.

Тердин эки түрү бар: экзокриндик – күн өтө ысыкта, кара жумуш жасаганда же спорт менен машыкканда бөлүнүп чыккан тер. Апокриндик тер – буга тер секрециясы жооп берет жана ар кандай жыт менен коштолот. Тердин курамы 98-99 пайыз суудан, калган бөлүгү калий жана натрий хлориди, мочевина кычкылынан жана башка татаал органикалык заттардан турат. Анын курамы, өлчөмү жана жыты ар бир кишиде ар түрдүүчө болот. Алсак, ачууланганда, стресс абалда жүргөн адамдын теринин жыты жагымсыз болот. Дагы бир кызыктуу факт, эркектер аялдарга караганда көп тердешет жана жыты башкача болот. Бул нерсе организмдеги микроорганизмдердин ар түрдүүлүгүнө жараша.

Адам ыңгайлуу шартта, тынч абалда турганда да организмден тер бууланып бөлүнүп турушу шарт. Болжол менен организм суткасына тердөө менен 500 миллилитр суу жоготот. Аба ырайы канчалык ысык болсо, ошончолук тер көп бөлүнүп чыгат. Андыктан күн сайын организмди суу менен толуктап туруу керек. Болбосо организм жабыркап, дем алуу, кан айлануу сыяктуу системдердин бузулушуна алып келет. Такай ысыкта жүргөндөр жана ага көнүп калгандар азыраак тердейт.

ТЕРДӨӨНҮН ОҢ ЖАКТАРЫ

  • Тердөө организмди өтө ысып кетүүдөн сактайт.
  • Тердөө организмдеги уулардын чыгышына жардамчы. Бул нерсе иммундук системди бекемдеп, уулар жаратуучу оорулардын алдын алат.
  • Тердөө 37 градустан жогорку температурада жашай албаган, теринин үстүнкү катмарындагы ар кандай вирустарды жана бактерияларды өлтүрөт.
  • Зат алмашууну активдештирет.

ТЕРДӨӨ КАЙСЫ УЧУРДА КҮЧӨЙТ?

  • Ысык жана ачуу тамак ичкенде
  • Суюктукту өлчөмдөн ашыкча ичкенде
  • Кара жумуш кылганда
  • Дене табы көтөрүлгөндө
  • Эмоционалдык абал, толкунданганда, кубанганда, ачууланганда, кыжырданганда
  • Нерв системинин функциялары бузулганда
  • Канда көмүртек кычкылы пайда болгондо
  • Кургак учук менен жабыркаганда
  • Витаминдердин жетишсиздигинен
  • Ашыкча салмак. Толук адамдар арык адамдарга салыштырмалуу жылуулукту көп чыгарышат. Анткени теринин алдындагы майдан улам тер көп бөлүнүп чыгат.
  • Канда кант өлчөмү азайса да терчилдик пайда болот. Мындай учурда тери муздап, жабышчаак болуп, чачтын түбүндө да жабышкаактык сезилет. Мындай учурда биринчи кезекте адамдын баш мээсине оор жүк түшөт.
  • Эндокринологиялык оорулар
  • Бөйрөктүн иштеши начарлаганда
  • Кош бойлуу кезде
  • Климакска кабылганда
  • Ашыкча тердөө оорудан кабар берет
Медицинада өтө эле ашыкча тердеген адамдарга гипергидроз деген диагноз коюлат. Ашыкча тердей берүүдөн улам тери оорулары да пайда болушу мүмкүн. Дене тердегенде бактериялар көбөйүп, бактериялардын бөлүп чыккан калдыктары жагымсыз жыт пайда кылат. Ошол эле убакта теринин коргоочу функциясы да бузулат.

ЭМНЕ ҮЧҮН АЙРЫМДАР ТЕРДЕШПЕЙТ?
Тердөө нормалдуу физиологиялык процесс болгондуктан адам сөзсүз түрдө тердеши керек. Тердин аз чыгуусу гормоналдык, кан тамырлардын ишинин жана зат алмашуунун бузулушунан улам же организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша болот. Тердин аз чыгышынан адам өзүн жаман сезет, чарчаңкы абалда болот, кыжырданат, уйкусун жана эс-тутумун жоготот. Ошондой эле тердебеген адам дерматоз, ихтиоз, чакалай, безгек ооруларына көп чалдыгат.

АШЫКЧА ТЕРДӨӨДӨН АРЫЛУУ ЖОЛДОРУ
  • Денени таза кармоо, тез-тезден жуунуп туруу, жылуу ванна кабыл алуу.
  • Ар түрдүү гигиеналык каражаттарды (дезодорант, антиперспирант, спрей, гель) колдонуу.
  • Чөп (шалфей, ромашка, череда) дарыларын, тундурмаларын ичүү, тундурмалары, кайнатмалары менен жуунуу.
  • Ботокс сайдыруу. Мунун таасири 6 айга чейин жетет.
  • Колтуктун алдындагы тер бездерди операция жолу менен алдыруу. Бул ыкма көбүнчө колтук астына жасалат. Жыйынтыгы жакшы болгону менен, тырык калат.

Дары-дармектер менен дарылоо (камфор спирти, салицил пастасы жана башкалар). Дарылоо дарыгердин кеңеши менен жүргүзүлүүсү шарт.

Ашыкча тердөө ар түрдүү олуттуу оорулардан улам болуп жатса, ооруну дарылоо шарт.

АЗ ТЕРДЕЙИН ДЕСЕҢИЗ…

  • Алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз.
  • Кофе жана коюу чай ичүүнү азайтыңыз.
  • Химиялык кошулмалары көп тамактарды жебеңиз.
  • Стресс болбогонго аракет кылыңыз.

Дамира Арстанова
kеnesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
21.08.2018. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
+2
пайдалуу кенеш рахмат
21.08.2018. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:47
Жынысы:
Белгисиз
+6
сураныч супер. колтук алдынына кам коруу боюнча атайын дарыгерлерден кенеш алыныздарчы. антипесперанттын таасири, эмне учун тук терген сон тери кызарып чон безеткилер чыгат жана тукторду азайтуу ж.б. суроолор боючна. алдын ала рахмат.
22.08.2018. 01:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 02:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Бишкек
0
Linkin.,
Ушул сунушка мен да кошулат элем
23.08.2018. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен такыр тердебеген адамдардын катарына кирет экенмин
27.08.2018. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
14-02-2017
Соӊку аракети:
27-08-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Linkin. мен да кошулам süper ошол темада жазыныздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: